https://sputnik.kg/20261024/sary-chelekke-barchu-zhol-zhasaluuda-1104488654.html
Сары-Челекке барчу жол оңдолуп жатат. Видео
Сары-Челекке барчу жол оңдолуп жатат. Видео
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Аксы районундагы (Жалал-Абад облусу) Кара-Жыгач – Сары-Челек жолун оңдоо жана асфальттоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт... 24.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-24T12:18+0600
2026-10-24T12:18+0600
2026-10-24T12:18+0600
кыргызстан
жалал-абад
сары-челек
жол
туризм
https://sputnik.kg/img/104502/71/1045027139_0:72:1368:841_1920x0_80_0_0_f5467c464ab24413d814e31e315808ed.jpg
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Аксы районундагы (Жалал-Абад облусу) Кара-Жыгач – Сары-Челек жолун оңдоо жана асфальттоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундагу 30 чакырымдан ашат. Буга чейин анын 10 чакырымына асфальт толук төшөлгөн. Ошондой эле суу өткөрүүчү түтүктөрдү жана бетон курулмаларды орнотуу иштери аяктаган. Автожолдун 15 чакырымдык бөлүгүн жакшыртуу максатында жолду тегиздөө жана кеңейтүү жумуштары акыркы баскычка жетип, 99 пайызга аяктады. Министрлик билдиргендей, жолду жаңылоо иштери Сары-Челек коругуна жана башка туристтик жайларга барчу жолдун сапатын жакшыртууга, жергиликтүү тургундар менен туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
https://sputnik.kg/20261017/oshto-transporttuk-iri-tujun-payda-bolot-1104354380.html
жалал-абад
сары-челек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104502/71/1045027139_76:0:1291:911_1920x0_80_0_0_a070d4385db7a6ceb64d62e47c9e9006.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, жалал-абад, сары-челек, жол, туризм
кыргызстан, жалал-абад, сары-челек, жол, туризм
Сары-Челекке барчу жол оңдолуп жатат. Видео
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Аксы районундагы (Жалал-Абад облусу) Кара-Жыгач – Сары-Челек жолун оңдоо жана асфальттоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундагу 30 чакырымдан ашат. Буга чейин анын 10 чакырымына асфальт толук төшөлгөн. Ошондой эле суу өткөрүүчү түтүктөрдү жана бетон курулмаларды орнотуу иштери аяктаган. Автожолдун 15 чакырымдык бөлүгүн жакшыртуу максатында жолду тегиздөө жана кеңейтүү жумуштары акыркы баскычка жетип, 99 пайызга аяктады.
"Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү туристтик аймактардын инфраструктурасын жакшыртуу жана туризмди өнүктүрүү максатында Кара-Жыгач – Сары-Челек автожолунун абалын жакшыртуу боюнча тапшырма берген", – деп маалыматта айтылат.
Министрлик билдиргендей, жолду жаңылоо иштери Сары-Челек коругуна жана башка туристтик жайларга барчу жолдун сапатын жакшыртууга, жергиликтүү тургундар менен туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.