https://sputnik.kg/20261026/-psikhotroptuk-zat-tabyldy--1104526711.html
Бишкекте аба тазалагычтын ичинен 4,5 млн. сомдук баңгизат табылды
Бишкекте аба тазалагычтын ичинен 4,5 млн. сомдук баңгизат табылды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Бишкекте 1 килограмм 64 грамм баңгизат менен 28 жаштагы жаран колго түштү. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. 26.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-26T16:16+0600
2026-10-26T16:16+0600
2026-10-26T16:16+0600
кыргызстан
бишкек
россия
иим
маңзат
баңгизат
кылмыш
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/09/1097724002_0:537:850:1015_1920x0_80_0_0_19d50c85a6d9087804aed307f0dcee6b.jpg
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Бишкекте 1 килограмм 64 грамм баңгизат менен 28 жаштагы жаран колго түштү. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, ал Россиядан Кыргызстанга жөнөтүлгөн посылканы алып жаткан жеринен кармалган. Тинтүү учурунда аба тазалагычтын ичинен психотроптук каражат табылган. ИИМдин билдиришинче, шектүү төрт айдан бери психотроптук заттарды жашыруун жайларга бекитип кетүү менен алектенип келген. Алдын ала эсептөөлөргө караганда, табылган препараттар мыйзамсыз сатылганда баасы 4,5 миллион сомду түзмөк. Аталган операция КР ИИМинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы, Россия ИИМинин Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгы жана Федералдык бажы кызматы менен биргеликте жүргүзүлдү. Учурда интернет-дүкөн аркылуу иш жүргүзгөн кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүнүн өздүгүн аныктоо боюнча ыкчам-тергөө аракеттери уланууда.
https://sputnik.kg/20261020/bangizat-satkandar-bala-belgi-1104400201.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/09/1097724002_0:457:850:1095_1920x0_80_0_0_1bbee6a4357fd9dc17e38eae8b7e25e3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, россия, иим, маңзат, баңгизат, кылмыш
кыргызстан, бишкек, россия, иим, маңзат, баңгизат, кылмыш
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Бишкекте 1 килограмм 64 грамм баңгизат менен 28 жаштагы жаран колго түштү. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, ал Россиядан Кыргызстанга жөнөтүлгөн посылканы алып жаткан жеринен кармалган. Тинтүү учурунда аба тазалагычтын ичинен психотроптук каражат табылган.
ИИМдин билдиришинче, шектүү төрт айдан бери психотроптук заттарды жашыруун жайларга бекитип кетүү менен алектенип келген. Алдын ала эсептөөлөргө караганда, табылган препараттар мыйзамсыз сатылганда баасы 4,5 миллион сомду түзмөк.
Аталган операция КР ИИМинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы, Россия ИИМинин Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгы жана Федералдык бажы кызматы менен биргеликте жүргүзүлдү.
Учурда интернет-дүкөн аркылуу иш жүргүзгөн кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүнүн өздүгүн аныктоо боюнча ыкчам-тергөө аракеттери уланууда.