00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
2 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
5 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Амир турган жерин төрт жолу жөнөткөн". Агасы издөө иштерине байланыштуу суроо салды

© AP Photo / Armando Franca Телефон чалып жаткан киши
 Телефон чалып жаткан киши - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2026
Жазылуу
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Бишкектеги Ала-Арча жаратылыш паркында каза болгон 14 жаштагы Амир Кунакунов ӨКМге жардам сурап телефон чалып, 30 мүнөттүн ичинде төрт жолу турган жерин картадан жөнөткөн. Бул тууралуу өспүрүмдүн агасы Азим Кунакунов билдирди.
Анын айтымында, жакындары издөө иштери эмне себептен кеч башталганын, ошол күнү чечимдерди ким кабыл алганын жана куткаруучулардын аракеттерине ким жооп берерин билбей турушат. Үй-бүлөсүнүн маалыматына караганда, издөөгө алгачкы эки куткаруучу беш сааттан кийин гана жөнөтүлгөн.

"Амир өзү телефон чалып жардам сураган, координаттарын жөнөткөн жана аны куткарууга келишет деп күткөн. Ар бир саат өтө маанилүү болчу. Эмне үчүн ал координаттарын бергенден кийин дароо бардык зарыл күчтөр тартылган эмес? Ошол күнү кечинде чечимдерди ким кабыл алган?" — деп суроо салды агасы.

Азим Кунакунов келтирген маалымат боюнча, окуянын хронологиясы төмөнкүдөй:
7-ноябрь саат 19:02де ӨКМге Амирден жардам сураган чалуу түшкөн;
19:02ден 19:30га чейин өспүрүм байланышта болуп, төрт жолу геолокациясын жөнөткөн;
21:58де анын WhatsApp тиркемесиндеги акыркы активдүүлүгү катталган;
8-ноябрга караган түнү саат 00:00 чамасында — биринчи чалуудан беш сааттай өткөндөн кийин издөөгө эки куткаруучу жөнөтүлгөн;
үй-бүлөнүн маалыматы боюнча, куткаруучулар көрсөтүлгөн акыркы чекитке жеткен эмес. Алардын бири кошумча күч сурап келүү үчүн артка кайтып кеткен;
8-ноябрь таңкы саат 06:00 чамасында альпинисттер кошумча топ алып келүү үчүн түшүп келе жаткан ӨКМ кызматкерлеринин бирине жолуккан;
ошол эле күнү саат 18:00 чамасында ӨКМ кызматкерлери Амирдин апасына активдүү издөө иштери токтотулганын билдиришкен.
Агасынын айтымында, ыктыярчылар да издөөгө кошулуп, ӨКМден баланын геолокациясын жана буга чейин жүргүзүлгөн издөө иштери тууралуу маалыматтарды сурашкан. Бирок аларга керектүү маалымат берилген эмес. ӨКМ активдүү издөөнү токтоткондон кийин да ыктыярчылар өз алдынча издөө иштерин улантышкан.
Амирдин сөөгүн ыктыярчы Ильяр Бакаев тапкан. Анын айтымында, ал издөө кызматтарынан геомаалыматтарды 9-ноябрда саат 10:01де алган. Андан соң Электро чокусуна чыгып, саат 15:45те өспүрүмдүн сөөгүн тапкан.
Эске салсак, Амир Кунакунов 7-ноябрда Ала-Арча капчыгайында дайынсыз болуп, 112 кызматына чалып жардам сураган. Анын сөөгү 9-ноябрда табылган. Окуя боюнча Аскер прокуратурасы "Кызматтык шалаакылык" беренеси менен иш козгогон.
ПМЭФ-2022. Работа форума. День второй - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2026
Амирдин капилет өлүмү: ӨКМде бир нече жетекчи кызматтан алынды
Жаңылыктар түрмөгү
0