https://sputnik.kg/20261111/zhalal-abad-aeroport-2027-achylat-1104836801.html
Жалал-Абадда жүк ташуучу жаңы аэропорт 2027-жылдын күзүндө ишке кирет
Жалал-Абадда жүк ташуучу жаңы аэропорт 2027-жылдын күзүндө ишке кирет
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Жалал-Абадда жүк ташууга багытталган жаңы аэропорт 2027-жылдын күз айларында ачылат. Бул тууралуу жеринен Sputnik Кыргызстандын... 11.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-11T16:10+0600
2026-11-11T16:10+0600
2026-11-11T16:10+0600
кыргызстан
жалал-абад
аэропорт
ачылыш
https://sputnik.kg/img/07e9/05/0d/1093943001_0:148:2048:1300_1920x0_80_0_0_8bf000e71298ad7e18ee90365925fe17.jpg
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Жалал-Абадда жүк ташууга багытталган жаңы аэропорт 2027-жылдын күз айларында ачылат. Бул тууралуу жеринен Sputnik Кыргызстандын кабарчысы билдирди."Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын жетекчиси Манасбек Самидиновдун айтымында, жаңы аба майданынын жанынан Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу өтөт. Ошондуктан аэропорт негизинен аба аркылуу жүк ташууга багытталат.Аэропортто 3 600 метрдик учуп-конуу тилкеси, эки учак жүрүүчү жол, төрт учакка ылайыкталган токтотмо жана 12 миң чарчы метрлик терминал курулат. Ал Airbus A319, A320, A321 жана Boeing 737 учактарын, анын ичинде жүк ташуучу лайнерлерди кабыл алууга ылайыкташат.Долбоор алгач 50–60 миллион долларга бааланган, бирок алдын ала эсеп боюнча курулушту 40 миллион долларга бүтүрүү пландалууда.Аэропорт ишке киргенде алгач ички каттамдар, анын ичинде "Манас" эл аралык аэропортуна каттамдар ачылып, кийин чет элдик авиакомпаниялар тартылат.
https://sputnik.kg/20261111/manas-aeroportu-rekonstruktsiya--1104832201.html
жалал-абад
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/05/0d/1093943001_59:0:1990:1448_1920x0_80_0_0_5bba171d81cf2365adf386ef617dfaf3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, жалал-абад, аэропорт, ачылыш
кыргызстан, жалал-абад, аэропорт, ачылыш
Жалал-Абадда жүк ташуучу жаңы аэропорт 2027-жылдын күзүндө ишке кирет
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Жалал-Абадда жүк ташууга багытталган жаңы аэропорт 2027-жылдын күз айларында ачылат. Бул тууралуу жеринен Sputnik Кыргызстандын кабарчысы билдирди.
"Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын жетекчиси Манасбек Самидиновдун айтымында, жаңы аба майданынын жанынан Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу өтөт. Ошондуктан аэропорт негизинен аба аркылуу жүк ташууга багытталат.
Аэропортто 3 600 метрдик учуп-конуу тилкеси, эки учак жүрүүчү жол, төрт учакка ылайыкталган токтотмо жана 12 миң чарчы метрлик терминал курулат. Ал Airbus A319, A320, A321 жана Boeing 737 учактарын, анын ичинде жүк ташуучу лайнерлерди кабыл алууга ылайыкташат.
Долбоор алгач 50–60 миллион долларга бааланган, бирок алдын ала эсеп боюнча курулушту 40 миллион долларга бүтүрүү пландалууда.
Аэропорт ишке киргенде алгач ички каттамдар, анын ичинде "Манас" эл аралык аэропортуна каттамдар ачылып, кийин чет элдик авиакомпаниялар тартылат.