https://sputnik.kg/20261029/kmshnyn-masshtabynda-chek-ara-zhetekchileri-choguldu-1104593090.html
Террорчулукка каршы күрөш күчөйт. Астанада КМШ алкагындагы жыйын өттү
Террорчулукка каршы күрөш күчөйт. Астанада КМШ алкагындагы жыйын өттү
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Астанада КМШ өлкөлөрүнүн Чек ара аскерлеринин жетекчилер кеңешинин 93-жыйыны өтүп, террорчулук менен экстремизмге каршы туруу... 29.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-29T17:05+0600
2026-10-29T17:05+0600
2026-10-29T17:05+0600
дүйнөдө
кмш
астана
чек ара
мамлекеттик чек ара кызматы
жыйын
террорчулук
талкуу
машыгуу
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1d/1104591720_0:58:1200:733_1920x0_80_0_0_d9f35c7c2e99b5683e7be7bc70646725.jpg
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Астанада КМШ өлкөлөрүнүн Чек ара аскерлеринин жетекчилер кеңешинин 93-жыйыны өтүп, террорчулук менен экстремизмге каршы туруу, кылмыштуулукка биргелешип күрөшүү маселелери талкууланды. КМШнын Аткаруу комитетинен башкы катчынын орун басары Нурлан Сейтимов жыйында эксперттик топтун ишине токтолду. Бул топ жыйын алдында Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Чек ара академиясына КМШнын базалык уюму макамын берүү боюнча жобонун долбоорун макулдашкан. "Жобо КМШнын Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынында бекитилсе, чек ара көзөмөлү жаатында адистерди даярдоодо жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүдө бирдиктүү тартип орнойт", – деди Сейтимов. Ал ошондой эле КМШнын тышкы чек араларында кыйын кырдаалдар жаралса, аны жоюу боюнча биргелешкен машыгууларды уюштуруу жана өткөрүү тартиби тууралуу макулдашуунун долбоору иштелип жатканын айтты. Бул документ талкуудан өтүп, жактырылып, КМШ Мамлекет башчылар кеңешинин кароосуна сунушталат. Ал эми келишимдин күчүнө кириши Шериктештикте жана ага мүчө өлкөлөрдө туруктуулуктун бекем орношуна негиз болот. Мындан тышкары, жыйында кеңештин мүчөлөрү КМШ өлкөлөрүнүн сырткы чек араларындагы абал жана анын өнүгүү багыттарын талдап чыгышты.
https://sputnik.kg/20260514/samarkandda-kmshnyn-chek-ara-zhetekchileri-zhiyynga-choguldu-1101329611.html
кмш
астана
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1d/1104591720_31:0:1098:800_1920x0_80_0_0_fc90ff40d85dd3d7941951d0e098de64.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, кмш, астана, чек ара, мамлекеттик чек ара кызматы, жыйын, террорчулук, талкуу, машыгуу
дүйнөдө, кмш, астана, чек ара, мамлекеттик чек ара кызматы, жыйын, террорчулук, талкуу, машыгуу
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Астанада КМШ өлкөлөрүнүн Чек ара аскерлеринин жетекчилер кеңешинин 93-жыйыны өтүп, террорчулук менен экстремизмге каршы туруу, кылмыштуулукка биргелешип күрөшүү маселелери талкууланды.
КМШнын Аткаруу комитетинен башкы катчынын орун басары Нурлан Сейтимов жыйында эксперттик топтун ишине токтолду. Бул топ жыйын алдында Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Чек ара академиясына КМШнын базалык уюму макамын берүү боюнча жобонун долбоорун макулдашкан.
"Жобо КМШнын Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынында бекитилсе, чек ара көзөмөлү жаатында адистерди даярдоодо жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүдө бирдиктүү тартип орнойт", – деди Сейтимов.
Ал ошондой эле КМШнын тышкы чек араларында кыйын кырдаалдар жаралса, аны жоюу боюнча биргелешкен машыгууларды уюштуруу жана өткөрүү тартиби тууралуу макулдашуунун долбоору иштелип жатканын айтты.
Бул документ талкуудан өтүп, жактырылып, КМШ Мамлекет башчылар кеңешинин кароосуна сунушталат. Ал эми келишимдин күчүнө кириши Шериктештикте жана ага мүчө өлкөлөрдө туруктуулуктун бекем орношуна негиз болот.
Мындан тышкары, жыйында кеңештин мүчөлөрү КМШ өлкөлөрүнүн сырткы чек араларындагы абал жана анын өнүгүү багыттарын талдап чыгышты.