https://sputnik.kg/20261112/yeb-bir-katar-mucholorun-ukrainanyn-nasyyasynan-boshotushu-yktymal-1104850032.html
ЕБ бир катар мүчө өлкөлөрдү Украинанын жаңы насыясын төлөөдөн бошотушу ыктымал
ЕБ бир катар мүчө өлкөлөрдү Украинанын жаңы насыясын төлөөдөн бошотушу ыктымал
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Европа биримдиги Украинага бериле турган 45 миллиард евро өлчөмүндөгү жаңы насыяга кошулууну каалабаган өлкөлөргө ага катышпоого... 12.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-12T09:43+0600
2026-11-12T09:43+0600
2026-11-12T09:47+0600
дүйнөдө
украина
европа
германия
евробиримдик
жардам
акча
саммит
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/1c/1097450711_0:320:3072:2048_1920x0_80_0_0_70f79eba3b437d2effcb8f619ae78424.jpg
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Европа биримдиги Украинага бериле турган 45 миллиард евро өлчөмүндөгү жаңы насыяга кошулууну каалабаган өлкөлөргө ага катышпоого уруксат бериши мүмкүн. Бул тууралуу европалык дипломатиялык маалымат булагы "Известия" гезитине айтып берген. Ал ЕБ лидерлери Украинаны келерки жылы каржылоо маселесин 12–13-ноябрда талкуулайт. Бул күндөрү Дублинде саммит жана ЕБнин бейформал саммити өтүп, ага 50 европалык лидер катышмакчы. Анын айтымында, Болгария, Венгрия, Словакия жана Чехия Украинага берилүүчү бул жаңы төлөмдөн бошотулушу мүмкүн. Мындан тышкары, Европарламенттеги Украина — ЕБ парламенттик кызматташтык комитетинин башчысы Пекка Товери "Известияга" берген интервьюсунда насыяны бекитүү үчүн Евробиримдикке мүчө 27 өлкөнүн тегиз колдоосу талап кылынбасын билдирди. Анын айтымында, бул маселеде эң башкысы — насыяга эч ким вето койбошу керек. 2025-жылдын аягында ЕБ өлкөлөрү биргелешип карыз алып, аны Украинага 2026–2027-жылдарга 90 миллиард евро өлчөмүндө насыя кылып берүүнү макулдашкан. Аны каржылоого катышуудан Чехия, Венгрия жана Словакия баш тарткан болчу. Дүйшөмбү күнү Financial Times басылмасы Германиянын канцлери Фридрих Мерцтин Европа кеңешинин төрагасы Антониу Коштага жолдогон катына таянып маалымат чыгарды. Анда эгер ЕБге бардык мүчө өлкөлөр Украинаны каржы жагынан колдойм деген милдеттенме албаса, канцлер ЕБнин 2028–2034-жылдарга карата жаңы бюджетине бөгөт коюу менен коркутуп жатканын жазып чыкты.
https://sputnik.kg/20260824/zelenskiy-eb-nasyya-boluu-surady--1103162580.html
украина
европа
германия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/1c/1097450711_154:0:2885:2048_1920x0_80_0_0_545834b8ec8d0d57dfe72f68a2b0a9f2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, украина, европа, германия, евробиримдик, жардам, акча, саммит
дүйнөдө, украина, европа, германия, евробиримдик, жардам, акча, саммит
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Европа биримдиги Украинага бериле турган 45 миллиард евро өлчөмүндөгү жаңы насыяга кошулууну каалабаган өлкөлөргө ага катышпоого уруксат бериши мүмкүн. Бул тууралуу европалык дипломатиялык маалымат булагы
"Известия" гезитине айтып берген.
Ал ЕБ лидерлери Украинаны келерки жылы каржылоо маселесин 12–13-ноябрда талкуулайт. Бул күндөрү Дублинде саммит жана ЕБнин бейформал саммити өтүп, ага 50 европалык лидер катышмакчы.
"Эгер насыя боюнча бирдиктүү пикирге келе албай калышса, талкуу 26–27-ноябрда өтө турган кийинки саммитте уланат. Анда каршы болгон өлкөлөргө жаңы кредитке катышпоого уруксат берилиши толук ыктымал", — деген маалымат берген адам.
Анын айтымында, Болгария, Венгрия, Словакия жана Чехия Украинага берилүүчү бул жаңы төлөмдөн бошотулушу мүмкүн.
Мындан тышкары, Европарламенттеги Украина — ЕБ парламенттик кызматташтык комитетинин башчысы Пекка Товери "Известияга" берген интервьюсунда насыяны бекитүү үчүн Евробиримдикке мүчө 27 өлкөнүн тегиз колдоосу талап кылынбасын билдирди. Анын айтымында, бул маселеде эң башкысы — насыяга эч ким вето койбошу керек.
2025-жылдын аягында ЕБ өлкөлөрү биргелешип карыз алып, аны Украинага 2026–2027-жылдарга 90 миллиард евро өлчөмүндө насыя кылып берүүнү макулдашкан. Аны каржылоого катышуудан Чехия, Венгрия жана Словакия баш тарткан болчу.
Дүйшөмбү күнү Financial Times басылмасы Германиянын канцлери Фридрих Мерцтин Европа кеңешинин төрагасы Антониу Коштага жолдогон катына таянып маалымат чыгарды. Анда эгер ЕБге бардык мүчө өлкөлөр Украинаны каржы жагынан колдойм деген милдеттенме албаса, канцлер ЕБнин 2028–2034-жылдарга карата жаңы бюджетине бөгөт коюу менен коркутуп жатканын жазып чыкты.