https://sputnik.kg/20261106/energetikalyk-suusunduk-tyyuu-1104745581.html
18 жашка чейинкилерге энергетик саткандарга 55 миң сомго чейин айып салуу сунушталды
18 жашка чейинкилерге энергетик саткандарга 55 миң сомго чейин айып салуу сунушталды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Жашы жете электерге энергетикалык суусундуктарды саткан жеке жактарга 10 миңден 20 миң сомго чейин, юридикалык жактарга 35 миңден 55... 06.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-06T10:14+0600
2026-11-06T10:14+0600
2026-11-06T10:14+0600
кыргызстан
энергетикалык суусундуктар
тыюу салуу
айып пул
мыйзам долбоору
https://sputnik.kg/img/102828/57/1028285798_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_4a4594b88e11f32c002853f5c58a9e82.jpg
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Жашы жете электерге энергетикалык суусундуктарды саткан жеке жактарга 10 миңден 20 миң сомго чейин, юридикалык жактарга 35 миңден 55 миң сомго чейин айып пул салуу сунушталууда. Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, соодагер кардардын 18 жашка чыкканынан күмөн санаса, анын өздүгүн тастыктаган документин талап кылууга милдеттүү болот. Документ көрсөтүлбөсө суусундукту сатуудан баш тартуу керек. Интернет аркылуу сатууда да жеткирип берүүчү адам алуучунун жашын текшерүүгө тийиш. Суусундукту жашы жете элек адамга берүү же анын жашын текшербестен калтырып кетүүгө тыюу салынат. Ошондой эле энергетикалык суусундуктарды соода автоматтары аркылуу сатууга жол берилбейт. Дүкөндөр жана интернет аркылуу соода кылгандар 18 жашка чейинкилерге энергетикалык суусундуктарды сатууга тыюу салынганы тууралуу маалыматты мамлекеттик жана расмий тилдерде жайгаштырууга милдеттүү болот. Талаптарды бузгандарга төмөнкүдөй айып пул сунушталууда:
https://sputnik.kg/20261105/energetikterge-tyyuu-salynaby-1104728737.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/102828/57/1028285798_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_c938f2945b9d2f75400d5b6944d43cf4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, энергетикалык суусундуктар, тыюу салуу, айып пул, мыйзам долбоору
кыргызстан, энергетикалык суусундуктар, тыюу салуу, айып пул, мыйзам долбоору
18 жашка чейинкилерге энергетик саткандарга 55 миң сомго чейин айып салуу сунушталды
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Жашы жете электерге энергетикалык суусундуктарды саткан жеке жактарга 10 миңден 20 миң сомго чейин, юридикалык жактарга 35 миңден 55 миң сомго чейин айып пул салуу сунушталууда. Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Ага ылайык, соодагер кардардын 18 жашка чыкканынан күмөн санаса, анын өздүгүн тастыктаган документин талап кылууга милдеттүү болот. Документ көрсөтүлбөсө суусундукту сатуудан баш тартуу керек.
Интернет аркылуу сатууда да жеткирип берүүчү адам алуучунун жашын текшерүүгө тийиш. Суусундукту жашы жете элек адамга берүү же анын жашын текшербестен калтырып кетүүгө тыюу салынат. Ошондой эле энергетикалык суусундуктарды соода автоматтары аркылуу сатууга жол берилбейт.
Дүкөндөр жана интернет аркылуу соода кылгандар 18 жашка чейинкилерге энергетикалык суусундуктарды сатууга тыюу салынганы тууралуу маалыматты мамлекеттик жана расмий тилдерде жайгаштырууга милдеттүү болот.
Талаптарды бузгандарга төмөнкүдөй айып пул сунушталууда:
жашы жете электерге сатууга тыюу салынганы тууралуу маалыматты жайгаштырбагандар жеке жактарга миң сом, юридикалык жактарга 5 миң сом;
18 жашка чейинкилерге энергетик саткан жеке жактар 10 миң сом, юридикалык жактар 35 миң сом айып пул төлөйт;
ушул эле мыйзам бузуу бир жыл ичинде кайталанса айып пул жеке жактар үчүн 20 миң, юридикалык жактар үчүн 55 миң сом болот;
соода автоматтары аркылуу саткан жеке жактар 10 миң, юридикалык жактар 35 миң сом айып пул төлөйт.