https://sputnik.kg/20261025/stalbek-baktygulovdun-omur-zholu-1104479718.html
Дүйнөгө белгилүү дирижерду таңданткан композитор Сталбек Бактыгуловду эскерүү
Дүйнөгө белгилүү дирижерду таңданткан композитор Сталбек Бактыгуловду эскерүү
Sputnik Кыргызстан
Сталбек Бактыгулов — кыргыз музыкасынын өзгөчө из калтырган өкүлдөрүнүн бири. Ал композитор гана эмес, акындыкка жана прозага да кайрылган чыгармачыл инсан... 25.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-25T18:43+0600
2026-10-25T18:43+0600
2026-10-25T18:43+0600
кыргызстан
туяк
музыка
искусство
композитор
сталбек бактыгулов
эскерүү
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/0c/1104233385_0:47:1331:796_1920x0_80_0_0_150a4638af8d9346d005933d4e832caa.jpg
Sputnik Кыргызстан радиосунда жубайы, акын Сүйүн Кубатова менен "Туяк" программасынын алкагында Сталбек Бактыгуловду эскердик. — Таланттуу композитор Сталбек Бактыгулов тууралуу баарлашуунун алдында алгач эскерүү кечесинин өтүшү жөнүндө айтып берсеңиз... — Сталбек агайыңар кыргызга бир жаралган таланттуу адамдардын катарында. Адам жаралгандан кийин бир канча убакыт жашап өтүп, анан бул жашоо менен кош айтышат экен. Тилекке каршы, 2023-жылы 69 жашында көзү өтүп кетти. Ушул жылдын 9-октябрында эскерүү кечеси болуп өттү. Анын уюштурулушуна Айым Сталбек кызы аттуу керемет кыз себепчи болду. Мурун "агай, мен да сиздин кызыңызмын" деп жаркылдап, Сталбектин көзү тирүүсүндө жолугуп, сабак алып кетчү экен. Өзүнүн атасынын аты да Сталбек экен. Ошол кыз мени колтугумдан жөлөп, "эскерүү кечеси өтүшү керек" деп уюштурууга көмөкчү болду. Өзү да абдан таланттуу, билимдүү кыз экен. — Агайдын бала чагы Чүй боорунда өткөнүн билебиз. — Сталбек Чүй боорунун тоо этегинде жайлоодой болгон керемет Кегети айылында туулуп-өскөн. 1-классты ошол жактан бүтүргөн. Төрт жашында ооруга чалдыккандыктан алгач эжекеси мектепке көтөрүп барып келчү экен. Ага чейин чыбыкты ат кылып минип, дасторконду тебелеп кеткен аябай тентек, кыймылдуу бала болчу дешет. Кыргыздар ырымчыл эмеспи, тогуз айында басып кеткен Сталбекти киши келе жатканда өйдө ала калышчу экен. Төрт жашында полиомиелит менен ооруган баланы алып барбаган дарыгери, окутпаган молдосу калбайт. Кийин 4-5-класска барганда мугалимдер үйүнө келип окутушуптур. Ошентип, Сталбек 8-класста мектепте окуп жүргөндө согуштан бутунан жаракат алып, балдак таянып калган айылдашы балдакка үйрөткөн экен. Ошондон кийин балдак таянып калыптыр. Ошол кезде эле музыкага жакын болуп, өздүк көркөм чыгармачылык тобунда мандолинада ойноп, мектептин кечелерине катышып жүрөт. Ал эми 8-9-класска барганда аңгемелери, ырлары дубал гезиттерине, райондук басылмаларга чыга баштайт. Бир жолу 9-класста мектептен келип, эшиктин алдында отурган апасына: "Апа, апа, ыр чыгардым, айтып берейинби?" — деп сураса, апасы: "Кана, балакетиңди алайын, айтчы", — дейт. "Кегетиде турамын, апа, карчыгада курагым, апа, баса албай ушул тоолордо, апа, капа болуп турамын, апа", — десе эле апасы шолоктоп ыйлап кирген экен. "Ии, апа, мен сизди ыр чыгарып кубантам деп жатып ыйлатып алган турбаймынбы", — деп кучактаганын эскерип айтып берчү эле. Классташ балдары да "балдакчан кантип чуркасын" дегендей тийишип, жарышасыңбы деп турушчу дейт. Анан балдагы менен жарышып, биринчи-экинчи келчү экен. Сабакты, өзгөчө математиканы жакшы окугандыктан атасы да "сен эми экономист эле бол, счетуңду кагып отура бересиң" деп уулунун ден соолугуна кам көрөт. Сталбек макул дегени менен көкүрөгүндө музыканы көксөгөн жаны борборго келгенде Мураталы Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайга өтүп алган экен. Ошону менен атасына да айтып, төрт жыл окуп бүтүрөт. Атайбек Бөдөшев, Каныкей Эралиевалар менен тайпалаш болгон. Бирок айылда отуруп алып эле колго чөп чаап, чөп жыйып көнүп калган Сталбектин колдору аябай жоон болгондуктан фортепианодон сабак берген мугалимдердин баары баш тартып, эптеп бир класска алынат. Бир жыл күнү-түнү фортепианодо ойноп, кээде ошол жерде түнөп жүрсө, окутуучулар "Бактыгулов деген неме минтип отурса, жинди болуп калат. Класстарды жаап салгыла, ачкычты бербегиле" деп класстардын баарын жаптырып салышат. Анын да айласын таап, окуу жайга кароолчу болуп орношуп алган экен. Себеби ачкычтын баары кароолчуда да. Ошентип отуруп, бир жылдын ичинде колдору кадимкидей ичкерип, жакшы ойноп калыптыр. — Кайсы мугалимдерден сабак алган? — Алгач плектр аспабына өтүп, кийин факультетин которгон. Негизи Калый Молдобасанов, Таштан Эрматов, Алтынбек Жаныбеков деген агайлардан сабак алган. Бир жолу Каныкей Эралиева "ай, Сталбек, сен симфония жаатына эле кетип калдың го. Эстрадалык деле ыр жазчы" дептир. Ошондо Карачал Курманбаевдин сөзүнө жазылган "Наристем" деген ырды жазып берген экен. Кийин дүйнөлүк композиторлорго таасирленип, симфонияга кызыгып кетет. Андан кийин консерваторияда композиторлук боюнча билим алат. Фантаст жазуучу Беганас Сартов "Тоо жылдыздары" аттуу ийрим түзүп, ага ошол кездеги жаңы толкун өкүлдөрү: Түгөлбай Казаков, Асанкалый Керимбаев, Айгүл Узакова, Сталбек Бактыгуловдор катышкан. Дал ошондо агайыңар Михаил Огинскийдин "Полонез" деген чыгармасына таасирленип, аталышын "Полонез" деп аңгеме жазган. Андан кийин "Акак билерик", "Өмүр жана көз ирмем" аттуу аңгемелери, "Буурул түн" аттуу новелласы жарык көргөн. Сталбек искусствого адабият аркылуу келген деп айтсак болот. Музыкалык билим алып, музыкага баш койгондо көптөгөн чыгармаларды жазып, Маяк деген каймана ат менен бир катар конкурстарга катышып, баш байгелерди алган. Бирок автору Сталбек Бактыгулов экенин калыстар тобу деле билбей калышкан. Балдагына таянып алып, өзүн-өзү камчылап, көтөрмөлөп турчу, абдан тырышчаак, өжөр эле. Убактысын, өмүрүн чыгармачылыкка арнады. Төрт симфония, 20га жакын поэма, аспаптык-камералык жана симфониялык поэмаларды, сюита, элегияларды, 20дан ашык драмалык спектаклге музыка жазды. Бекем, кайраттуу, оңой менен сынбаган оптимист адам болчу. Сүйлөшкөн адамдардын да маанайын көтөрө билген, духу күчтүү, позитив менен жашай билчү. Ошол эле учурда жакпаган нерсени бетке айтып, кылтыңдагандарды сөз менен сындырып салчу. Ушунусу менен айрымдарды душман кылып алган болуш керек. — Сталбек Бактыгуловду вальс жанрына да жан киргизген композитор катары айтышат. Бул кишинин чыгармаларында дүйнөлүк классикалык музыканын элементтери менен катар улуттук колоритти да байкай алабыз. — 2005-жылы Чарльз Ансбахер аттуу америкалык белгилүү дирижер дүйнөнү кыдырмакчы болуп, Орто Азиядагы композиторлордун чыгармаларын суратыптыр. Кыргызстандык композиторлордун да ноталарын жөнөтүшүп, Ансбахер Сталбектин "Үркүн" деген чыгармасын тандап алып, симфониянын экинчи бөлүгүн жактырып, программасына кошуп алыптыр. Бир күнү эле "ай, Америкадан Чарльз Ансбахер деген келип, менин чыгармамды ойнойт экен. Элестетип көрсөң, Бетховенди, Чайковскийди, анан Сталбек Бактыгуловдун чыгармасын ойнойт экен" деп калды. Айткандай эле Ансбахер Кыргызстанга келгенде балабызды котормочу кылып ээрчитип алып, Борбор Азиядагы Америка университетинен таанышып келди. Анан азыркы Опера жана балет театрына келип, "Ала-Тоо" симфониялык оркестри менен "Үркүндүн" экинчи бөлүгүн аткарды. Абдан толкундандык. Ойлоп көрсөм, кыргыз композиторунун чыгармасы Чайковский менен Бетховендин чыгармаларынын деңгээлинде ойнолушу биздин искусство тарыхыбыздагы зор окуя экен. Чыгарма ойнолуп бүткөндөн кийин Сталбектин балдагынан уялыштыбы, айтор, чакырбай койсо болобу? Ошондо атын атап, сахнага чакырышса Сталбек абдан бактылуу болмок. Чарльз да тура бермек беле, ал деле сахнанын артына кетип калды. Биз жок дегенде гүлүбүздү тапшырып коелу деп сахнанын артына балам экөөбүз барып гүл берсек, "эмнеге силер чыккан жоксуңар?" деп сурады. "Бизди чакырган жок" десек, башын чайкаган боюнча эле кетти. — Жогорудагы чыгармаларды жаратууда, жашоосундагы бардык ийгиликтерге жетүүдө сиздин да салымыңыз зор. Аны айтпай кетпесек болбойт. Сизге кандай жолдош, түгөй болду? Кандайча тааныштыңыздар эле? — Мен өзүм Жумгалдын кызымын. Сталбекти жеке жашоосунда бактылуу жашады деп ишенимдүү айта алам. Эки уулубуз бар. Мен дагы, балдары дагы атабыздын көзүн карап, аздектедик. Балдарыбыз тентектик кылып, капа кылган жок. Роза Карагулова деген эже менен Касымалы Баялинов атындагы китепканада иштеп жүрүп, "Жаш толкунга" катышып, ыр дүйнөсүнө аралашып калдык. Бир күнү ошол кезде Маяковский атындагы кыз-келиндер институтуна жаш чыгармачыл адамдар менен студенттердин жолугушуусуна бардык. Алып баруучу Сталбек Бактыгулов экен. Ага чейин чыгармалары менен тааныш болгондуктан "ии, Бактыгулов ушул турбайбы, үнү сонун экен" деп шыбырашып калдык. Ошентип, Роза эже бизди "акын кыздар" деп чыгармачыл адамдар менен тааныштырды. Мен анда ЦУМ жактагы батиримде жашачумун. Москвадагы адабий институттан каникулга келген Алтынай да мени менен чогуу жашап жаткан. Сталбек болсо Чыгыш-5те жашачу экен. Ошентип, үйүбүз бир тарапта болгондуктан чогуу кеткенбиз. Бара-бара чыгармачылыкты талкуулап жүрүп, кийин жакшы достордон болуп кеттик. Бир жолу Баратбай Аракеев досу иштеген гезитке Сталбек Бактыгуловдун "Бактымды искусстводон издейм" деген тариздеги макаласы чыкты. Эми үйлөнбөйм го деген таризде жазылыптыр. Аны окудук. Анан Сталбекке жолукканда "сиз эмнеге үйлөнбөйсүз? Чыгармачылыктан деле багыңызды издей бериңиз. Бирок жашоодо эки сызык болот. Бирөө — жеке турмуш. Сиздин артыңыздан туяк калышы керек" деп эле кыздар менен тааныштырып баштадык. Абдан боорукермин. "Ушундай таланттуу, башы компьютердей иштеген адам ушинтип үйлөнбөй калмак беле? Бул көп чыгармаларды жазышы керек" дей берчүмүн. Бирок кыздар Сталбекти жактырбайт же бул аларды жактырбай калат, айтор, жылдыздары келишпей койду. Анан бир ирет дагы чогуу келе жатсак, "мага сиздей тарсылдаган кыздар керек, ойлонуп көрбөйсүзбү?" дегенде, оозумду ачып туруп калсам, "жок, мен шаштырбайм, ойлонуп жооп бериңиз" деп эле шашып-бушуп кетип калды. Үйгө келсем, эжем бар экен. Ага айтсам, "ай, ошого эле тий. Ал чыгармачылыкты түшүнгөн адам. Буту ооруганы менен духу күчтүү адам, сени алга жетелейт. Жан дүйнөсү чабал, чыгармачылыкты түшүнбөгөн адамга туш болсоң, ошондо аны жетелеп куурайсың" деп койду. Ошол кезде мен да боорумдан операция болгон кезим. Ойлондум, бирок эч кандай жооп берген жокмун. Кийин ала качып кеткенде отуруп калдым. Эки уулдуу болдук. Балдарым үчүн да кудайга шүгүр келтирип, турмушума да, өзүмө да ыраазы болдум. Себеби Сталбек Бактыгуловду бактылуу кыла алдым, артында туяк калды. — Балдарыңыздар ата жолун жолдоп, музыкага жакын болдубу? — Ооба, Элназ дагы, Бекназ дагы таланттуу, музыкалык шыгы бар. Экөө тең окуусу менен катар Шубинде билим алышты. Лицейде да күчтүү талап менен окутуп, Шубинде да "Бактыгуловдун балдары" деп аябай окутуп жатып, балдар кыйналып кетти. Анан "ай, Стаке, бул балдар музыкант болобу?" деп сурасам, "жок ай, мен жыргап жатамбы? Мен көргөн азапты көрбөй эле коюшсун" деди. Ошентип, Шубинге окутпай койгом. Кичүүбүз кичине кезинде Гарри Поттерге таасирленип, чыгарма жазган. Журналга басып чыгаралы десем, "апа, дагы карап чыгайынчы" деп болбой койду. Экинчи балам киного кызыгып, Эрнист Абдыжапаровдун мастер-класстарына катышып, бир-эки кыска метраждуу фильм тартты. Киноиндустрия абдан оор, каражатты талап кылган тармак экен. "Мен жеңил-желпи эмес, классика тарткым келет" деди. "Саякбай" фильминде директор болуп, бир тыйынынан бери так эсептеп, тартуучу аянтты даярдап берди. Ал эми Элназ Чыңгыз Айтматовдун "Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт" чыгармасынын негизинде сценарий жазып, Санкт-Петербургда 1-орунду алды. Ошондой эле Казат Акматовдун чыгармасынын негизиндеги сценарийи Лондондо 2-орунга татыды. — Сталбек Бактыгуловдун арманы эмнеде болду? — Москвадагы композиторлор үйүнөн билим албай калганы. СССР Композиторлор союзунун төрагасы Тихон Хренников бир ирет жолугуп: "Сталбек Алтымышевич, сиздин өзгөчөлөнгөн, башкача талантыңызды байкап жатабыз. Бизге келип, аспирантурада окуңуз. Сизден мындан да мыкты чыгармаларды күтөбүз", — деп чакырат. Келип атасына айтса "ден соолугуң бул болсо" деп такыр жибербей коюптур. Ал кезде Москва композиторлорго абдан көңүл бурчу. Хренников жатаканада турарын угуп, Чыгыш-5 районунан эки бөлмөлүү батир алдырып берген. Ошол батирде очор-бачар болдук. "Москвада билим алсам, дүйнөлүк деңгээлдеги мындан да сонун чыгармаларды жазмакмын" дечү. Айрым учурда "өзү балдак менен жүрсө, буга ушундай эле болот" дегендей кыска ойлуу адамдардын мамилеси иренжитчү. Негизи, Эмгек кодекси боюнча, майыптыгы бар адам менен дени-карды соо адамдын жумуш убактысы айырмаланат да. Бирок Сталбекке кесиптештери башкалардай эле талап коюшчу. Балдак менен сегиз саат жүрүү оңой эмес да. Кээде бороондуу күндөрү ишке жете албай калса, "Бактыгулов келбей калды" деп атаандашкандар болду. — Ишеналы Арабаев атындагы жогорку окуу жайында жана "Манас" университетинде үзүрлүү эмгектенип, эки жакта тең профессор болду. — Ооба, "Манас" университетине бирөөнүн өтүнүчү менен аны ишке киргизейин деп барса, Сулайман Кайыпов Стакени ишке алып калган. Ошентип, иштеп калды. Ошол кездеги түрк ректору да он жыл бою материалдык жактан аябай жардам берди. Сталбек университеттин да гимнин жазып берген.
https://sputnik.kg/20260908/1103537553.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Нурайым Рысмамбетова
https://sputnik.kg/img/07e7/02/08/1072723228_634:137:847:350_100x100_80_0_0_47f290b43cbec9e6c1b1dd64bcedc9c3.jpg
Нурайым Рысмамбетова
https://sputnik.kg/img/07e7/02/08/1072723228_634:137:847:350_100x100_80_0_0_47f290b43cbec9e6c1b1dd64bcedc9c3.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/0c/1104233385_105:0:1228:842_1920x0_80_0_0_c18e049096e5e3cf83415cfb69d455a9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Нурайым Рысмамбетова
https://sputnik.kg/img/07e7/02/08/1072723228_634:137:847:350_100x100_80_0_0_47f290b43cbec9e6c1b1dd64bcedc9c3.jpg
кыргызстан, туяк, музыка, искусство, композитор, сталбек бактыгулов, эскерүү
кыргызстан, туяк, музыка, искусство, композитор, сталбек бактыгулов, эскерүү
Sputnik Кыргызстан радиосунда жубайы, акын Сүйүн Кубатова менен "Туяк" программасынын алкагында Сталбек Бактыгуловду эскердик.
— Таланттуу композитор Сталбек Бактыгулов тууралуу баарлашуунун алдында алгач эскерүү кечесинин өтүшү жөнүндө айтып берсеңиз...
— Сталбек агайыңар кыргызга бир жаралган таланттуу адамдардын катарында. Адам жаралгандан кийин бир канча убакыт жашап өтүп, анан бул жашоо менен кош айтышат экен. Тилекке каршы, 2023-жылы 69 жашында көзү өтүп кетти. Ушул жылдын 9-октябрында эскерүү кечеси болуп өттү. Анын уюштурулушуна Айым Сталбек кызы аттуу керемет кыз себепчи болду. Мурун "агай, мен да сиздин кызыңызмын" деп жаркылдап, Сталбектин көзү тирүүсүндө жолугуп, сабак алып кетчү экен. Өзүнүн атасынын аты да Сталбек экен. Ошол кыз мени колтугумдан жөлөп, "эскерүү кечеси өтүшү керек" деп уюштурууга көмөкчү болду. Өзү да абдан таланттуу, билимдүү кыз экен.
— Агайдын бала чагы Чүй боорунда өткөнүн билебиз.
— Сталбек Чүй боорунун тоо этегинде жайлоодой болгон керемет Кегети айылында туулуп-өскөн. 1-классты ошол жактан бүтүргөн. Төрт жашында ооруга чалдыккандыктан алгач эжекеси мектепке көтөрүп барып келчү экен. Ага чейин чыбыкты ат кылып минип, дасторконду тебелеп кеткен аябай тентек, кыймылдуу бала болчу дешет. Кыргыздар ырымчыл эмеспи, тогуз айында басып кеткен Сталбекти киши келе жатканда өйдө ала калышчу экен.
Төрт жашында полиомиелит менен ооруган баланы алып барбаган дарыгери, окутпаган молдосу калбайт. Кийин 4-5-класска барганда мугалимдер үйүнө келип окутушуптур. Ошентип, Сталбек 8-класста мектепте окуп жүргөндө согуштан бутунан жаракат алып, балдак таянып калган айылдашы балдакка үйрөткөн экен. Ошондон кийин балдак таянып калыптыр.
Ошол кезде эле музыкага жакын болуп, өздүк көркөм чыгармачылык тобунда мандолинада ойноп, мектептин кечелерине катышып жүрөт. Ал эми 8-9-класска барганда аңгемелери, ырлары дубал гезиттерине, райондук басылмаларга чыга баштайт. Бир жолу 9-класста мектептен келип, эшиктин алдында отурган апасына: "Апа, апа, ыр чыгардым, айтып берейинби?" — деп сураса, апасы: "Кана, балакетиңди алайын, айтчы", — дейт. "Кегетиде турамын, апа, карчыгада курагым, апа, баса албай ушул тоолордо, апа, капа болуп турамын, апа", — десе эле апасы шолоктоп ыйлап кирген экен. "Ии, апа, мен сизди ыр чыгарып кубантам деп жатып ыйлатып алган турбаймынбы", — деп кучактаганын эскерип айтып берчү эле.
Классташ балдары да "балдакчан кантип чуркасын" дегендей тийишип, жарышасыңбы деп турушчу дейт. Анан балдагы менен жарышып, биринчи-экинчи келчү экен. Сабакты, өзгөчө математиканы жакшы окугандыктан атасы да "сен эми экономист эле бол, счетуңду кагып отура бересиң" деп уулунун ден соолугуна кам көрөт.
Сталбек макул дегени менен көкүрөгүндө музыканы көксөгөн жаны борборго келгенде Мураталы Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайга өтүп алган экен. Ошону менен атасына да айтып, төрт жыл окуп бүтүрөт. Атайбек Бөдөшев, Каныкей Эралиевалар менен тайпалаш болгон.
Бирок айылда отуруп алып эле колго чөп чаап, чөп жыйып көнүп калган Сталбектин колдору аябай жоон болгондуктан фортепианодон сабак берген мугалимдердин баары баш тартып, эптеп бир класска алынат. Бир жыл күнү-түнү фортепианодо ойноп, кээде ошол жерде түнөп жүрсө, окутуучулар "Бактыгулов деген неме минтип отурса, жинди болуп калат. Класстарды жаап салгыла, ачкычты бербегиле" деп класстардын баарын жаптырып салышат. Анын да айласын таап, окуу жайга кароолчу болуп орношуп алган экен. Себеби ачкычтын баары кароолчуда да. Ошентип отуруп, бир жылдын ичинде колдору кадимкидей ичкерип, жакшы ойноп калыптыр.
— Кайсы мугалимдерден сабак алган?
— Алгач плектр аспабына өтүп, кийин факультетин которгон. Негизи Калый Молдобасанов, Таштан Эрматов, Алтынбек Жаныбеков деген агайлардан сабак алган.
Бир жолу Каныкей Эралиева "ай, Сталбек, сен симфония жаатына эле кетип калдың го. Эстрадалык деле ыр жазчы" дептир. Ошондо Карачал Курманбаевдин сөзүнө жазылган "Наристем" деген ырды жазып берген экен. Кийин дүйнөлүк композиторлорго таасирленип, симфонияга кызыгып кетет. Андан кийин консерваторияда композиторлук боюнча билим алат.
Фантаст жазуучу Беганас Сартов "Тоо жылдыздары" аттуу ийрим түзүп, ага ошол кездеги жаңы толкун өкүлдөрү: Түгөлбай Казаков, Асанкалый Керимбаев, Айгүл Узакова, Сталбек Бактыгуловдор катышкан. Дал ошондо агайыңар Михаил Огинскийдин "Полонез" деген чыгармасына таасирленип, аталышын "Полонез" деп аңгеме жазган. Андан кийин "Акак билерик", "Өмүр жана көз ирмем" аттуу аңгемелери, "Буурул түн" аттуу новелласы жарык көргөн.
Сталбек искусствого адабият аркылуу келген деп айтсак болот. Музыкалык билим алып, музыкага баш койгондо көптөгөн чыгармаларды жазып, Маяк деген каймана ат менен бир катар конкурстарга катышып, баш байгелерди алган. Бирок автору Сталбек Бактыгулов экенин калыстар тобу деле билбей калышкан. Балдагына таянып алып, өзүн-өзү камчылап, көтөрмөлөп турчу, абдан тырышчаак, өжөр эле. Убактысын, өмүрүн чыгармачылыкка арнады.
Төрт симфония, 20га жакын поэма, аспаптык-камералык жана симфониялык поэмаларды, сюита, элегияларды, 20дан ашык драмалык спектаклге музыка жазды. Бекем, кайраттуу, оңой менен сынбаган оптимист адам болчу. Сүйлөшкөн адамдардын да маанайын көтөрө билген, духу күчтүү, позитив менен жашай билчү. Ошол эле учурда жакпаган нерсени бетке айтып, кылтыңдагандарды сөз менен сындырып салчу. Ушунусу менен айрымдарды душман кылып алган болуш керек.
— Сталбек Бактыгуловду вальс жанрына да жан киргизген композитор катары айтышат. Бул кишинин чыгармаларында дүйнөлүк классикалык музыканын элементтери менен катар улуттук колоритти да байкай алабыз.
— 2005-жылы Чарльз Ансбахер аттуу америкалык белгилүү дирижер дүйнөнү кыдырмакчы болуп, Орто Азиядагы композиторлордун чыгармаларын суратыптыр. Кыргызстандык композиторлордун да ноталарын жөнөтүшүп, Ансбахер Сталбектин "Үркүн" деген чыгармасын тандап алып, симфониянын экинчи бөлүгүн жактырып, программасына кошуп алыптыр.
Бир күнү эле "ай, Америкадан Чарльз Ансбахер деген келип, менин чыгармамды ойнойт экен. Элестетип көрсөң, Бетховенди, Чайковскийди, анан Сталбек Бактыгуловдун чыгармасын ойнойт экен" деп калды. Айткандай эле Ансбахер Кыргызстанга келгенде балабызды котормочу кылып ээрчитип алып, Борбор Азиядагы Америка университетинен таанышып келди. Анан азыркы Опера жана балет театрына келип, "Ала-Тоо" симфониялык оркестри менен "Үркүндүн" экинчи бөлүгүн аткарды. Абдан толкундандык.
Ойлоп көрсөм, кыргыз композиторунун чыгармасы Чайковский менен Бетховендин чыгармаларынын деңгээлинде ойнолушу биздин искусство тарыхыбыздагы зор окуя экен. Чыгарма ойнолуп бүткөндөн кийин Сталбектин балдагынан уялыштыбы, айтор, чакырбай койсо болобу? Ошондо атын атап, сахнага чакырышса Сталбек абдан бактылуу болмок. Чарльз да тура бермек беле, ал деле сахнанын артына кетип калды. Биз жок дегенде гүлүбүздү тапшырып коелу деп сахнанын артына балам экөөбүз барып гүл берсек, "эмнеге силер чыккан жоксуңар?" деп сурады. "Бизди чакырган жок" десек, башын чайкаган боюнча эле кетти.
— Жогорудагы чыгармаларды жаратууда, жашоосундагы бардык ийгиликтерге жетүүдө сиздин да салымыңыз зор. Аны айтпай кетпесек болбойт. Сизге кандай жолдош, түгөй болду? Кандайча тааныштыңыздар эле?
— Мен өзүм Жумгалдын кызымын. Сталбекти жеке жашоосунда бактылуу жашады деп ишенимдүү айта алам. Эки уулубуз бар. Мен дагы, балдары дагы атабыздын көзүн карап, аздектедик. Балдарыбыз тентектик кылып, капа кылган жок.
Роза Карагулова деген эже менен Касымалы Баялинов атындагы китепканада иштеп жүрүп, "Жаш толкунга" катышып, ыр дүйнөсүнө аралашып калдык. Бир күнү ошол кезде Маяковский атындагы кыз-келиндер институтуна жаш чыгармачыл адамдар менен студенттердин жолугушуусуна бардык. Алып баруучу Сталбек Бактыгулов экен. Ага чейин чыгармалары менен тааныш болгондуктан "ии, Бактыгулов ушул турбайбы, үнү сонун экен" деп шыбырашып калдык. Ошентип, Роза эже бизди "акын кыздар" деп чыгармачыл адамдар менен тааныштырды.
Мен анда ЦУМ жактагы батиримде жашачумун. Москвадагы адабий институттан каникулга келген Алтынай да мени менен чогуу жашап жаткан. Сталбек болсо Чыгыш-5те жашачу экен. Ошентип, үйүбүз бир тарапта болгондуктан чогуу кеткенбиз. Бара-бара чыгармачылыкты талкуулап жүрүп, кийин жакшы достордон болуп кеттик.
Бир жолу Баратбай Аракеев досу иштеген гезитке Сталбек Бактыгуловдун "Бактымды искусстводон издейм" деген тариздеги макаласы чыкты. Эми үйлөнбөйм го деген таризде жазылыптыр. Аны окудук. Анан Сталбекке жолукканда "сиз эмнеге үйлөнбөйсүз? Чыгармачылыктан деле багыңызды издей бериңиз. Бирок жашоодо эки сызык болот. Бирөө — жеке турмуш. Сиздин артыңыздан туяк калышы керек" деп эле кыздар менен тааныштырып баштадык.
Абдан боорукермин. "Ушундай таланттуу, башы компьютердей иштеген адам ушинтип үйлөнбөй калмак беле? Бул көп чыгармаларды жазышы керек" дей берчүмүн. Бирок кыздар Сталбекти жактырбайт же бул аларды жактырбай калат, айтор, жылдыздары келишпей койду.
Анан бир ирет дагы чогуу келе жатсак, "мага сиздей тарсылдаган кыздар керек, ойлонуп көрбөйсүзбү?" дегенде, оозумду ачып туруп калсам, "жок, мен шаштырбайм, ойлонуп жооп бериңиз" деп эле шашып-бушуп кетип калды.
Үйгө келсем, эжем бар экен. Ага айтсам, "ай, ошого эле тий. Ал чыгармачылыкты түшүнгөн адам. Буту ооруганы менен духу күчтүү адам, сени алга жетелейт. Жан дүйнөсү чабал, чыгармачылыкты түшүнбөгөн адамга туш болсоң, ошондо аны жетелеп куурайсың" деп койду.
Ошол кезде мен да боорумдан операция болгон кезим. Ойлондум, бирок эч кандай жооп берген жокмун. Кийин ала качып кеткенде отуруп калдым. Эки уулдуу болдук. Балдарым үчүн да кудайга шүгүр келтирип, турмушума да, өзүмө да ыраазы болдум. Себеби Сталбек Бактыгуловду бактылуу кыла алдым, артында туяк калды.
— Балдарыңыздар ата жолун жолдоп, музыкага жакын болдубу?
— Ооба, Элназ дагы, Бекназ дагы таланттуу, музыкалык шыгы бар. Экөө тең окуусу менен катар Шубинде билим алышты. Лицейде да күчтүү талап менен окутуп, Шубинде да "Бактыгуловдун балдары" деп аябай окутуп жатып, балдар кыйналып кетти. Анан "ай, Стаке, бул балдар музыкант болобу?" деп сурасам, "жок ай, мен жыргап жатамбы? Мен көргөн азапты көрбөй эле коюшсун" деди. Ошентип, Шубинге окутпай койгом.
Кичүүбүз кичине кезинде Гарри Поттерге таасирленип, чыгарма жазган. Журналга басып чыгаралы десем, "апа, дагы карап чыгайынчы" деп болбой койду.
Экинчи балам киного кызыгып, Эрнист Абдыжапаровдун мастер-класстарына катышып, бир-эки кыска метраждуу фильм тартты. Киноиндустрия абдан оор, каражатты талап кылган тармак экен. "Мен жеңил-желпи эмес, классика тарткым келет" деди. "Саякбай" фильминде директор болуп, бир тыйынынан бери так эсептеп, тартуучу аянтты даярдап берди.
Ал эми Элназ Чыңгыз Айтматовдун "Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт" чыгармасынын негизинде сценарий жазып, Санкт-Петербургда 1-орунду алды. Ошондой эле Казат Акматовдун чыгармасынын негизиндеги сценарийи Лондондо 2-орунга татыды.
— Сталбек Бактыгуловдун арманы эмнеде болду?
— Москвадагы композиторлор үйүнөн билим албай калганы. СССР Композиторлор союзунун төрагасы Тихон Хренников бир ирет жолугуп: "Сталбек Алтымышевич, сиздин өзгөчөлөнгөн, башкача талантыңызды байкап жатабыз. Бизге келип, аспирантурада окуңуз. Сизден мындан да мыкты чыгармаларды күтөбүз", — деп чакырат. Келип атасына айтса "ден соолугуң бул болсо" деп такыр жибербей коюптур. Ал кезде Москва композиторлорго абдан көңүл бурчу. Хренников жатаканада турарын угуп, Чыгыш-5 районунан эки бөлмөлүү батир алдырып берген. Ошол батирде очор-бачар болдук.
"Москвада билим алсам, дүйнөлүк деңгээлдеги мындан да сонун чыгармаларды жазмакмын" дечү. Айрым учурда "өзү балдак менен жүрсө, буга ушундай эле болот" дегендей кыска ойлуу адамдардын мамилеси иренжитчү. Негизи, Эмгек кодекси боюнча, майыптыгы бар адам менен дени-карды соо адамдын жумуш убактысы айырмаланат да. Бирок Сталбекке кесиптештери башкалардай эле талап коюшчу. Балдак менен сегиз саат жүрүү оңой эмес да. Кээде бороондуу күндөрү ишке жете албай калса, "Бактыгулов келбей калды" деп атаандашкандар болду.
— Ишеналы Арабаев атындагы жогорку окуу жайында жана "Манас" университетинде үзүрлүү эмгектенип, эки жакта тең профессор болду.
— Ооба, "Манас" университетине бирөөнүн өтүнүчү менен аны ишке киргизейин деп барса, Сулайман Кайыпов Стакени ишке алып калган. Ошентип, иштеп калды. Ошол кездеги түрк ректору да он жыл бою материалдык жактан аябай жардам берди. Сталбек университеттин да гимнин жазып берген.