https://sputnik.kg/20261029/budapesht-fashistterden-kantip-tazalanganyn-bayandagan-video-1104593248.html
Гитлер "колдон чыгарбагыла" деген Будапешт фашисттерден кантип тазаланган. Видео
Гитлер "колдон чыгарбагыла" деген Будапешт фашисттерден кантип тазаланган. Видео
Sputnik Кыргызстан
Ошол күндөрү Венгриянын борборундагы ар бир үй чепке, ар бир квартал бастионго айланган. Советтик аскерлер немецтерди кадам сайын, тагыраагы, жер төлөдөн тарта... 29.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-29T20:18+0600
2026-10-29T20:18+0600
2026-10-29T20:18+0600
улуу ата мекендик согуш
будапешт
венгрия
бошотуу
фашисттер
советтик жоокерлер
видео
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1d/1104593773_0:29:270:181_1920x0_80_0_0_edf02b67d8e1912c093d71f8d0288a44.jpg
Улуу Ата Мекендик согуштун учурунда, тагыраагы, 1944-жылы 29-октябрда Будапешт операциясы башталган. Кызыл армия немецтерден бошоткон Европа мамлекеттеринин борборлорунун ичинен эмнеликтен Будапешт шаарын алууга көп убакыт кеткенин айтып беребиз. Немецтик армиянын башчысы Адольф Гитлердин "кандай болсо да колдон чыгарбагыла" деген талабы болгон. Эгерде Венгриянын калган аймагы мунайынан улам маанилүү болуп турса, борбор калаа өнөр жайы менен кызыктырган. Албетте, борбор шаардын өзүнүн аскердик жана саясий баалуулугу болгон. Немецтер үч жолу жан далбас кылып аракеттенген. Максат — гарнизондун чыгып кетиши эмес, тескерисинче, жаңы күчтөр менен толуктоо эле. Будапешттин курчоосу жана аны камалоо. Венгриянын борборундагы ар бир үй чепке, ар бир квартал бастионго айланган. Немецтер колундагы бардык күчтөрдү, анын ичинде таратылган венгр армиясынын жергиликтүү нацисттик "Кайчылашкан жебелер" партиясын колдогон жоокерлерин да салган. Ошондон улам кырчылдышкан көчөдөгү бетме-бет кармаш Будапешт салгылашынын өзгөчөлүгү болуп калган. Душманды чатырга киргизе кубалоо. Бул сөз венгр согушу учурунда чыккан. Кызыл армиянын чабуул койгон бөлүктөрү немецтерди кадам сайын, тагыраагы, жер төлөдөн тарта имараттардын, тамдардын чатырына чейин тинтип, тазалап жүрүп отурган. Маалыматтар боюнча, мээлеп туруп атып жаткан артиллерия да жоокерлерге жардамчы болгон. Бирок шаарды колдон келишинче абайлап, болушунча бүлүндүрбөй алып калуу милдети да тагылган. Будапештти бошотуу жана немецтердин коргонуп турган топторун талкалоо Гитлерди венгр мунайынан эле кол жуудурбастан, Балкандан фашисттердин кетишин тездетти. Советтик аскерлердин Чехословакия менен Австрияга чабуул кое турган мүмкүнчүлүгүн арттырды.
будапешт
венгрия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1d/1104593955_29:0:270:181_1920x0_80_0_0_2ff3f2dede1f176a0b2105999de43cce.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
улуу ата мекендик согуш, будапешт, венгрия, бошотуу, фашисттер, советтик жоокерлер, видео, видео
улуу ата мекендик согуш, будапешт, венгрия, бошотуу, фашисттер, советтик жоокерлер, видео, видео
Гитлер "колдон чыгарбагыла" деген Будапешт фашисттерден кантип тазаланган. Видео
Ошол күндөрү Венгриянын борборундагы ар бир үй чепке, ар бир квартал бастионго айланган. Советтик аскерлер немецтерди кадам сайын, тагыраагы, жер төлөдөн тарта имараттардын, тамдардын чатырына чейин тинтип, тазалап жүрүп отурган.
Улуу Ата Мекендик согуштун учурунда, тагыраагы, 1944-жылы 29-октябрда Будапешт операциясы башталган.
Кызыл армия немецтерден бошоткон Европа мамлекеттеринин борборлорунун ичинен эмнеликтен Будапешт шаарын алууга көп убакыт кеткенин айтып беребиз.
Немецтик армиянын башчысы Адольф Гитлердин "кандай болсо да колдон чыгарбагыла" деген талабы болгон. Эгерде Венгриянын калган аймагы мунайынан улам маанилүү болуп турса, борбор калаа өнөр жайы менен кызыктырган. Албетте, борбор шаардын өзүнүн аскердик жана саясий баалуулугу болгон. Немецтер үч жолу жан далбас кылып аракеттенген. Максат — гарнизондун чыгып кетиши эмес, тескерисинче, жаңы күчтөр менен толуктоо эле.
Будапешттин курчоосу жана аны камалоо. Венгриянын борборундагы ар бир үй чепке, ар бир квартал бастионго айланган. Немецтер колундагы бардык күчтөрдү, анын ичинде таратылган венгр армиясынын жергиликтүү нацисттик "Кайчылашкан жебелер" партиясын колдогон жоокерлерин да салган. Ошондон улам кырчылдышкан көчөдөгү бетме-бет кармаш Будапешт салгылашынын өзгөчөлүгү болуп калган.
Душманды чатырга киргизе кубалоо. Бул сөз венгр согушу учурунда чыккан. Кызыл армиянын чабуул койгон бөлүктөрү немецтерди кадам сайын, тагыраагы, жер төлөдөн тарта имараттардын, тамдардын чатырына чейин тинтип, тазалап жүрүп отурган. Маалыматтар боюнча, мээлеп туруп атып жаткан артиллерия да жоокерлерге жардамчы болгон. Бирок шаарды колдон келишинче абайлап, болушунча бүлүндүрбөй алып калуу милдети да тагылган.
Будапештти бошотуу жана немецтердин коргонуп турган топторун талкалоо Гитлерди венгр мунайынан эле кол жуудурбастан, Балкандан фашисттердин кетишин тездетти. Советтик аскерлердин Чехословакия менен Австрияга чабуул кое турган мүмкүнчүлүгүн арттырды.