https://sputnik.kg/20261027/putin-stubb-menen-ukrainany-talkuulady-1104546556.html
Путин Финляндия жана Норвегия лидерлери менен украин маселесин талкуулады
Путин Финляндия жана Норвегия лидерлери менен украин маселесин талкуулады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин Финляндия президенти Александр Стубб жана Норвегиянын премьери Йонас Гар Стере менен телефондон... 27.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-27T17:31+0600
2026-10-27T17:31+0600
2026-10-27T17:31+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
россия
европа
украина
владимир путин
сүйлөшүү
https://sputnik.kg/img/104502/85/1045028544_0:0:3269:1839_1920x0_80_0_0_a41cfbf76d31f95eb55608082d3562e7.jpg
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин Финляндия президенти Александр Стубб жана Норвегиянын премьери Йонас Гар Стере менен телефондон сүйлөшкөнүн Кремль кабарлады. Путин Евробиримдик менен НАТОнун касташкан саясатын белгилеп, мындай жагдай согушту создуктуруп жатканын айткан. Мындан тышкары, РФ лидери Стубб менен Стерени Алешек аймагындагы гуманитардык операциянын башталышы тууралуу кабардар кылып, Херсон багытында убактылуу тынчтык режими өкүм сүрүп жатканын кошумчалады. Тараптар Балтика деңизи менен Европанын түндүгүндө коопсуздукту камсыздоо маселесин талкуулашкан. Баарлашуунун жыйынтыгы менен телефон сүйлөшүүлөрүн мындан ары да улантууну макулдашышты. Путин менен сүйлөшүү жүргөнүн фин президентинин канцеляриясы да кабарлады. Андан кийин Стубб жана Стере Владимир Зеленский менен байланышкан. Белгилей кетсек, мындан туура бир апта мурун Ослодо АКШ президентинин чабарманы Стив Уиткофф, Владимир Зеленский жана Финляндия президенти менен Норвегия премьери болуп абалды жөнгө салуу маселеси талкууланган. Аларга аралыктан Дональд Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер кошулган. Эртеси Уиткофф Петербургда Путиндин кабыл алуусунда болгон. Президент Россия АКШ жана Украинанын катышуусу менен үч тараптуу жолугушууну жандантууга даяр экенин билдирген. Песковдун айтымында, жолугушуу БАЭде ноябрдын биринчи жарымында болушу ыктымал.
https://sputnik.kg/20261027/kiyev-zaporozhe-aesine-chabuuldu-toktotposo-evropa-zhabyrkayt-1104539844.html
европа
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104502/85/1045028544_0:0:2729:2047_1920x0_80_0_0_8bbba55269117606883fda426f58d544.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, европа, украина, владимир путин, сүйлөшүү
дүйнөдө, россия, европа, украина, владимир путин, сүйлөшүү
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин Финляндия президенти Александр Стубб жана Норвегиянын премьери Йонас Гар Стере менен телефондон сүйлөшкөнүн Кремль кабарлады.
"Президент украин жаңжалынын түпкү себептерин эске салып, кагылышуу жүрүп жаткан аймактардагы абалга баа берди. Узак мөөнөттүү тынчтык Россиянын мыйзамдуу кызыкчылыктары эске алынганда гана орной турганы белгиленди", — деп жазылат билдирүүдө.
Путин Евробиримдик менен НАТОнун касташкан саясатын белгилеп, мындай жагдай согушту создуктуруп жатканын айткан. Мындан тышкары, РФ лидери Стубб менен Стерени Алешек аймагындагы гуманитардык операциянын башталышы тууралуу кабардар кылып, Херсон багытында убактылуу тынчтык режими өкүм сүрүп жатканын кошумчалады.
Тараптар Балтика деңизи менен Европанын түндүгүндө коопсуздукту камсыздоо маселесин талкуулашкан. Баарлашуунун жыйынтыгы менен телефон сүйлөшүүлөрүн мындан ары да улантууну макулдашышты.
Путин менен сүйлөшүү жүргөнүн фин президентинин канцеляриясы да кабарлады. Андан кийин Стубб жана Стере Владимир Зеленский менен байланышкан.
Белгилей кетсек, мындан туура бир апта мурун Ослодо АКШ президентинин чабарманы Стив Уиткофф, Владимир Зеленский жана Финляндия президенти менен Норвегия премьери болуп абалды жөнгө салуу маселеси талкууланган. Аларга аралыктан Дональд Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер кошулган.
Эртеси Уиткофф Петербургда Путиндин кабыл алуусунда болгон. Президент Россия АКШ жана Украинанын катышуусу менен үч тараптуу жолугушууну жандантууга даяр экенин билдирген. Песковдун айтымында, жолугушуу БАЭде ноябрдын биринчи жарымында болушу ыктымал.