https://sputnik.kg/20261108/-polsha-krakov-elge-ok-atylup-alty-kaza-boldu--1104773177.html
Польшанын Краков шаарында белгисиз бирөө элге ок чыгарып, алты адам каза болду
Польшанын Краков шаарында белгисиз бирөө элге ок чыгарып, алты адам каза болду
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Польшанын Краков шаарынын борборунда белгисиз киши өтүп бараткан унаанын ичинен жөө адамдарды көздөй ок чыгарып, кеминде алты адам... 08.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-08T14:29+0600
2026-11-08T14:29+0600
2026-11-08T14:29+0600
дүйнөдө
атышуу
польша
өлүм
автоунаа
https://sputnik.kg/img/104220/17/1042201719_0:221:3001:1909_1920x0_80_0_0_8fcab28ebcbb2933328efc5a28576b6c.jpg
БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Польшанын Краков шаарынын борборунда белгисиз киши өтүп бараткан унаанын ичинен жөө адамдарды көздөй ок чыгарып, кеминде алты адам курман болду, ондон ашыгы жаракат алды.Кол салуу Базар аянтында болгон. Жарадар болгондордун 12си өтө оор абалда жатат. Алардын арасында Россиянын жараны бар экени, ошондой эле Британиянын бир жараны набыт болгону кабарланууда.Кылмышка шектүү Польшанын 25 жаштагы жараны. Ал кармоо учурунда жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Акыркы маалыматтар боюнча, абалы оор, ага кайрадан операция жасалууда.Польша ИИМинин билдиришинче, ал радикалдуу көз караштарды карманган. Польша радиосунун кабарлашынча, анын унаасынан ири көлөмдөгү ок-дары табылган. Ок аскердик үлгүдөгү куралдан чыгарылган.Премьер-министр Дональд Туск кол салган кишинин үйүнөн эки аял менен бир эркектин жансыз денеси табылганын билдирди. Болжолдуу маалыматтарга караганда, алар анын жакын туугандары болгон.Колдо бар маалыматка ылайык, шектүү буга чейин соттолгон эмес жана курал алып жүрүүгө уруксаты болгон.Краковго премьер-министр Дональд Туск менен ИИМ башчысы Марчин Кервиньский барды. Ал эми президент Кароль Навроцкий окуя болгон жерге Улуттук коопсуздук бюросунун жетекчисин жөнөттү.Польшада 8–9-ноябрь күндөрү аза күтүү жарыяланды, ал эми Краковдун өзүндө аза күтүү 11-ноябрга чейин уланат.
https://sputnik.kg/20261106/talastagy-kyrsyktyn-choo-zhayy-1104754920.html
польша
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104220/17/1042201719_217:0:2762:1909_1920x0_80_0_0_4b6373f472d09594c6f79d17136242e4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, атышуу, польша, өлүм, автоунаа
дүйнөдө, атышуу, польша, өлүм, автоунаа
БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Польшанын Краков шаарынын борборунда белгисиз киши өтүп бараткан унаанын ичинен жөө адамдарды көздөй ок чыгарып, кеминде алты адам курман болду, ондон ашыгы жаракат алды.
Кол салуу Базар аянтында болгон. Жарадар болгондордун 12си өтө оор абалда жатат. Алардын арасында Россиянын жараны бар экени, ошондой эле Британиянын бир жараны набыт болгону кабарланууда.
Кылмышка шектүү Польшанын 25 жаштагы жараны. Ал кармоо учурунда жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Акыркы маалыматтар боюнча, абалы оор, ага кайрадан операция жасалууда.
Польша ИИМинин билдиришинче, ал радикалдуу көз караштарды карманган. Польша радиосунун кабарлашынча, анын унаасынан ири көлөмдөгү ок-дары табылган. Ок аскердик үлгүдөгү куралдан чыгарылган.
Премьер-министр Дональд Туск кол салган кишинин үйүнөн эки аял менен бир эркектин жансыз денеси табылганын билдирди. Болжолдуу маалыматтарга караганда, алар анын жакын туугандары болгон.
Колдо бар маалыматка ылайык, шектүү буга чейин соттолгон эмес жана курал алып жүрүүгө уруксаты болгон.
Краковго премьер-министр Дональд Туск менен ИИМ башчысы Марчин Кервиньский барды. Ал эми президент Кароль Навроцкий окуя болгон жерге Улуттук коопсуздук бюросунун жетекчисин жөнөттү.
Польшада 8–9-ноябрь күндөрү аза күтүү жарыяланды, ал эми Краковдун өзүндө аза күтүү 11-ноябрга чейин уланат.