Касымалиев Транспорт министрлигине 50дөн ашуун техниканын ачкычын тапшырды
Касымалиев Транспорт министрлигине 50дөн ашуун техниканын ачкычын тапшырды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев транспорт жана жол чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган иш-чарага... 30.10.2026, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев транспорт жана жол чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган иш-чарага катышып, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жаңы алынган 50дөн ашуун атайын техниканын ачкычын тапшырды. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, жаңы техникалардын арасында самосвалдар, автогрейдерлер жана жүктөгүчтөр бар. Касымалиевдин айтымында, 2010–2020-жылдары тармакка 648 техника алынган болсо, 2022–2026-жылдары 1 344 жаңы техника сатып алынган. Ал соңку жылдары жол тармагын каржылоо 60 миллиард сомго чейин жеткенин белгиледи. Ошондой эле 2025-жылы өлкө боюнча 1 545 чакырым жолго асфальт төшөлүп, быйыл бул көрсөткүч 1 700 чакырымдан ашары күтүлүп жатканын кошумчалады. Иш-чаранын соңунда тармактын бир катар кызматкерлерине министрлер кабинетинин Ардак грамоталары жана Алкыш баракчалары тапшырылды. Мындан тышкары, өлкө аймактарында оңдолгон жана жаңы курулган бир катар жолдор онлайн-форматта ачылды.
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев транспорт жана жол чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган иш-чарага катышып, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жаңы алынган 50дөн ашуун атайын техниканын ачкычын тапшырды.
Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, жаңы техникалардын арасында самосвалдар, автогрейдерлер жана жүктөгүчтөр бар.
Касымалиев Транспорт министрлигине 50дөн ашуун техниканын ачкычын тапшырды
Касымалиевдин айтымында, 2010–2020-жылдары тармакка 648 техника алынган болсо, 2022–2026-жылдары 1 344 жаңы техника сатып алынган. Ал соңку жылдары жол тармагын каржылоо 60 миллиард сомго чейин жеткенин белгиледи. Ошондой эле 2025-жылы өлкө боюнча 1 545 чакырым жолго асфальт төшөлүп, быйыл бул көрсөткүч 1 700 чакырымдан ашары күтүлүп жатканын кошумчалады.
Иш-чаранын соңунда тармактын бир катар кызматкерлерине министрлер кабинетинин Ардак грамоталары жана Алкыш баракчалары тапшырылды. Мындан тышкары, өлкө аймактарында оңдолгон жана жаңы курулган бир катар жолдор онлайн-форматта ачылды.