00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
2 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
5 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Компьендин жанындагы келишимден кийин согушка чекит коюлат. Тарыхый видео

Жазылуу
Траншея тозогунун бүтүшү. 1918-жылдын 11-ноябрында Франциянын Компьен шаарчасынын жанында жарашуу келишимине кол коюлуп, ошол кездеги тарыхтагы эң кандуу кагылышуу болгон Биринчи дүйнөлүк согушка чекит коюлган.
Биз "бардык согуштарга чекит коет" деп аталган (чындыгында андай болбой калган) ошол согуштун токтотулушу тууралуу баяндайбыз.
Жазында Брест тынчтык келишимине кол койгон немецтердин демине дем кошулуп, маанайлары көтөрүңкү эле. Алар Россиядан Прибалтиканы, Украинаны, Беларусту, Польшаны жана Финляндияны бөлүп алып, өлкөнү иш жүзүндө XVII кылымдагы чектерине чейин сүрүп ташташкан. Ошентип, Чыгыштан күчүн алып, Германия Батышта чечүүчү чабуулга өтүүгө катуу даярдана баштаган.
Немецтер артиллерия менен узак убакыт бою аткылоо ыкмасынан баш тартып, "камалап кирген отряддардын" тактикасын колдонууга өтүшкөн. Жеңил куралданган чакан топтор каршылаштын бекемделген коргонуу тилкелерин айланып өтүп, күтүүсүздөн саптардын арасына кирип барып турушкан.
Алар рекорддук көрсөткүчтө 60 чакырым алдыга жылып, Парижге болгону 50 чакырымдай гана аралыкка жакындап калышкан. Бирок июль айына келип, чабуулдун деми басаңдаган. Чарчап-чаалыккан, ачка немец аскерлери Антантанын курал-жарак менен азык-түлүккө жык толгон кампаларын көргөндө, "душмандын алы кетти" деген үгүт сөздөргө ишенбей калышкан. Анын үстүнө майданга тыңыраак Америка аскерлери да келе баштаган.
Сентябрга карата Антантанын каршы чабуулунан соң Башкы штаб согуштан жеңилгенин мойнуна алууга аргасыз болгон. Германиянын өзүндө 1916-жылдан бери ачарчылык өкүм сүрүп (500 миңдей адам ачкадан набыт болгон), ал эми Украинанын түшүмдүү жерлерине арткан үмүтү акталбай калган эле. Ошондуктан аскер жетекчилери өтө кеч болуп кала электе тезинен тынчтык келишимин түзүүнү талап кылат.
Андан аркы окуялар өтө тез өнүккөн. 3-ноябрга карата осмондор менен австриялыктар багынып берсе, 4-ноябрда Германиянын өзүндө революциянын оту тутанган, ал эми 5-ноябрда Антанта коргонуу тилкесин бузуп өткөн. 10-ноябрда кайзер Вильгельм Нидерландыга качып кеткен.
Жарашуу келишимине 11-ноябрда кол коюлуп, ал саат 11де күчүнө кирген. Германия өз аскерлерин Франция, Бельгия, Люксембургдан, ошондой эле Эльзас менен Лотарингиядан толугу менен чыгарып кетүүгө милдеттенме алган. Мындан тышкары, Рейн дарыясынын батыш жээгиндеги аймактарды союздаштардын көзөмөлүнө өткөрүп берүү каралып, ал эми буга чейин түзүлгөн Брест тынчтык келишими күчүн жоготту деп таанылган.
Француздар бул жеңиштин даамын болушунча таткан. Негизги тынчтык келишими Версалда түзүлгөн эле. Анткени туура 48 жыл мурда, франк-прусс согушунан кийин дал ошол жерде Германия империясы негизделгени жарыяланган болчу. Эми немистерди алдыда басынтуу менен жакырчылыктын узак жылдары күтүп турган.
Эрих Мария Ремарк кийин бул тууралуу жазган.
"1918-жылы дээрлик бардык жоокерлер жек көргөн ошол согуш, аман калгандар үчүн бара-бара өмүрүндөгү эң улуу окуяга айланып кетти... Кырылыш эми көзгө эч бир жаракат албай аман чыккан кызыктуу бир окуядай гана көрүнүп калды", — деп белгилеген.
Ал эми немистердин бир ефрейторунун жазганын эске салалы деп турабыз.
"Бир дагы Антанта жоокери биздин жерге бут баса элек жатып, Германия кантип эле жеңилип калсын?" — деп эч башы жетпей кыйналган.
Ал муну социал демократтардын, коммунисттердин жана еврейлердин "аркадан урган канжары" деп атаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0