https://sputnik.kg/20261026/sssr-sputnik-ehkran-1104528923.html
СССР 50 жыл мурун биринчи болуп түз телекөрсөтүү спутнигин орбитага учурган
СССР 50 жыл мурун биринчи болуп түз телекөрсөтүү спутнигин орбитага учурган
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Мындан туура 50 жыл мурун, 1976-жылдын 26-октябрында, СССР дүйнөдөгү алгачкы түздөн-түз телекөрсөтүү спутниги — "Экранды" орбитага... 26.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-26T20:07+0600
2026-10-26T20:07+0600
2026-10-26T20:07+0600
дүйнөдө
ссср
спутник
телевидение
https://sputnik.kg/img/101689/85/1016898513_0:151:3103:1896_1920x0_80_0_0_531c6917650b454c53f007551ca0272e.jpg
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Мындан туура 50 жыл мурун, 1976-жылдын 26-октябрында, СССР дүйнөдөгү алгачкы түздөн-түз телекөрсөтүү спутниги — "Экранды" орбитага учурган. @SputnikLive тарыхый окуянын чоо-жайын айтып берди. 1970-жылдардын ортосунда "Орбита" системасы СССРдин басымдуу бөлүгүн камтыганы менен алыскы аймактарга сигнал жетпеген боюнча калган. Маселени прикладдык механиканын адистери колго алып, ошол доордо өткөрүү кубаты укмуштуудай деп эсептелген, жапжаңы башкаруу системасы жана Күндү ээрчип иштеген батареялары менен жабдылган космостук аппарат жасап чыгышат. "Протон-К" Байкоңурдан учурулуп, спутникти стационардык орбитага чыгарган. "Экрандын" күчтүү сигналы Жердеги ири станциялардан баш тартууга мүмкүнчүлүк берген, башкача айтканда, мыкты сапаттагы сүрөттөрдү эми жөнөкөй жана арзан коллективдик антенналар кабыл ала баштаган. Жаңы аппарат 9 миллион чарчы метр аянтты, тагыраагы, СССРдин дээрлик 40 пайызын камтыган. "Экрандын" ишке кириши менен Борбордук телевидениенин берүүлөрүн Түндүктүн тургундары, БАМ куруучулары, Сибирдеги нефтичилер, Түндүк сууларындагы кемелердин экипаждары көрүп, жалпы телеаудиторияга 20 миллиондой адам кошулган. "Экрандын" ишке кириши чыныгы технологиялык революция болуп, космосту өөздөштүрүү миллиондогон элдин муктаждыгы үчүн кызмат кыларын далилдеди.
https://sputnik.kg/20261012/voskhod-1-kemesinin-sapary-1104240842.html
ссср
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/101689/85/1016898513_187:0:2916:2047_1920x0_80_0_0_9c734c21818422a10e06df4fb84981ce.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, ссср, спутник, телевидение
дүйнөдө, ссср, спутник, телевидение
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Мындан туура 50 жыл мурун, 1976-жылдын 26-октябрында, СССР дүйнөдөгү алгачкы түздөн-түз телекөрсөтүү спутниги — "Экранды" орбитага учурган.
@SputnikLive тарыхый окуянын чоо-жайын айтып берди.
1970-жылдардын ортосунда "Орбита" системасы СССРдин басымдуу бөлүгүн камтыганы менен алыскы аймактарга сигнал жетпеген боюнча калган. Маселени прикладдык механиканын адистери колго алып, ошол доордо өткөрүү кубаты укмуштуудай деп эсептелген, жапжаңы башкаруу системасы жана Күндү ээрчип иштеген батареялары менен жабдылган космостук аппарат жасап чыгышат.
"Протон-К" Байкоңурдан учурулуп, спутникти стационардык орбитага чыгарган. "Экрандын" күчтүү сигналы Жердеги ири станциялардан баш тартууга мүмкүнчүлүк берген, башкача айтканда, мыкты сапаттагы сүрөттөрдү эми жөнөкөй жана арзан коллективдик антенналар кабыл ала баштаган.
Жаңы аппарат 9 миллион чарчы метр аянтты, тагыраагы, СССРдин дээрлик 40 пайызын камтыган. "Экрандын" ишке кириши менен Борбордук телевидениенин берүүлөрүн Түндүктүн тургундары, БАМ куруучулары, Сибирдеги нефтичилер, Түндүк сууларындагы кемелердин экипаждары көрүп, жалпы телеаудиторияга 20 миллиондой адам кошулган.
"Экрандын" ишке кириши чыныгы технологиялык революция болуп, космосту өөздөштүрүү миллиондогон элдин муктаждыгы үчүн кызмат кыларын далилдеди.