https://sputnik.kg/20261112/-kyrgyzstanda-energetikalyk-suusunduktarga-tyyuu-saluu-1104864630.html
Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарга толук тыюу салуу сунушталууда
Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарга толук тыюу салуу сунушталууда
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарды өлкөгө ташып келүүгө, өндүрүүгө жана сатууга толук тыюу салуу сунушталууда. Тиешелүү... 12.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-12T20:15+0600
2026-11-12T20:15+0600
2026-11-12T20:15+0600
кыргызстан
энергетикалык суусундуктар
тыюу салуу
ден соолук
мыйзам
https://sputnik.kg/img/07e7/07/0e/1077051280_0:1074:1724:2044_1920x0_80_0_0_ba9f0a36793468d860422a09a94065cd.jpg
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарды өлкөгө ташып келүүгө, өндүрүүгө жана сатууга толук тыюу салуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.Долбоорго ылайык, 2027-жылдын 1-январынан тартып республиканын аймагында кубаттандыруучу суусундуктарды импорттоого, өндүрүүгө, дүң жана чекене соода түйүндөрүндө, анын ичинде онлайн аркылуу сатууга жана ичүүгө тыюу салынат.Документте кадимки чай, кофе жана башка алкоголсуз суусундуктар бул чектөөгө кирбей турганы белгиленген. Ошондой эле өлкө аймагы аркылуу транзиттик ташууга уруксат берилет.Мыйзам долбоорунун авторлору бул чара калктын, биринчи кезекте балдардын жана өспүрүмдөрдүн ден соолугун коргоого, ошондой эле энергетикалык суусундуктарды ичүүдөн келип чыккан оорулардын алдын алууга багытталганын түшүндүрүштү. Эгер эреже бузулса, күнөөлүү тараптар Укук бузуулар кодексине ылайык жоопкерчилик тартып, мыйзамсыз табылган киреше мамлекеттик бюджетке чегерилет.
https://sputnik.kg/20261105/osmonov-energetikalyk-suusunduktarga-tyyuu-saluu-1104734497.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/07/0e/1077051280_0:873:1920:2313_1920x0_80_0_0_c030bb35e46aeadd7b2ca1c21e010ad6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, энергетикалык суусундуктар, тыюу салуу, ден соолук, мыйзам
кыргызстан, энергетикалык суусундуктар, тыюу салуу, ден соолук, мыйзам
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарды өлкөгө ташып келүүгө, өндүрүүгө жана сатууга толук тыюу салуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Долбоорго ылайык, 2027-жылдын 1-январынан тартып республиканын аймагында кубаттандыруучу суусундуктарды импорттоого, өндүрүүгө, дүң жана чекене соода түйүндөрүндө, анын ичинде онлайн аркылуу сатууга жана ичүүгө тыюу салынат.
Документте кадимки чай, кофе жана башка алкоголсуз суусундуктар бул чектөөгө кирбей турганы белгиленген. Ошондой эле өлкө аймагы аркылуу транзиттик ташууга уруксат берилет.
Мыйзам долбоорунун авторлору бул чара калктын, биринчи кезекте балдардын жана өспүрүмдөрдүн ден соолугун коргоого, ошондой эле энергетикалык суусундуктарды ичүүдөн келип чыккан оорулардын алдын алууга багытталганын түшүндүрүштү. Эгер эреже бузулса, күнөөлүү тараптар Укук бузуулар кодексине ылайык жоопкерчилик тартып, мыйзамсыз табылган киреше мамлекеттик бюджетке чегерилет.