00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жүрөккө биринчи операция жасаган Иса Ахунбаев тууралуу 10 факт

© Фото / из семейного архива АхунбаевыхЖүрөккө биринчи операция жасаган Иса Ахунбаев. Архив
Жүрөккө биринчи операция жасаган Иса Ахунбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2026
Жазылуу
Ата-бабабыз элдик медицинаны жакшы пайдаланганы менен илимий хирургия жагынын билими жана тажрыйбасы жок болгон. Советтик мезгилде гана адам организмине ар кандай операциялар жасалып, катуу кармаган жана өнөкөт ооруларды айыктырууга атайын адистер жардам бере баштады.
Кыргыз медицинасынын көкүрөк жана жүрөк хирургиясы тармагы тууралуу сөз кылганда эң алгач Иса Ахунбаевдин ысымы эске түшөт. Айылдын карапайым баласы Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын биринчи президенти болду, эң оор дарт катары эсептелген жүрөк ооруларын биринчи болуп операция жолу менен айыктырды, кыргыз медицина илимин дүйнөлүк деңгээлге көтөрүүгө салым кошту.
Окурмандарыбызга Кыргыз Республикасынын Баатыры, академик, коомдук ишмер Иса Коноевич Ахунбаев тууралуу 10 факт сунуш этебиз.
Туулган жери, балалыгы. Иса Ахунбаев 1908-жылы 12 (25)-сентябрда азыркы Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр деген жерде туулган. Үч бир тууган болгон. Бала чагынан көл боюнда, адырларда мал баккан, эрте жашынан турмушка бышып өскөн. 1916-жылдагы Үркүн алааматында атасы Кононун жетегинде Кытай жерине качып барат. Ал жакта ар кимге малай болуп жүргөн. Атүгүл, атасы апасынын киерге кийими калбай калганда "кийин кайра сени уурдап алам, балам" деп сегиз кулач бөзгө сатып ийген экен, аны бала билбей калат. Кийин ушуну айтып атасына таарынып жүрүптүр. 1917-жылы кайрылып туулган жерине келген соң 15 жашка чыгып калганда гана айылда мектеп жок болгондуктан Балыкчыдагы мектепке кирип, жыйырма чакырымдай жерге кээде күндө барып-келип, кээде ошол жакта жатып жүрүп окуган. Башка балдардан жашы да, бою да чоң болгондуктан классташтары "аба" деп коюшчу экен. Окууга ынтызар бала мектепти жакшы окуп бүттү да, өзүнүн келечегин медицина тармагы менен байланыштырды. Балыкчыдан Фрунзеге окуу үчүн жөө басып келген.
Студенттик жана алгачкы врачтык жылдары. Адегенде 1925-жылы Ташкенттеги медициналык техникумга кирип, аны жакшы бүтүрүп, Орто Азия университетинин медицина факультетинде 1930-жылдан 1935-жылга дейре беш жыл билим алды. Ошол жерден мыкты окуп, медицинанын сырларын терең өздөштүрдү. Фрунзе шаардык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө ординатор катары ишке кирүү менен 1935-жылдан 1939-жылга чейин Кыргыз ССРинин Саламаттык сактоо эл комиссарынын орун басары (азыркыча айтканда министрдин орун басары) болуп да азыраак иштеп жүрдү.
© Фото / из семейного архива АхунбаевыхАйтылуу хирург Иса Ахунбаевдин студенттик кези
Легендарный хирург Иса Ахунбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2026
Айтылуу хирург Иса Ахунбаевдин студенттик кези
Сталиндик репрессиянын азабын да тарткан. 1937-1938-жылдагы репрессия жаш кадрга да жакын келди. Жетекчиси Кыргыз ССРинин Саламаттык сактоо эл комиссары, эң билимдүү зыялы Кожокан Шоруков камалып, анан атылып кетет эмеспи, ошондо дагы бир мыкты адис, медицина илимдеринин биринчи кандидаты Акматжан Молдогазиев да атууга өкүм болот. Алардын катарында Иса Коноевич да эки жылдай сталиндик абакта жатат. Буларга "эл душмандары", "улутчул", "эл душмандары менен байланышкан" дегендей айыптар коюлат. Кудай жалгап, абал бир аз бошоңдогондо Иса Ахунбаев азаптуу чеңгелден кутулуп чыгат.
Дарыгерлерге муктаждыкты түшүнгөн инсан. 1941-жылы согуш жаңы башталган кезде ал Кыргыз мамлекеттик медицина институтунда иштөөгө чакырылат. Айтмакчы, ошол жылдарда согушка барам деп аскер комиссариатына арыз менен бир нече жолу кайрылган экен. Бирок врачтар бул жакка да керек деп урушка жибербептир. Кыргыз мамлекеттик медицина институтунда жалпы хирургия кафедрасында ассистент, доцент, кафедра башчы болуп, миңдеген врачтарды даярдоонун башатында турган. Доцент кезинде кийин белгилүү врач болгон Мамбет Мамакеев ал кишиге жолукканын мындай айтат: "1946-жылы өтө кыйын учур эле. 1,5 ай окудук мединститутта, ошол бир жарым айда окууга кирген балдардын жарымы кетип калышты, кыйынчылык, эч нерсе түшүнбөйбүз. Анда кыргыз врач деген такыр жок болчу. Ахунбаев деген бир кыргыз врач бар деп угуп алып, үч-төртөөбүз таап бардык. Барсак жакшы кабыл алды, анда доцент убагы экен. Биз өз арыз-арманыбызды айттык, "окуй албай атабыз, такыр тил билбейбиз, жарымы качып кетти, биз да качат окшойбуз" деп. Ошондо отургузуп алып жакшы акыл айтты, "чыдагыла, качпагыла, көрүп атасыңар кыргызда медициналык жактан адис жок" деп". Мына ушундай кылып ал мединститутта бир жылдык орус тилге даярдоо курсун киргизген. 1948-жылы өзү иштеген окуу жайына профессор жана ректор болуп дайындалат. Ошол эле жылы СССР Медицина илимдер академиясына мүчө-корреспондент, Эл аралык хирургдар бирдигине мүчө болуп шайланат. Мындай эл аралык кадыр-баркы аны дагы бир ишке түрткөн. Кыргыз ССРинин Илимдер акедемиясын өзүнчө илимий мекеме кылып ачышы керек эле. Буга аябай катуу киришет, имаратын тургузууга уруксат жана каражат табат. 1952-жылы СССР Илимдер академиясынын Кыргыз филиалы ачылып, анын президиумунун төрагасы болуп шайланат, эки жылдан кийин ал өзүнчө Илимдер академиясы статусун алып, анын президенти болуп 1960-жылга чейин активдүү иштеди.
© Фото / из семейного архива Ахунбаевых

1941-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтунда иштөөгө чакырылат. Жалпы хирургия кафедрасында ассистент, доцент, кафедра башчы болуп, миңдеген врачтарды даярдоонун башатында турган

1941-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтунда иштөөгө чакырылат. Жалпы хирургия кафедрасында ассистент, доцент, кафедра башчы болуп, миңдеген врачтарды даярдоонун башатында турган - Sputnik Кыргызстан
1/3

1941-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтунда иштөөгө чакырылат. Жалпы хирургия кафедрасында ассистент, доцент, кафедра башчы болуп, миңдеген врачтарды даярдоонун башатында турган

© Фото / из семейного архива Ахунбаевых

1948-жылы өзү иштеген окуу жайына профессор жана ректор болуп дайындалат. Ошол эле жылы СССР Медицина илимдер академиясына мүчө-корреспондент, Эл аралык хирургдар бирдигине мүчө болуп шайланат

1948-жылы өзү иштеген окуу жайына профессор жана ректор болуп дайындалат. Ошол эле жылы СССР Медицина илимдер академиясына мүчө-корреспондент, Эл аралык хирургдар бирдигине мүчө болуп шайланат - Sputnik Кыргызстан
2/3

1948-жылы өзү иштеген окуу жайына профессор жана ректор болуп дайындалат. Ошол эле жылы СССР Медицина илимдер академиясына мүчө-корреспондент, Эл аралык хирургдар бирдигине мүчө болуп шайланат

© Фото / из семейного архива Ахунбаевых

Иса Ахунбаев операцияга даярдык көрүүдө

Иса Ахунбаев операцияга даярдык көрүүдө - Sputnik Кыргызстан
3/3

Иса Ахунбаев операцияга даярдык көрүүдө

1/3

1941-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтунда иштөөгө чакырылат. Жалпы хирургия кафедрасында ассистент, доцент, кафедра башчы болуп, миңдеген врачтарды даярдоонун башатында турган

2/3

1948-жылы өзү иштеген окуу жайына профессор жана ректор болуп дайындалат. Ошол эле жылы СССР Медицина илимдер академиясына мүчө-корреспондент, Эл аралык хирургдар бирдигине мүчө болуп шайланат

3/3

Иса Ахунбаев операцияга даярдык көрүүдө

Илим менен практиканы айкалыштырып... Иса Коноевич кыргыздын залкар хирургу, ата мекендик көкүрөк жана кардиохирургиянын негиздөөчүсү гана эмес, дүйнөлүк даңазага ээ окумуштуу да болгон. 1946-жылы "Жаш балдардагы аппендицит" деген темада кандидаттык, эки жыл өткөндөн соң "Чүй өрөөнүндөгү эндемикалык богок" деген темаларда докторлук диссертацияларын коргогон. Бул эки иши тең Кыргызстандын шартында эң эле тез жайылып жаткан оорулардын себептерин жана аларды дарылоонун жолдорун изилдеген эмгектер болуп, алар практикалык хирургдардын колунан түшкөн эмес. Иса Ахунбаев 300дөн ашык илимий эмгек, анын ичинде сегиз монография жана үч атайын сөздүк жазган. Г.Л.Франкель менен өнөктөшүп жазган "Очерки по шоку и коллапсу" деген китеби эки жолу (1960, 1967-жылдарда) басылып, анда кокус оор абалга түшүп калган адамдардын организминде эмне өзгөрүү боло турганын изилдейт, "Эхинококкоз и его профилактика" деген эмгегинде тоо аймактарында өзгөчө малдан жугуучу ооруну изилдеп, бул эмгегине 1970-жылы Кыргыз ССРинин Илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган. Ал илимпоздук ишмердүүлүгүндө медицина илимдеринин 35 кандидатын жана 6 докторун даярдап чыгарды. 1959-жылы Орто Азияда биринчи болуп жүрөккө операция жасаган. Санавиация менен кыргыз тоолорун кыдырып, түнү-күнү уктабай малчыларды аралап, операцияга муктаждарды борборго алып келип, айыктырууга салым кошкон. 60тан ашык оорунун түрүнө операция жасай билген уникалдуу хирург көптөгөн эл аралык илимий конференцияларга катышып, докладдарды окуган, бир нече хирургияга байланыштуу журналдардын ("Грудная хирургия", "Проблемы эндокринологии", "Кровообращение", "Здравоохранение Киргизии") башкы редактору болгон.
Далай жолу кодуланган. Иса Ахунбаевдин жашоосун ар дайым эле майрамдагыдай, күндө эле сый үстүндө жүргөндөй түшүнөт көпчүлүк. Бирок андай эмес экен. Сталиндик репрессияда абакка жатып чыкканынан тышкары да бийликтин айрым үлкөндөрү менен келише албай, аларды катуу сындап, бир жолу республикадан чыгып кетүүгө да мажбур болгон экен. Илимдер академиясынын президенттигинен да аны "улутчул" деген күнөө коюп бошотушкан.
Боз үйдөгү операция. Жубайы менен Кеминдин Көк-Ойрок жайлоосуна конок болуп барышат. Ошол барган жерден Кадыркул деген киши ичин басып эле онтоп ооруп жаткан болот. Иса Коноевич ичин басып көрүп эле "сокур ичеги" дейт. Кеминге же Балыкчыга келгенче ооруп жаткан адамдын сокур ичегиси жарылып кеткидей. Боз үйдүн түндүгүн түрүп коюп, кездеме кескен кайчы, эт туураган бычак, жубайынын вата, бинтин сурап, булактан таза суу алдырып келип, бир аз спирт таап операцияны баштайт. Операция ийгиликтүү болуп, тигил киши жыйырма бир күндөн кийин кайра атына өзү минип калган экен.
Үй-бүлөсү. Иса Коноевичти медик окумуштуулардын династиясын негиздеген деп жүрүшөт. Жубайы Бибихан Исмаилова да медик болгон, экөө эки уул, үч кыздуу болгон. Кызы Нелли – медицина илимдеринин доктору, КР эмгек сиңирген дарыгери, кичүү уулу Медер кардиохирург-окумуштуу, медицина илимдеринин доктору. Кызы Чынара да дарыгер, докторлук диссертация жазып жүргөн. Чоң уулу Мустафа Исаевич Ахунбаев атасы Ташкентте окуп жүргөн кезде төрөлгөн, 1969-жылдан Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында коюучу-режиссер, башкы режиссер, Москвада Кремлдеги Съезддер дворецинде режиссер болуп эмгектенген, 25 опера койгон. Неберелеринин да медицина тармагын тандагандар бар.
© Фото / из семейного архива Ахунбаевых

Иса Ахунбаев жубайы Бибихан Исмаиловой жана тун уулу Мустафа менен. 1937-жыл

Иса Ахунбаев жубайы Бибихан Исмаиловой жана тун уулу Мустафа менен. 1937-жыл - Sputnik Кыргызстан
1/5

Иса Ахунбаев жубайы Бибихан Исмаиловой жана тун уулу Мустафа менен. 1937-жыл

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Айтылуу хирург небересин эркелетүүдө

Айтылуу хирург небересин эркелетүүдө  - Sputnik Кыргызстан
2/5

Айтылуу хирург небересин эркелетүүдө

© Фото / из семейного архива Ахунбаевых

Ахунбаев медицина илимдеринин доктору, КР эмгек сиңирген дарыгери болгон кыхы Нелли менен

Ахунбаев медицина илимдеринин доктору, КР эмгек сиңирген дарыгери болгон кыхы Нелли менен - Sputnik Кыргызстан
3/5

Ахунбаев медицина илимдеринин доктору, КР эмгек сиңирген дарыгери болгон кыхы Нелли менен

© Фото / из семейного архива Ахунбаевых

Иса Ахунбаев жубайы Бибихан жана опера ырчысы Сайра Кийизбаева менен. 1960-жыл

Иса Ахунбаев жубайы Бибихан жана опера ырчысы Сайра Кийизбаева менен. 1960-жыл - Sputnik Кыргызстан
4/5

Иса Ахунбаев жубайы Бибихан жана опера ырчысы Сайра Кийизбаева менен. 1960-жыл

© Фото / из семейного архива Ахунбаевых

Легендалуу Иса Ахунбаев балдары жана неберелери менен

Легендалуу Иса Ахунбаев балдары жана неберелери менен - Sputnik Кыргызстан
5/5

Легендалуу Иса Ахунбаев балдары жана неберелери менен

1/5

Иса Ахунбаев жубайы Бибихан Исмаиловой жана тун уулу Мустафа менен. 1937-жыл

2/5

Айтылуу хирург небересин эркелетүүдө

3/5

Ахунбаев медицина илимдеринин доктору, КР эмгек сиңирген дарыгери болгон кыхы Нелли менен

4/5

Иса Ахунбаев жубайы Бибихан жана опера ырчысы Сайра Кийизбаева менен. 1960-жыл

5/5

Легендалуу Иса Ахунбаев балдары жана неберелери менен

Кылым унутпас автокырсык. 1975-жылдын 5-январы эле. Күн суук, жол тайгак. Ак "Волга" менен жүргүнчү ташыган автобус болжолу таңкы саат төрттөрдө Фрунзе — Балыкчы жолунун 34-чакырымында ("Красная речка" станциясы) кагышкан экен. Ал окуя тууралуу кичүү кызы, орус тили мугалими болуп көп жыл иштеп келген Анара мындай эскерет: "...бир машинада баратып, атам, апам, эжем жана анын жолдошу (жездем) каза болгон күн аябагандай оор трагедия болгон. Ал күндөрдү эстөө биз үчүн оор. Ошол каргашалуу автокырсыкты атайы уюштурушкан деген да божомолдор бар". Ал күнү Иса Ахунбаев, Бибихан Исмаилова кыздары Нелли Ахунбаева, Чынара Ахунбаева жолдошу менен, Чынаранын курсактагы баласы менен күтүлбөгөн кырсыкка кабылды. Студент-медиктер көз жаштарын көл кылып, аза коштошуусу уюштурулган мединституттан "Ала-Арча" көрүстөнүнө чейин үзүлбөй чубалып барышкан. Жолдон завод-фабрикалардан жумушчулар, үйлөрүнөн адамдар чыгып, дарыгер менен миңдеген адам топурак салууга барган.
Ахунбаевдин ысымы түбөлүккө калтырылды. 2008-жылы анын аты өзү көп жыл иштеген Кыргыз мамлекеттик медициналык институтуна (азыркы академия) ыйгарылды. Бишкектин эң чоң көчөлөрүнүн бири Ахунбаевдин атында. 2023-жылы өлгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Баатыры ардак наамы берилген.
Сүрөтчү Теодор Герцен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2026
Манаска кырк биринчи чородой кызмат кылган. Сүрөтчү Теодор Герцен тууралуу 10 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0