https://sputnik.kg/20261112/xx-kylymdyn-myktysy-tu-95-uchagy-1104859406.html
XX кылымдын эң көрүнүктүү жана мыкты Ту-95 аба кемеси. Видео
XX кылымдын эң көрүнүктүү жана мыкты Ту-95 аба кемеси. Видео
Sputnik Кыргызстан
Легендалуу бул учактын башаты Экинчи дүйнөлүк согуштун соңуна туура келет. Ошондон бери жаңыртылып отуруп, түрү элүүгө чукулдады. 12.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-12T21:15+0600
2026-11-12T21:15+0600
2026-11-12T21:15+0600
ссср
техника
ту-95
авиация
бомбалоо
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/0c/1104858962_0:113:400:338_1920x0_80_0_0_aa420b5d62dfe2324303cade316bbbe3.jpg
...1952-жылы 12-ноябрда советтик стратегиялык легендалуу Ту-95 бомбалоочу учак асманга көтөрүлөт. Легендалуу бул учактын башаты Экинчи дүйнөлүк согуштун соңуна туура келет. Акырындык менен жаңы чатактын, Гитлерге каршы турган мурдагы союздаштар менен кандуу согуштун босогодо турганы түшүнүктүү боло баштаган. АКШ тарабынан болгон кооптуулуктарга СССРдин жооп кайтаруу зарылдыгы жаралды. Ошол "жооп" америкалыктарга учуп жетип, дүрмөттү жеткирип, соккусун уруп жана эсен-соо кайтып келиши керек эле. ...1961-жылы 30-октябрда ракета ташыган стратегиялык Ту-95 кубаттуулугу арттырылган конструкция менен 50 мегатонналуу суутек бомбасын Жаңы Жер аралдарына таштаган. От шар төрт чакырымдык радиуска чейин жетип, кабатталган чаңдуу булут 67 чакырым бийикке көтөрүлгөн. Сейсмикалык толкун Жерди үч жолу айланып өткөн. Кесепети ушунчалык оор болгондуктан сыноону токтотууну чечишкен. 1956-жылы күжүрмөн нөөмөткө алынса да Ту-95 биринчи жолу согуштук кырдаалда 2015-жылы гана Сирияда колдонулган. Азыр бул бомбалагыч Х-101 ракеталары менен атайын операцияга катышып жатат. Ту-95 "өзөктүк бомба" ташыгыч кызматынан беш чарчы чакырым аралыкка даана тие турган өтө так куралды алып жүргөн техникага айланды. Ту-95 XX кылымдын эң көрүнүктүү жана мыкты жасалган машиналарынын бири болуп калды. Улам моделдештирилип отуруп, түрү элүүгө чукулдады. Алар: ракета ташыгычтар, чалгындаган учактар, суу алдындагы атомдук кемелерден коргой тургандар, ал тургай атомдук реактору бар лабораториялар болду. Ту-95 2040-жылга чейин кызмат кылат деп пландалган моделинен улам аны Куралдуу күчтөрдүн катарында дээрлик 100 жыл, бир кылымга чукул, кызмат кылат деген тыянак чыгарсак болот.
ссср
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/0c/1104858962_0:76:400:376_1920x0_80_0_0_7399982133920aeefd4a456cee566c15.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
ссср, техника, ту-95, авиация, бомбалоо, видео
ссср, техника, ту-95, авиация, бомбалоо, видео
XX кылымдын эң көрүнүктүү жана мыкты Ту-95 аба кемеси. Видео
Легендалуу бул учактын башаты Экинчи дүйнөлүк согуштун соңуна туура келет. Ошондон бери жаңыртылып отуруп, түрү элүүгө чукулдады.
...1952-жылы 12-ноябрда советтик стратегиялык легендалуу Ту-95 бомбалоочу учак асманга көтөрүлөт. Легендалуу бул учактын башаты Экинчи дүйнөлүк согуштун соңуна туура келет. Акырындык менен жаңы чатактын, Гитлерге каршы турган мурдагы союздаштар менен кандуу согуштун босогодо турганы түшүнүктүү боло баштаган. АКШ тарабынан болгон кооптуулуктарга СССРдин жооп кайтаруу зарылдыгы жаралды. Ошол "жооп" америкалыктарга учуп жетип, дүрмөттү жеткирип, соккусун уруп жана эсен-соо кайтып келиши керек эле.
...1961-жылы 30-октябрда ракета ташыган стратегиялык Ту-95 кубаттуулугу арттырылган конструкция менен 50 мегатонналуу суутек бомбасын Жаңы Жер аралдарына таштаган. От шар төрт чакырымдык радиуска чейин жетип, кабатталган чаңдуу булут 67 чакырым бийикке көтөрүлгөн. Сейсмикалык толкун Жерди үч жолу айланып өткөн. Кесепети ушунчалык оор болгондуктан сыноону токтотууну чечишкен.
1956-жылы күжүрмөн нөөмөткө алынса да Ту-95 биринчи жолу согуштук кырдаалда 2015-жылы гана Сирияда колдонулган. Азыр бул бомбалагыч Х-101 ракеталары менен атайын операцияга катышып жатат. Ту-95 "өзөктүк бомба" ташыгыч кызматынан беш чарчы чакырым аралыкка даана тие турган өтө так куралды алып жүргөн техникага айланды.
Ту-95 XX кылымдын эң көрүнүктүү жана мыкты жасалган машиналарынын бири болуп калды. Улам моделдештирилип отуруп, түрү элүүгө чукулдады. Алар: ракета ташыгычтар, чалгындаган учактар, суу алдындагы атомдук кемелерден коргой тургандар, ал тургай атомдук реактору бар лабораториялар болду.
Ту-95 2040-жылга чейин кызмат кылат деп пландалган моделинен улам аны Куралдуу күчтөрдүн катарында дээрлик 100 жыл, бир кылымга чукул, кызмат кылат деген тыянак чыгарсак болот.