https://sputnik.kg/20261109/izraildegi-shajloonun-zhyjyntygy-1104785074.html
Израилде жаңы өкмөттү куроо мандаты Нетаньяхунун оппоненти Айзенкотко берилди
Израилде жаңы өкмөттү куроо мандаты Нетаньяхунун оппоненти Айзенкотко берилди
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Израилдин президенти Ицхак Герцог парламенттик шайлоодо премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун негизги атаандашы болгон оппозиция... 09.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-09T11:22+0600
2026-11-09T11:22+0600
2026-11-09T12:46+0600
дүйнөдө
израиль
парламент
шайлоо
өкмөт
https://sputnik.kg/img/07e8/07/12/1087121169_0:69:3072:1797_1920x0_80_0_0_171185ce423c896aaebed965a9d8d4f4.jpg
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Израилдин президенти Ицхак Герцог парламенттик шайлоодо премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун негизги атаандашы болгон оппозиция лидери Гади Айзенкотко өкмөт түзүү мандатын тапшырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Ал эми Айзенкот өзгөчө кырдаал шартындагы өкмөттү куроо ниетин билдирип, ага еврей мамлекетинин мүнөзүн колдогон, бардык жарандар үчүн милдеттүү аскер кызматын жактаган жана ХАМАСты террордук уюм деп тааныган партияларды чакырарын айтты.Эске салсак, 27-октябрда Израилдин 120 орундуу парламентине өткөн шайлоодо бир дагы саясий блок 61 мандаттан турган көпчүлүк добушка ээ боло алган эмес. Нетаньяхунун "Ликуд" партиясы баштаган башкаруучу коалиция 53 мандат алса, Айзенкоттун оппозициялык блогу 48 мандатка ээ болгон. Араб партияларынын тизмеси 19 мандат менен үчүнчү орунду ээлеген.Шайлоодон соң президент парламенттин босогосунан өткөн бардык фракциялар менен кеңешме өткөрдү. Анын жыйынтыгында жалпы 67 мандатка ээ болгон партиялар Герцогго министрлер кабинетин куроону Айзенкотко тапшырууну сунушташкан.Президент тарабынан жактырылган талапкерге өкмөттү түзүү үчүн 42 күнгө чейин убакыт берилет. Эгер бул аракет майнапсыз аяктаса, укук башка саясатчыга өтүп, ага 28 күн бөлүнөт. Эгер экинчи аракеттен кийин да өкмөт куралбаса, парламент көпчүлүгү дагы бир талапкерди сунуштай алат. Бул жараянга 21 күн каралып, мында да жыйынтык чыкпаса парламент таратылып, кайра шайлоо дайындалат.
https://sputnik.kg/20261104/tramp-shajloogo-katyshsam-zhenmekpiz-1104701584.html
израиль
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/07/12/1087121169_341:0:3072:2048_1920x0_80_0_0_dc2e45e42728c0917d66db0ba2a50366.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, израиль, парламент, шайлоо, өкмөт
дүйнөдө, израиль, парламент, шайлоо, өкмөт
Израилде жаңы өкмөттү куроо мандаты Нетаньяхунун оппоненти Айзенкотко берилди
11:22 09.11.2026 (Жаңыртылды: 12:46 09.11.2026) БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Израилдин президенти Ицхак Герцог парламенттик шайлоодо премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун негизги атаандашы болгон оппозиция лидери Гади Айзенкотко өкмөт түзүү мандатын тапшырды. Бул тууралуу
РИА Новости жазды.
"Биздин жалгыз өлкөбүз бар, андыктан жаңы өкмөт элди бириктирип, ынтымакка келтириши кажет", — деди Герцог.
Ал эми Айзенкот өзгөчө кырдаал шартындагы өкмөттү куроо ниетин билдирип, ага еврей мамлекетинин мүнөзүн колдогон, бардык жарандар үчүн милдеттүү аскер кызматын жактаган жана ХАМАСты террордук уюм деп тааныган партияларды чакырарын айтты.
Эске салсак, 27-октябрда Израилдин 120 орундуу парламентине өткөн шайлоодо бир дагы саясий блок 61 мандаттан турган көпчүлүк добушка ээ боло алган эмес. Нетаньяхунун "Ликуд" партиясы баштаган башкаруучу коалиция 53 мандат алса, Айзенкоттун оппозициялык блогу 48 мандатка ээ болгон. Араб партияларынын тизмеси 19 мандат менен үчүнчү орунду ээлеген.
Шайлоодон соң президент парламенттин босогосунан өткөн бардык фракциялар менен кеңешме өткөрдү. Анын жыйынтыгында жалпы 67 мандатка ээ болгон партиялар Герцогго министрлер кабинетин куроону Айзенкотко тапшырууну сунушташкан.
Президент тарабынан жактырылган талапкерге өкмөттү түзүү үчүн 42 күнгө чейин убакыт берилет. Эгер бул аракет майнапсыз аяктаса, укук башка саясатчыга өтүп, ага 28 күн бөлүнөт. Эгер экинчи аракеттен кийин да өкмөт куралбаса, парламент көпчүлүгү дагы бир талапкерди сунуштай алат. Бул жараянга 21 күн каралып, мында да жыйынтык чыкпаса парламент таратылып, кайра шайлоо дайындалат.