https://sputnik.kg/20261026/aksh-orban-buunun-bash-katchysy-1104515617.html
WSJ: АКШ Орбанды БУУнун баш катчысы кызматына ат салышууга чакырды
WSJ: АКШ Орбанды БУУнун баш катчысы кызматына ат салышууга чакырды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. АКШ Венгриянын экс-премьер-министри Виктор Орбанды БУУнун баш катчысы кызматына ат салышууга чакырганын Wall Street Journal маалымат... 26.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-26T11:40+0600
2026-10-26T11:40+0600
2026-10-26T11:40+0600
дүйнөдө
буу
виктор орбан
башкы катчы
талапкер
https://sputnik.kg/img/07e9/06/1a/1094902567_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_5cc55e3720a0e7f21105a439ec5917f0.jpg
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. АКШ Венгриянын экс-премьер-министри Виктор Орбанды БУУнун баш катчысы кызматына ат салышууга чакырганын Wall Street Journal маалымат булактарына таянуу менен кабарлады. https://www.wsj.com/ Басылманын айтымында, Россия менен Кытай демилгени колдоого даяр. "АКШ, Россия, Кытай үчөө БУУнун Коопсуздук кеңешинде бир нерсени көздөсө, адатта ал максат аткарылат", — деп жазылат макалада. Гезитке маалымат бергендер Мамлекеттик департамент Орбан БУУнун Коопсуздук кеңешинде 15 добуштун 10уна ээ боло аларын эсептеп чыкканын айтып беришкен. "Британия менен Франция ошондо да көпчүлүккө каршы чыгабы? Бул эки мамлекет вето укугун өтө этияттык менен пайдаланат эмеспи", — деген басылма. БУУнун баш катчылыгына алтынчы ирет алдын ала добуш берүүнүн жыйынтыгында бир да талапкер бешиликтин (Россия, АКШ, Улуу Британия, Франция, Кытай) ветосунан өтө алган эмес. Алдыңкы сапка Коста-Риканын экс-вице-президенти Ребека Гринспан чыкканы менен Коопсуздук кеңешинин эки туруктуу мүчөсү анын талапкерлигин колдобой койгон. БУУну жетектөөгө Гайанадан Кэролин Родригес-Биркетт, Коста-Рикадан Ребека Гринспан, Аргентинадан Рафаэль Гросси, Эквадордон Мария Фернанда Эспиноса менен Ивон Бакки, Угандадан Олара Отунну жана БАЭден Лана Нусейбе ат салышууда. Азыркы баш катчы Антониу Гутерриштин мөөнөтү ушул жылдын 31-декабрында бүтөт.
https://sputnik.kg/20260901/lukashenko-shku-kytaj-rossiya-indiya-demilge-1103376438.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/06/1a/1094902567_199:0:2930:2048_1920x0_80_0_0_4bb25f15c787b4687910c66fd9bc6cff.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, буу, виктор орбан, башкы катчы , талапкер
дүйнөдө, буу, виктор орбан, башкы катчы , талапкер
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. АКШ Венгриянын экс-премьер-министри Виктор Орбанды БУУнун баш катчысы кызматына ат салышууга чакырганын Wall Street Journal маалымат булактарына таянуу менен кабарлады. https://www.wsj.com/
"Трамптын администрациясы БУУнун баш катчылыгына Орбандын талапкерлигин жактырууда. АКШ Венгриянын мурунку өкмөт башчысына жарышка түшүүнү сунуштады", — деп жазган гезит.
Басылманын айтымында, Россия менен Кытай демилгени колдоого даяр.
"АКШ, Россия, Кытай үчөө БУУнун Коопсуздук кеңешинде бир нерсени көздөсө, адатта ал максат аткарылат", — деп жазылат макалада.
Гезитке маалымат бергендер Мамлекеттик департамент Орбан БУУнун Коопсуздук кеңешинде 15 добуштун 10уна ээ боло аларын эсептеп чыкканын айтып беришкен.
"Британия менен Франция ошондо да көпчүлүккө каршы чыгабы? Бул эки мамлекет вето укугун өтө этияттык менен пайдаланат эмеспи", — деген басылма.
БУУнун баш катчылыгына алтынчы ирет алдын ала добуш берүүнүн жыйынтыгында бир да талапкер бешиликтин (Россия, АКШ, Улуу Британия, Франция, Кытай) ветосунан өтө алган эмес. Алдыңкы сапка Коста-Риканын экс-вице-президенти Ребека Гринспан чыкканы менен Коопсуздук кеңешинин эки туруктуу мүчөсү анын талапкерлигин колдобой койгон.
БУУну жетектөөгө Гайанадан Кэролин Родригес-Биркетт, Коста-Рикадан Ребека Гринспан, Аргентинадан Рафаэль Гросси, Эквадордон Мария Фернанда Эспиноса менен Ивон Бакки, Угандадан Олара Отунну жана БАЭден Лана Нусейбе ат салышууда.
Азыркы баш катчы Антониу Гутерриштин мөөнөтү ушул жылдын 31-декабрында бүтөт.