https://sputnik.kg/20261029/buunun-koopsuzduk-keneshinde-afrikanyn-salmagy-1104592407.html
Путин БУУнун Коопсуздук кеңешинде Африканын салмагын арттырууга чакырды
Путин БУУнун Коопсуздук кеңешинде Африканын салмагын арттырууга чакырды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Россия БУУнун Коопсуздук кеңешинде Африканын салмагын арттыруу зарыл деп эсептейт. Бул тууралуу президент Владимир Путин Россия ... 29.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-29T15:39+0600
2026-10-29T15:39+0600
2026-10-29T15:39+0600
дүйнөдө
россия
африка
саммит
кызматташуу
владимир путин
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1d/1104591122_0:161:3071:1888_1920x0_80_0_0_627803a47e4818beef9196e697ac0591.jpg
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Россия БУУнун Коопсуздук кеңешинде Африканын салмагын арттыруу зарыл деп эсептейт. Бул тууралуу президент Владимир Путин Россия — Африка экономикалык жана гуманитардык форумунда билдиргенин РИА Новости жазды. Путин Россия менен Африка адилеттүү көп уюлдуу дүйнө түзүүдө союздаш экенин белгилеп, Москва континеттин көз карандысыздыгын сактап, экономикасын жана социалдык тармагын бекемдөөгө тилектеш экенине токтолгон. Президент Африка Россия менен кызматташуусун өнүктүрүүгө кызыкдар экенине ишеним артты. Ал россиялык компаниялар Африканын ресурсун чыгарып кетүүгө умтулбастан, аймакта тең ата бизнес жүргүзөрүн белгиледи. Эскерте кетсек, "Россия — Африка" үчүнчү саммити менен экономикалык жана гуманитардык форум Москвада кечээ башталган, иш-чара бүгүн жыйынтыкталат.
https://sputnik.kg/20261028/rossiya-menen-afrikanyn-alakasy-sanktsiyalarga-karabastan-onugup-zhatat-1104569871.html
африка
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1d/1104591122_171:0:2900:2047_1920x0_80_0_0_5f007d4c45fa64ce00eff822c3991ec0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, африка, саммит, кызматташуу, владимир путин
дүйнөдө, россия, африка, саммит, кызматташуу, владимир путин
Путин БУУнун Коопсуздук кеңешинде Африканын салмагын арттырууга чакырды
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Россия БУУнун Коопсуздук кеңешинде Африканын салмагын арттыруу зарыл деп эсептейт. Бул тууралуу президент Владимир Путин Россия — Африка экономикалык жана гуманитардык форумунда билдиргенин
РИА Новости жазды.
"Биздин мамлекет негизги аянтчаларда Африканын ролун жогорулатууга умтулуп келет. Өлкө олуттуу чечимдер кабыл алынган жерлерде, тагыраагы, БУУнун Коопсуздук кеңешинде, бардык эл аралык финансы институттарында Африканын салмагын арттыруу зарыл деген пикирде", — деди РФ лидери.
Путин Россия менен Африка адилеттүү көп уюлдуу дүйнө түзүүдө союздаш экенин белгилеп, Москва континеттин көз карандысыздыгын сактап, экономикасын жана социалдык тармагын бекемдөөгө тилектеш экенине токтолгон.
Президент Африка Россия менен кызматташуусун өнүктүрүүгө кызыкдар экенине ишеним артты. Ал россиялык компаниялар Африканын ресурсун чыгарып кетүүгө умтулбастан, аймакта тең ата бизнес жүргүзөрүн белгиледи.
Эскерте кетсек, "Россия — Африка" үчүнчү саммити менен экономикалык жана гуманитардык форум Москвада кечээ башталган, иш-чара бүгүн жыйынтыкталат.