"Жакшылык миссиясы": россиялык дарыгерлер Ошто эки операцияны ийгиликтүү жасашты
"Жакшылык миссиясы": россиялык дарыгерлер Ошто эки операцияны ийгиликтүү жасашты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Россиялык дарыгерлер "Жакшылык миссиясы" эл аралык ыктыярчылар программасынын алкагында Ош шаардык клиникалык ооруканасында эки... 13.11.2026, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Россиялык дарыгерлер "Жакшылык миссиясы" эл аралык ыктыярчылар программасынын алкагында Ош шаардык клиникалык ооруканасында эки операция жасашты.12-ноябрда Ош шаарына "РЖД-Медицина" тармагынын адистери келип, бейтаптарга консультация берип, жергиликтүү кесиптештери менен тажрыйба алмашууга киришти.Новосибирскиден келген уролог Константин Нотов кыргызстандык дарыгерлер менен биргеликте простата безинин аденомасын жана заара чыгаруу жолдорундагы ташты алуу боюнча эки операцияны ийгиликтүү өткөрдү.Россиялык делегациянын курамында топтун жетекчиси Юлия Балакина жана травматолог-ортопед Денис Згирский да бар. Адистер лекцияларды окуп, жергиликтүү дарыгерлерге кеп-кеңештерин беришүүдө."Жакшылык миссиясы" программасы 9-ноябрдан 14-ноябрга чейин Бишкек жана Ош шаарларында өтүүдө. Ага алты россиялык дарыгер катышып, мастер-класстарды өткөрүп, кыргызстандык кесиптештери менен тажрыйба бөлүшүп, калкка медициналык жардам көрсөтүп жатышат.Бул -- россиялык ыктыярчылардын Кыргызстанга онунчу сапары.
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Россиялык дарыгерлер "Жакшылык миссиясы" эл аралык ыктыярчылар программасынын алкагында Ош шаардык клиникалык ооруканасында эки операция жасашты.
12-ноябрда Ош шаарына "РЖД-Медицина" тармагынын адистери келип, бейтаптарга консультация берип, жергиликтүү кесиптештери менен тажрыйба алмашууга киришти.
"Жакшылык миссиясы": россиялык дарыгерлер Ошто эки операцияны ийгиликтүү жасашты
Новосибирскиден келген уролог Константин Нотов кыргызстандык дарыгерлер менен биргеликте простата безинин аденомасын жана заара чыгаруу жолдорундагы ташты алуу боюнча эки операцияны ийгиликтүү өткөрдү.
Россиялык делегациянын курамында топтун жетекчиси Юлия Балакина жана травматолог-ортопед Денис Згирский да бар. Адистер лекцияларды окуп, жергиликтүү дарыгерлерге кеп-кеңештерин беришүүдө.
"Жакшылык миссиясы" программасы 9-ноябрдан 14-ноябрга чейин Бишкек жана Ош шаарларында өтүүдө. Ага алты россиялык дарыгер катышып, мастер-класстарды өткөрүп, кыргызстандык кесиптештери менен тажрыйба бөлүшүп, калкка медициналык жардам көрсөтүп жатышат.
Бул -- россиялык ыктыярчылардын Кыргызстанга онунчу сапары.