https://sputnik.kg/20261111/zhaparov-erdoganga-konul-aytty--1104834463.html
Жапаров Измирдеги заводдогу жарылууга байланыштуу Эрдоганга көңүл айтты
Жапаров Измирдеги заводдогу жарылууга байланыштуу Эрдоганга көңүл айтты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров Түркиянын Измир провинциясындагы металлургиялык заводдо болгон жарылуудан адамдар каза болуп, жаракат... 11.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-11T15:22+0600
2026-11-11T15:22+0600
2026-11-11T15:23+0600
кыргызстан
түркия
садыр жапаров
измир
металлургия
завод
жарылуу
көңүл айтуу
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/0b/1104833223_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_0bc278bb27828b8634339707298c3865.jpg
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров Түркиянын Измир провинциясындагы металлургиялык заводдо болгон жарылуудан адамдар каза болуп, жаракат алганына байланыштуу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты. Бул тууралуу "Ынтымак ордодон" билдиришти. Мамлекет башчысы Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, жакындарына жана боордош түрк элине көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалады. Эске салсак, 9-ноябрда Измирдин Алиага районундагы HABAŞ металлургиялык заводунда жарылуу болуп, андан соң өрт чыккан. Каргашадан кеминде 17 жумушчу каза таап, 13 адам жаракат алган. Алдын ала маалымат боюнча, жарылуу заводдо буу казанын алмаштыруу учурунда көпүрөлүү кран кулап, металл эритүүчү мешке түшкөндүктөн келип чыккан. Учурда окуя боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.
https://sputnik.kg/20261029/sadyr-zhaparov-ispaniya-konul-ajtuu--1104596925.html
түркия
измир
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/0b/1104833223_131:0:2862:2048_1920x0_80_0_0_69190936d8271ff9781035ec3c6117b2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, түркия, садыр жапаров, измир, металлургия, завод, жарылуу, көңүл айтуу
кыргызстан, түркия, садыр жапаров, измир, металлургия, завод, жарылуу, көңүл айтуу
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров Түркиянын Измир провинциясындагы металлургиялык заводдо болгон жарылуудан адамдар каза болуп, жаракат алганына байланыштуу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты. Бул тууралуу "Ынтымак ордодон" билдиришти.
Мамлекет башчысы Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, жакындарына жана боордош түрк элине көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалады.
"Бул оор жоготууга байланыштуу маркумдардын жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөм", — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.
Эске салсак, 9-ноябрда Измирдин Алиага районундагы HABAŞ металлургиялык заводунда жарылуу болуп, андан соң өрт чыккан. Каргашадан кеминде 17 жумушчу каза таап, 13 адам жаракат алган.
Алдын ала маалымат боюнча, жарылуу заводдо буу казанын алмаштыруу учурунда көпүрөлүү кран кулап, металл эритүүчү мешке түшкөндүктөн келип чыккан. Учурда окуя боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.