Кыргызстанда президенттикке талапкерлигин көрсөтүү мөөнөтү аяктады. Тизме

© Sputnik / Эркин Садыков
Жазылуу
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда президенттик кызматка талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады. Борбордук шайлоо комиссиясына 11 киши арыз тапшырды.
Арыз бергендердин тизмеси:
Арыз бергендердин тизмеси:
Аймен Касенов — Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын мурдагы мүчөсү;
Азамат Эсенбеков — Москва районунун мурдагы акими;
Сыймык Жапыкеев — Финансы полициясынын мурдагы башчысы;
Акай Кыдыров — ишкер, логистикалык компаниянын жетекчиси;
Исхак Масалиев — Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
Садыр Жапаров — учурдагы президент;
Бактыбек Калмаматов — Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
Бакытбек Адылов — Миграция мамлекеттик кызматынын мурдагы төрагасы;
Амур Айба Медер — "Бойл" ЖЧКсынын жетекчиси;
Мамбетжунус Абылов — БШКнын жана ӨКМдин мурдагы башчысы;
Клара Сооронкулова — Конституциялык палатанын мурдагы судьясы.
Мындан кийин БШК тарабынан талапкерлерди расмий каттоо иштери башталмакчы.
