https://sputnik.kg/20261111/armeniya-zhkkuda-dobush-beruu-ukugunan-azhyratyldy-1104845505.html
Песков: Армения ЖККУда добуш берүү укугунан ажыратылды
Песков: Армения ЖККУда добуш берүү укугунан ажыратылды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Армения Жаматтык коопсуздук жана кызматташуу уюмундагы добуш берүү укугунан ажыратылды. Бул тууралуу Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков... 11.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-11T20:45+0600
2026-11-11T20:45+0600
2026-11-11T20:48+0600
жкку
россия
армения
интеграция
кызматташуу
добуш берүү
ажыратуу
https://sputnik.kg/img/07e6/0b/17/1070263883_0:20:2835:1615_1920x0_80_0_0_20044af83144c917373211c4879ff3d7.jpg
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Армения Жаматтык коопсуздук жана кызматташуу уюмундагы добуш берүү укугунан ажыратылды. Бул тууралуу Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков Юнашев Live" Telegram каналына билдирген. Мындай чечимди уюмдун саммитинин катышуучулары бүгүн кабыл алышканын айткан. Песков Армения бир нече жылдан бери уюм алдындагы милдеттенмелерин аткарбай келгендигин эске салган. Мындан улам ЖККУнун уставына ылайык өлкөнү добуш берүү укугунан, ошондой эле уюмдагы жооптуу кызматтарга өз өкүлдөрүн дайындоо укугунан ажыратуу чечими кабыл алынган. Буга чейин уюмдун мурдагы башкы катчысы Николай Бордюжа Армения ЖККУнун ишине катышпай жаткандыктан, аны уюмдан чыгаруу маселесин кароо керектигин айткан. Ошол эле учурда ал кабыл алынуучу чечимдерди Армения менен макулдашуу зарылдыгын белгилеген Буга чейин уюмдун мурдагы башкы катчысы Николай Бордюжа Армения ЖККУнун ишине катышпай жаткандыктан, аны уюмдан чыгаруу маселесин кароо керектигин айткан. Ошол эле учурда ал кабыл алынуучу чечимдерди Армения менен макулдашуу зарылдыгын белгилеген.Бордюжанын пикиринде, Армения уюмдан өз ыктыяры менен чыкканы туура болмок. Эгерде өлкө мындай чечим кабыл албаса, аны уюмдан чыгаруу маселеси каралышы керек.Ал эми ЖККУнун баш катчысы Таалатбек Масадыков буга чейин Арменияны уюмдан чыгаруу маселеси бүгүнкү жыйында көтөрүлүшү мүмкүн экенин билдирген.
https://sputnik.kg/20261028/armeniya-zhkku--1104565863.html
армения
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0b/17/1070263883_328:0:2507:1634_1920x0_80_0_0_b56884f1d5998954f6d8c7a1cf29208f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жкку, россия, армения, интеграция, кызматташуу, добуш берүү, ажыратуу
жкку, россия, армения, интеграция, кызматташуу, добуш берүү, ажыратуу
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Армения Жаматтык коопсуздук жана кызматташуу уюмундагы добуш берүү укугунан ажыратылды. Бул тууралуу Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков Юнашев Live" Telegram каналына билдирген.
Мындай чечимди уюмдун саммитинин катышуучулары бүгүн кабыл алышканын айткан.
Песков Армения бир нече жылдан бери уюм алдындагы милдеттенмелерин аткарбай келгендигин эске салган. Мындан улам ЖККУнун уставына ылайык өлкөнү добуш берүү укугунан, ошондой эле уюмдагы жооптуу кызматтарга өз өкүлдөрүн дайындоо укугунан ажыратуу чечими кабыл алынган.
Буга чейин уюмдун мурдагы башкы катчысы Николай Бордюжа Армения ЖККУнун ишине катышпай жаткандыктан, аны уюмдан чыгаруу маселесин кароо керектигин айткан. Ошол эле учурда ал кабыл алынуучу чечимдерди Армения менен макулдашуу зарылдыгын белгилеген
Буга чейин уюмдун мурдагы башкы катчысы Николай Бордюжа Армения ЖККУнун ишине катышпай жаткандыктан, аны уюмдан чыгаруу маселесин кароо керектигин айткан. Ошол эле учурда ал кабыл алынуучу чечимдерди Армения менен макулдашуу зарылдыгын белгилеген.
Бордюжанын пикиринде, Армения уюмдан өз ыктыяры менен чыкканы туура болмок. Эгерде өлкө мындай чечим кабыл албаса, аны уюмдан чыгаруу маселеси каралышы керек.
Ал эми ЖККУнун баш катчысы Таалатбек Масадыков буга чейин Арменияны уюмдан чыгаруу маселеси бүгүнкү жыйында көтөрүлүшү мүмкүн экенин билдирген.