https://sputnik.kg/20261112/sooronkulova-talapkerligin-koydu-1104861083.html
Президенттик шайлоого катышуу үчүн биринчи аял талапкер катталды
Президенттик шайлоого катышуу үчүн биринчи аял талапкер катталды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова президенттикке талапкер болуу үчүн арыз менен кайрылды. Бул тууралуу... 12.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-12T18:12+0600
2026-11-12T18:12+0600
2026-11-12T18:12+0600
кыргызстан
президенттик шайлоо
бшк
шайлоо
талапкер
клара сооронкулова
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/0c/1104860716_0:316:3072:2044_1920x0_80_0_0_1e7b6c1f5452ba9d79217cd992311316.jpg
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова президенттикке талапкер болуу үчүн арыз менен кайрылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Сооронкулова бул шайлоого катышуу үчүн арыз берген алгачкы аял талапкер болду. Буга чейин президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, БШКга он киши арыз берген. 57 жаштагы саясатчы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин аяктаган. Юридика илимдеринин кандидаты. 1994–2011-жылдары КУУда окутуучу болуп иштеген. 2010–2011-жылдары БШКнын мүчөсү, 2011–2015-жылдары Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы болгон. Учурда "Укук мектеби" коомдук бирикмесин жетектейт. Ошондой эле "Реформа" саясий партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Эске салсак, Клара Сооронкулова 2021-жылы да президенттик шайлоого катышкан.
https://sputnik.kg/20261112/abylov-talapkerligin-koydu--1104855921.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/0c/1104860716_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_7a8772e3c0899dbebb4a3d8bcf457fd8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, президенттик шайлоо, бшк, шайлоо, талапкер, клара сооронкулова
кыргызстан, президенттик шайлоо, бшк, шайлоо, талапкер, клара сооронкулова
Президенттик шайлоого катышуу үчүн биринчи аял талапкер катталды
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова президенттикке талапкер болуу үчүн арыз менен кайрылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Сооронкулова бул шайлоого катышуу үчүн арыз берген алгачкы аял талапкер болду. Буга чейин президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, БШКга он киши арыз берген.
57 жаштагы саясатчы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин аяктаган. Юридика илимдеринин кандидаты.
1994–2011-жылдары КУУда окутуучу болуп иштеген. 2010–2011-жылдары БШКнын мүчөсү, 2011–2015-жылдары Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы болгон.
Учурда "Укук мектеби" коомдук бирикмесин жетектейт. Ошондой эле "Реформа" саясий партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири.
Эске салсак, Клара Сооронкулова 2021-жылы да президенттик шайлоого катышкан.