https://sputnik.kg/20261026/prezident-sottor-ukmkdan-korkpogula-1104515958.html
УКМКдан коркпогула! Садыр Жапаров сотторго кайрылды
УКМКдан коркпогула! Садыр Жапаров сотторго кайрылды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров судьяларды УКМК кызматкерлеринен коркпоого жана кылмыш иштерин кароодо көз карандысыз чечим чыгарууга... 26.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-26T10:54+0600
2026-10-26T10:54+0600
2026-10-26T10:54+0600
кыргызстан
чаткал
садыр жапаров
сот
укмк
кыйноо
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1a/1104515792_0:36:1280:756_1920x0_80_0_0_88f274054dbe02e73725166332f28e91.jpg
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров судьяларды УКМК кызматкерлеринен коркпоого жана кылмыш иштерин кароодо көз карандысыз чечим чыгарууга чакырды. Бул тууралуу ал Чаткал районунун тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди. Өлкө башчыга Курулуш айылынын тургуну кайрылып, "СИЗОдо жаткан жолдошу кыйноого кабылганын" айткан. Даттануучу берген маалыматка караганда, жолдошу эки жыл мурда алдамчылык боюнча УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Аял тергөөчүлөр башка бир адамды күйөөсүнө каршы арыз жазууга мажбурлашканын билдирди. Мындан тышкары, ал тергөөчүлөрдү жолдошун кыйноого алган деп айыптады. Тергөөнүн маалыматы боюнча, айыпталуучу ишкерлердин маселесин чечип берүүнү убада кылып, акча алган. Иш буга чейин сотко өткөрүлүп, айыпталуучу камакта отурат. Маалыматтарды уккандан кийин Жапаров сот тутумунун өкүлдөрүнө кайрылып, ишти калыс кароого чакырды. "Судьялар, ишти адилеттүү карагыла. Эч кимден коркпогула. Эгер ишти УКМК козгогон болсо, УКМКдан коркпогула. Силер көз карандысызсыңар", — деди президент. Ал ошондой эле аялдын жүйөлөрүнө көңүл буруп, айтып берген жагдайларды текшерүүнү тапшырды.
https://sputnik.kg/20261026/zhaparov-mektep-reketchiligi-boyuncha-1104514757.html
чаткал
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1a/1104515792_113:0:1168:791_1920x0_80_0_0_19d3f7ab32a153599fd9a0051ead9d18.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, чаткал, садыр жапаров, сот, укмк, кыйноо
кыргызстан, чаткал, садыр жапаров, сот, укмк, кыйноо
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров судьяларды УКМК кызматкерлеринен коркпоого жана кылмыш иштерин кароодо көз карандысыз чечим чыгарууга чакырды. Бул тууралуу ал Чаткал районунун тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.
Өлкө башчыга Курулуш айылынын тургуну кайрылып, "СИЗОдо жаткан жолдошу кыйноого кабылганын" айткан.
Даттануучу берген маалыматка караганда, жолдошу эки жыл мурда алдамчылык боюнча УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Аял тергөөчүлөр башка бир адамды күйөөсүнө каршы арыз жазууга мажбурлашканын билдирди. Мындан тышкары, ал тергөөчүлөрдү жолдошун кыйноого алган деп айыптады.
"Сабап, белин, кабыргасын сындырып, тырмактарынын алдына ийне сайышкан", — деди аял.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, айыпталуучу ишкерлердин маселесин чечип берүүнү убада кылып, акча алган. Иш буга чейин сотко өткөрүлүп, айыпталуучу камакта отурат.
Маалыматтарды уккандан кийин Жапаров сот тутумунун өкүлдөрүнө кайрылып, ишти калыс кароого чакырды.
"Судьялар, ишти адилеттүү карагыла. Эч кимден коркпогула. Эгер ишти УКМК козгогон болсо, УКМКдан коркпогула. Силер көз карандысызсыңар", — деди президент.
Ал ошондой эле аялдын жүйөлөрүнө көңүл буруп, айтып берген жагдайларды текшерүүнү тапшырды.