https://sputnik.kg/20261104/aliyev-dukon-tuuraluu-1104699532.html
Вице-мэр Рамиз Алиев депутат кеп кылган дүкөн атасына таандык экенин айтты
Вице-мэр Рамиз Алиев депутат кеп кылган дүкөн атасына таандык экенин айтты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарынын вице-мэри Рамиз Алиев Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева сөз кылган дүкөн өзүнө эмес, атасына таандык... 04.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-04T09:57+0600
2026-11-04T09:57+0600
2026-11-04T09:57+0600
кыргызстан
бишкек
рамиз алиев
дүкөн
элвира сурабалдиева
https://sputnik.kg/img/07e7/05/1d/1075773807_301:127:1156:608_1920x0_80_0_0_f893e70da52e9ef161af95425a96a546.jpg
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарынын вице-мэри Рамиз Алиев Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева сөз кылган дүкөн өзүнө эмес, атасына таандык экенин билдирди. Буга чейин Сурабалдиева Алиевди "Кудайберген" базары тууралуу айткан сөздөрү үчүн сынга алып, анын чоң дүкөндөрү бар экенин кыйыткан. Соцтармакта да бул тууралуу пикир жазгандар көп болгон. Аткаминердин айтымында, учурда укук коргоо органдары бул маалыматтарды, анын ичинде документтерди жана салыктардын төлөнүшүн текшерип жатышат. "Эгер мен мэрияда иштеп жүргөндө өзүм, туугандарым, досторум муниципалдык же мамлекеттик жердин бир сантиметрин же бир объектин: аялдама, имарат, павильон же күркөнү мыйзамсыз ээлеп алган болсок, мен жооп берүүгө даярмын. Керек болсо базарга барып, тизелеп туруп элден кечирим сурайм. Бирок андай факт жок", — деди вице-мэр.
https://sputnik.kg/20261014/surabaldieva-vice-mehr-alievdi-syndady-1104282807.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/05/1d/1075773807_377:129:1130:694_1920x0_80_0_0_945fdadef61054e2c3fb60f26704d69b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, рамиз алиев, дүкөн, элвира сурабалдиева
кыргызстан, бишкек, рамиз алиев, дүкөн, элвира сурабалдиева
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарынын вице-мэри Рамиз Алиев Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева сөз кылган дүкөн өзүнө эмес, атасына таандык экенин билдирди.
Буга чейин Сурабалдиева Алиевди "Кудайберген" базары тууралуу айткан сөздөрү үчүн сынга алып, анын чоң дүкөндөрү бар экенин кыйыткан. Соцтармакта да бул тууралуу пикир жазгандар көп болгон.
"Супермаркеттер жана дүкөндөр тууралуу сөз болду, бирок бул калп. Бир гана дүкөн бар. Ал — Пишпек районундагы Тойгонбаев көчөсүндө жайгашкан атамдын дүкөнү. Ал жер тилкесин 2001-жылы, мен 10-11-класста окуп жүргөндө сатып алган. Имарат муниципалдык жерде эмес, менчик жерде турат. Дүкөндүн тепкичине келсек, ооба, анын 8 чарчы метри муниципалдык жерге кирет. 2016-жылы атам мэриядан тепкичтин алдындагы жер тилкесин ижарага алып, ошондон бери акысын төлөп келет", — деп түшүндүрдү Алиев өзүнүн соцтармактагы баракчасында.
Аткаминердин айтымында, учурда укук коргоо органдары бул маалыматтарды, анын ичинде документтерди жана салыктардын төлөнүшүн текшерип жатышат.
"Эгер мен мэрияда иштеп жүргөндө өзүм, туугандарым, досторум муниципалдык же мамлекеттик жердин бир сантиметрин же бир объектин: аялдама, имарат, павильон же күркөнү мыйзамсыз ээлеп алган болсок, мен жооп берүүгө даярмын. Керек болсо базарга барып, тизелеп туруп элден кечирим сурайм. Бирок андай факт жок", — деди вице-мэр.