https://sputnik.kg/20261028/mopedderdi-miyzamdashtyruu-sunushtaldy-1104568607.html
Мопед, скутерлерди мыйзамдаштырып, ээлерин бир ай окутуу сунушталды
Мопед, скутерлерди мыйзамдаштырып, ээлерин бир ай окутуу сунушталды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Документтери жок мопед, мотоцикл жана скутерлерди мыйзамдаштыруу, ошондой эле алардын айдоочуларына А1 категориясындагы айдоочулук... 28.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-28T21:40+0600
2026-10-28T21:40+0600
2026-10-28T21:40+0600
кыргызстан
иим
мопед
скутер
айдоочулук күбөлүк
транспорт
https://sputnik.kg/img/07e8/09/0b/1088607615_337:879:2182:1917_1920x0_80_0_0_db35d27df40afc8b9cfdc1f9b9082db8.jpg
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Документтери жок мопед, мотоцикл жана скутерлерди мыйзамдаштыруу, ошондой эле алардын айдоочуларына А1 категориясындагы айдоочулук күбөлүк алуу үчүн жеңилдетилген шарттарды түзүү сунушталууда. Бул тууралуу президенттин жарлыгынын долбоорунда айтылат. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, мындай транспорт каражаттарынын бир бөлүгү өлкөгө товар катары алып келинип, айрым учурларда мамлекеттик каттоодон өтпөй калууда. Аларды мыйзамдаштыруу транспорт каражаттарынын ээлерин аныктоого жана мыйзам талаптарынын сакталышын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Долбоордо А1 категориясындагы айдоочуларды даярдоо курсунун мөөнөтүн 30 күнгө чейин кыскартуу жана окуу үчүн жеңилдетилген тариф каралган. Мындан тышкары, белгиленген мөөнөттө мыйзамдаштырылбаган транспорт каражаттары айып короого киргизилет. Аларды утилдештирүү соттун чечиминин негизинде жүргүзүлөт. Документ расмий жарыялангандан кийин жети күн өткөн соң күчүнө кирери айтылды.
https://sputnik.kg/20260826/moped-skuter-myjzamdashtyruu-sunush--1103201103.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/09/0b/1088607615_594:728:2167:1907_1920x0_80_0_0_98b689df33bc2dc94eebd2064fae1756.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, иим, мопед, скутер, айдоочулук күбөлүк, транспорт
кыргызстан, иим, мопед, скутер, айдоочулук күбөлүк, транспорт
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Документтери жок мопед, мотоцикл жана скутерлерди мыйзамдаштыруу, ошондой эле алардын айдоочуларына А1 категориясындагы айдоочулук күбөлүк алуу үчүн жеңилдетилген шарттарды түзүү сунушталууда. Бул тууралуу президенттин жарлыгынын долбоорунда айтылат.
Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, мындай транспорт каражаттарынын бир бөлүгү өлкөгө товар катары алып келинип, айрым учурларда мамлекеттик каттоодон өтпөй калууда. Аларды мыйзамдаштыруу транспорт каражаттарынын ээлерин аныктоого жана мыйзам талаптарынын сакталышын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.
Долбоордо А1 категориясындагы айдоочуларды даярдоо курсунун мөөнөтүн 30 күнгө чейин кыскартуу жана окуу үчүн жеңилдетилген тариф каралган.
Мындан тышкары, белгиленген мөөнөттө мыйзамдаштырылбаган транспорт каражаттары айып короого киргизилет. Аларды утилдештирүү соттун чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
Документ расмий жарыялангандан кийин жети күн өткөн соң күчүнө кирери айтылды.