https://sputnik.kg/20261031/polshada-prezident-naarazylyk-aktsiyasyna-chykty-1104630608.html
Польшада сот системасындагы кризистен улам президент нааразылык акциясына чыкты
Польшада сот системасындагы кризистен улам президент нааразылык акциясына чыкты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Польшанын президенти Кароль Навроцкий Конституциялык соттогу кырдаалды жөнгө салуу үчүн бардык саясий күчтөрдүн катышуусунда чукул... 31.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-31T13:29+0600
2026-10-31T13:29+0600
2026-10-31T13:29+0600
дүйнөдө
польша
кароль навроцкий
президент
митинг
конституция
сот
чечим
ант
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1f/1104628412_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_723ce9b6e768805aaa34e5c3943f2c84.jpg
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Польшанын президенти Кароль Навроцкий Конституциялык соттогу кырдаалды жөнгө салуу үчүн бардык саясий күчтөрдүн катышуусунда чукул жыйын чакырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Навроцкий укук коргоо органдарынын кызматкерлерин соттун аймагынан чыгып кетүүгө чакырып, аларды өкмөт жөнөткөн "күч колдонуучулар" деп атады. Маалыматка караганда, президент өзү соттун имаратында калган.Нааразылык акциялары октябрдын ортосунда парламент Конституциялык соттун судьялыгына Мачей Беректи шайлагандан кийин башталган. Өкмөткө жана парламентке оппозицияда турган Навроцкий анын антын кабыл алуудан баш тарткан.30-октябрда соттун сайтында мекеменин төрагасы Богдан Свенчковский менен анын орун басары Бартломей Соханьскийдин ыйгарым укуктары токтотулганы тууралуу маалымат жарыяланган. Бирок соттун X социалдык тармагындагы баракчасында бул маалымат четке кагылып, окуя мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети катары бааланган.Ал эми судья Анна Корвин-Петровская өзүн соттун жаңы төрайымы деп жарыялап, президент баш болгон эч кимди имаратка киргизбей койгон. Ал мындай чечимин кызматкерлердин өмүрүнө жана ден соолугуна, ошондой эле коомдук тартипке коркунуч жаралышы мүмкүн экени менен түшүндүргөн. Кийинчерээк тийиштүү кызматтар коопсуздукка кепилдик берсе, Навроцкийди киргизүүгө даяр экенин билдирген.Сенегалга учуп бара жаткан президент сапарын токтотуп, учагын артка буруп Варшавага кайтып келген. Бишкек убактысы боюнча саат 06:00 чамасында ал күзөтчүлөрдүн коштоосунда соттун имаратына кирген.
https://sputnik.kg/20261019/makron-francziyadagy-mitingder-kymbatchylyk-1104373731.html
польша
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1f/1104628412_302:0:3033:2048_1920x0_80_0_0_6d84818169abb0b3da79820332df2360.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, польша, кароль навроцкий, президент, митинг, конституция, сот, чечим, ант
дүйнөдө, польша, кароль навроцкий, президент, митинг, конституция, сот, чечим, ант
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Польшанын президенти Кароль Навроцкий Конституциялык соттогу кырдаалды жөнгө салуу үчүн бардык саясий күчтөрдүн катышуусунда чукул жыйын чакырды. Бул тууралуу
РИА Новости жазды. "Конституциялык тартипти калыбына келтирүү максатында бардык саясий күчтөрдүн жана парламент депутаттарынын катышуусунда чукул жыйын чакырам", — деп айтылат президенттин сот имаратынын алдына чогулгандарга окулган кайрылуусунда.
Навроцкий укук коргоо органдарынын кызматкерлерин соттун аймагынан чыгып кетүүгө чакырып, аларды өкмөт жөнөткөн "күч колдонуучулар" деп атады. Маалыматка караганда, президент өзү соттун имаратында калган.
Нааразылык акциялары октябрдын ортосунда парламент Конституциялык соттун судьялыгына Мачей Беректи шайлагандан кийин башталган. Өкмөткө жана парламентке оппозицияда турган Навроцкий анын антын кабыл алуудан баш тарткан.
30-октябрда соттун сайтында мекеменин төрагасы Богдан Свенчковский менен анын орун басары Бартломей Соханьскийдин ыйгарым укуктары токтотулганы тууралуу маалымат жарыяланган. Бирок соттун X социалдык тармагындагы баракчасында бул маалымат четке кагылып, окуя мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети катары бааланган.
Ал эми судья Анна Корвин-Петровская өзүн соттун жаңы төрайымы деп жарыялап, президент баш болгон эч кимди имаратка киргизбей койгон. Ал мындай чечимин кызматкерлердин өмүрүнө жана ден соолугуна, ошондой эле коомдук тартипке коркунуч жаралышы мүмкүн экени менен түшүндүргөн. Кийинчерээк тийиштүү кызматтар коопсуздукка кепилдик берсе, Навроцкийди киргизүүгө даяр экенин билдирген.
Сенегалга учуп бара жаткан президент сапарын токтотуп, учагын артка буруп Варшавага кайтып келген. Бишкек убактысы боюнча саат 06:00 чамасында ал күзөтчүлөрдүн коштоосунда соттун имаратына кирген.