https://sputnik.kg/20261024/starlink-chektooloru-ukrainanyn-korgonuusun-alsyratuuda-1104492087.html
ЕБ Starlink чектөөлөрү Украинанын коргонуусун алсыратып жатканына ичи чыкпай турат
ЕБ Starlink чектөөлөрү Украинанын коргонуусун алсыратып жатканына ичи чыкпай турат
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Европадагылар Starlink чектөөлөрү Украинанын коргонуусун алсыратып жатканын моюндашууда. Бул тууралуу Германиянын Junge Welt... 24.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-24T18:14+0600
2026-10-24T18:14+0600
2026-10-24T18:14+0600
дүйнөдө
украина
евробиримдик
starlink
илон маск
коргонуу
атайын операция
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/18/1104492217_0:0:3250:1828_1920x0_80_0_0_9b7fd14dd468d26ba80891b8ffea7bf8.jpg
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Европадагылар Starlink чектөөлөрү Украинанын коргонуусун алсыратып жатканын моюндашууда. Бул тууралуу Германиянын Junge Welt басылмасы жазды.Буга чейин Еврокомиссия Украина үчүн өтө маанилүү байланыш каражаты болгон Starlink терминалдарын толук пайдаланып турууну калыбына келтирүүгө чакырган. Өткөн аптада Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башчысы Кая Каллас Брюссель өзүнүн байланыш технологияларын өнүктүрүүнү пландап жатканына карабастан, жакынкы келечекте Украина үчүн АКШнын Starlink спутниктик байланыш системасын алмаштыра албай турганын билдирди. Буга чейин The Wall Street Journal гезити аттарын айткысы келбеген америкалык аткаминерлерге шилтеме берип, АКШ президенти Дональд Трамп Илон Масктан Украинада Starlink спутниктик байланыш түзүмүнүн аскердик түрүн колдонууга киргизилген чектөөсүн алып салууну өтүнгөнүн жазган. Владимир Зеленскийдин байланыш боюнча кеңешчиси Дмитрий Литвин чектөөлөр дагы деле күчүндө экенин билдирген. Зеленский 19-октябрда Starlink спутниктик байланыш терминалдары чектөөлөр менен иштеп жатканын айткан.
https://sputnik.kg/20261024/mask-aksh-ukraina-arkyluu-akcha-adaldaganyn-aytty--1104488092.html
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/18/1104492217_321:0:3052:2048_1920x0_80_0_0_35a69d69b432031b71d3fd3d2e184c63.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, украина, евробиримдик, starlink, илон маск, коргонуу, атайын операция
дүйнөдө, украина, евробиримдик, starlink, илон маск, коргонуу, атайын операция
ЕБ Starlink чектөөлөрү Украинанын коргонуусун алсыратып жатканына ичи чыкпай турат
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Европадагылар Starlink чектөөлөрү Украинанын коргонуусун алсыратып жатканын моюндашууда. Бул тууралуу Германиянын
Junge Welt басылмасы жазды.
"Технологиялык миллиардер Илон Масктын ырайымы болбосо, Украинанын коргонуусу кыйрап баратат. Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйендин өкүлү шаршембиде муну өзү байкабастан ырастап койду", — деп жазды басылма.
Буга чейин Еврокомиссия Украина үчүн өтө маанилүү байланыш каражаты болгон Starlink терминалдарын толук пайдаланып турууну калыбына келтирүүгө чакырган.
Өткөн аптада Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башчысы Кая Каллас Брюссель өзүнүн байланыш технологияларын өнүктүрүүнү пландап жатканына карабастан, жакынкы келечекте Украина үчүн АКШнын Starlink спутниктик байланыш системасын алмаштыра албай турганын билдирди.
Буга чейин The Wall Street Journal гезити аттарын айткысы келбеген америкалык аткаминерлерге шилтеме берип, АКШ президенти Дональд Трамп Илон Масктан Украинада Starlink спутниктик байланыш түзүмүнүн аскердик түрүн колдонууга киргизилген чектөөсүн алып салууну өтүнгөнүн жазган. Владимир Зеленскийдин байланыш боюнча кеңешчиси Дмитрий Литвин чектөөлөр дагы деле күчүндө экенин билдирген.
Зеленский 19-октябрда Starlink спутниктик байланыш терминалдары чектөөлөр менен иштеп жатканын айткан.