https://sputnik.kg/20261029/zhk-toragasynyn-orun-basary-dushanbedegi-forumga-katyshty-1104596545.html
ЖК төрагасынын орун басары Душанбедеги форумга катышты. Эмне кеп болду
ЖК төрагасынын орун басары Душанбедеги форумга катышты. Эмне кеп болду
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңеш төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев баштаган делегация Душанбе шаарында өткөн "Тынчтык, коопсуздук жана... 29.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-29T17:30+0600
2026-10-29T17:30+0600
2026-10-29T17:30+0600
кыргызстан
тажикстан
борбор азия
жогорку кеңеш
медербек алиев
форум
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1d/1104596040_0:154:1576:1041_1920x0_80_0_0_5ca856a9f23d368ba60679254c75beed.jpg
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңеш төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев баштаган делегация Душанбе шаарында өткөн "Тынчтык, коопсуздук жана өнүгүү үчүн биримдик" аттуу Борбор Азия мамлекеттеринин IV Парламенттер аралык форумуна катышты. Жыйында сүйлөгөн Алиев геосаясий өзгөрүүлөр ылдамдап, глобалдык чакырыктар күчөгөн азыркы шартта ар бир мамлекеттин кызыкчылыгын эске алуу, өз ара урматтоо жана ишеним принциптерине негизделген аймактык кызматташтыкты чыңдоо өзгөчө мааниге ээ экенин билдирди. Аны менен катар мамлекеттер ортосундагы ишенимди чыңдоодо парламенттердин да ролу жогору экенин айтып, мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү жана парламенттик дипломатиянын механизмдери бул жаатта кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи. Алиев аймактагы мамлекеттердин алдында турган жалпы милдеттерге токтолуп, аларды чечүүдө макулдашылган ыкмалар жана конструктивдүү өз ара кызматташуу зарыл экенин билдирген. Тагыраагы, аймактык коопсуздукту чыңдоо, заманбап коркунучтарга каршы туруу, экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, транспорттук-логистикалык байланыштарды жакшыртуу, суу-энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу, экологиялык туруктуулукту камсыз кылуу, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерине көңүл бурду. "Өз ара түшүнүшүүнүн жетишилген деңгээлин сактоо жана чыңдоо, кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле келечек муундарга тынчтык, туруктуулук жана өнүгүү мындан аркы өсүштүн бекем пайдубалы болгон аймакты өткөрүп берүү — жалпы милдетибиз. Бүгүнкү парламенттер аралык форум парламенттик дипломатияны чыңдоо жолундагы дагы бир маанилүү кадам болуп, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө олуттуу салым кошот деп ишенем", — деп сөзүн жыйынтыктаган Алиев. Жыйынтыгында Душанбе декларациясы кабыл алынып, анда IV Парламенттер аралык форумдун катышуучулары Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышын кубаттай тургандыгы белгиленген. Эскерте кетсек, парламенттик делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары: Исманали Жороев, Азизбек Абдуллаев жана Азамат Исираилов да болду.
https://sputnik.kg/20261020/zhaparov-turkpanyn-parlamentterinin-spikerlerin-kabyl-aldy-1104402137.html
тажикстан
борбор азия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1d/1104596040_68:0:1508:1080_1920x0_80_0_0_b4e50f5032e3519fd33be3420300b808.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, тажикстан, борбор азия, жогорку кеңеш, медербек алиев, форум
кыргызстан, тажикстан, борбор азия, жогорку кеңеш, медербек алиев, форум
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңеш төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев баштаган делегация Душанбе шаарында өткөн "Тынчтык, коопсуздук жана өнүгүү үчүн биримдик" аттуу Борбор Азия мамлекеттеринин IV Парламенттер аралык форумуна катышты.
Жыйында сүйлөгөн Алиев геосаясий өзгөрүүлөр ылдамдап, глобалдык чакырыктар күчөгөн азыркы шартта ар бир мамлекеттин кызыкчылыгын эске алуу, өз ара урматтоо жана ишеним принциптерине негизделген аймактык кызматташтыкты чыңдоо өзгөчө мааниге ээ экенин билдирди.
Аны менен катар мамлекеттер ортосундагы ишенимди чыңдоодо парламенттердин да ролу жогору экенин айтып, мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү жана парламенттик дипломатиянын механизмдери бул жаатта кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи.
"Жогорку Кеңеш парламенттер аралык кызматташтыкты бекемдөөгө өзгөчө маани берет жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн мыйзам чыгаруу органдарынын ортосундагы түз байланыштарды өнүктүрүүнү колдойт. Биргелешкен ишибиздин артыкчылыктуу багыттары: мыйзам чыгаруу жаатында тажрыйба алмашуу, улуттук мыйзамдарды өркүндөтүү жана мамлекеттер аралык жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга парламенттик көмөк көрсөтүү", — деген ал.
Алиев аймактагы мамлекеттердин алдында турган жалпы милдеттерге токтолуп, аларды чечүүдө макулдашылган ыкмалар жана конструктивдүү өз ара кызматташуу зарыл экенин билдирген. Тагыраагы, аймактык коопсуздукту чыңдоо, заманбап коркунучтарга каршы туруу, экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, транспорттук-логистикалык байланыштарды жакшыртуу, суу-энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу, экологиялык туруктуулукту камсыз кылуу, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерине көңүл бурду.
"Өз ара түшүнүшүүнүн жетишилген деңгээлин сактоо жана чыңдоо, кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле келечек муундарга тынчтык, туруктуулук жана өнүгүү мындан аркы өсүштүн бекем пайдубалы болгон аймакты өткөрүп берүү — жалпы милдетибиз. Бүгүнкү парламенттер аралык форум парламенттик дипломатияны чыңдоо жолундагы дагы бир маанилүү кадам болуп, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө олуттуу салым кошот деп ишенем", — деп сөзүн жыйынтыктаган Алиев.
Жыйынтыгында Душанбе декларациясы кабыл алынып, анда IV Парламенттер аралык форумдун катышуучулары Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышын кубаттай тургандыгы белгиленген.
Эскерте кетсек, парламенттик делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары: Исманали Жороев, Азизбек Абдуллаев жана Азамат Исираилов да болду.