https://sputnik.kg/20261111/-bekeshev-zhozhdordu-syndady--1104829073.html
Бекешев: Кыргызстандагы университеттер акча табуу менен гана алектенип калды
Бекешев: Кыргызстандагы университеттер акча табуу менен гана алектенип калды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын көбү билим берүүнүн сапатына эмес, акча табууга басым жасап калды. Бул тууралуу Жогорку... 11.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-11T11:51+0600
2026-11-11T11:51+0600
2026-11-11T11:51+0600
кыргызстан
жогорку кеңеш
жож
билим берүү
сын
дастан бекешев
https://sputnik.kg/img/07e6/06/17/1065507645_0:0:1000:563_1920x0_80_0_0_63f28a55515c8f47f1f98648bffb7e8c.jpg
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын көбү билим берүүнүн сапатына эмес, акча табууга басым жасап калды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирип, Жогорку билим берүү министрлигин университеттерди реформалоого чакырды. Анын айтымында, учурда көпчүлүк окуу жайлар эски ыкма менен иштеп, студенттерге окууну аяктагандан кийин диплом гана берип жатат. Ошол эле учурда контрактынын баасы өсүп жатканы менен билим берүүнүн сапаты күмөн жаратууда. Ошондой эле Бекешев студенттер үчүн тамак-ашка, жол киреге жана банктык кызматтарга жеңилдик берген электрондук студенттик карталарды киргизүүнү сунуштады.
https://sputnik.kg/20260502/prezident-zhozh-kolledzhderdegi-kontraktyny-kymbattatuuga-tyyuu-saldy-1101094523.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/06/17/1065507645_135:0:886:563_1920x0_80_0_0_ef00452eecb43f46f7841d57673a70cb.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, жогорку кеңеш, жож, билим берүү, сын, дастан бекешев
кыргызстан, жогорку кеңеш, жож, билим берүү, сын, дастан бекешев
Бекешев: Кыргызстандагы университеттер акча табуу менен гана алектенип калды
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын көбү билим берүүнүн сапатына эмес, акча табууга басым жасап калды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирип, Жогорку билим берүү министрлигин университеттерди реформалоого чакырды.
Анын айтымында, учурда көпчүлүк окуу жайлар эски ыкма менен иштеп, студенттерге окууну аяктагандан кийин диплом гана берип жатат. Ошол эле учурда контрактынын баасы өсүп жатканы менен билим берүүнүн сапаты күмөн жаратууда.
"Университеттерибиз акча өндүргөн уюмдарга айланып калды. Контрактынын баасы жогорулап жатат, бирок билим берүүнүн сапаты да өсүп жатабы? Бул чоң суроо. ЖОЖдор билим берүү демилгелеринин борборуна айланышы керек. Ректорлор чыгармачыл, заманбап башкаруучулар болушу зарыл. Бизде болсо ректорлор кабинетинде отурат, аларга үн жеткирүү кыйын. Эски ыкма менен иштөөнү токтотушубуз керек", — деди депутат.
Ошондой эле Бекешев студенттер үчүн тамак-ашка, жол киреге жана банктык кызматтарга жеңилдик берген электрондук студенттик карталарды киргизүүнү сунуштады.
"Студенттер — чоң, бирок уюшпаган күч. Аларды бириктирип, туура жакка багыттоого болот", — деп кошумчалады ал.