Бишкек: Кара-Жыгачта экологиялык фестиваль өтүп, 15 миң көчөт отургузулду
Бишкек: Кара-Жыгачта экологиялык фестиваль өтүп, 15 миң көчөт отургузулду
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Бишкектеги Каражыгач токоюнда "Jashyl Dem Fest – KUZ 2026 – NATIONAL GREEN DAY" деп аталган экологиялык фестивалы өтүп, бир топ... 24.10.2026, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Бишкектеги Каражыгач токоюнда "Jashyl Dem Fest – KUZ 2026 – NATIONAL GREEN DAY" деп аталган экологиялык фестивалы өтүп, бир топ көчөт тигилди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти. Иш-чарага минкаб төрагасынын орун басары Улан Маматканов, мамлекеттик органдардын, Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, ыктыярчылар жана кызыккандар катышкан. Майыптыгы бар адамдардын катышуусуна өзгөчө көңүл бурулду. Алар да бак отургузган. Бул кадам экологияны коргоо иштерине бардык жарандардын катышуусуна шарт түзүү улам маанилүү болуп бара жатканын көрсөттү.
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Бишкектеги Каражыгач токоюнда "Jashyl Dem Fest – KUZ 2026 – NATIONAL GREEN DAY" деп аталган экологиялык фестивалы өтүп, бир топ көчөт тигилди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.
Иш-чарага минкаб төрагасынын орун басары Улан Маматканов, мамлекеттик органдардын, Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, ыктыярчылар жана кызыккандар катышкан.
"Акциянын жүрүшүндө 15 миң түп кара жыгачтын көчөтү отургузулду. Алардын жерге жакшы тамыр алышын камсыз кылуу максатында сууга аралаштырылган биогумус колдонулду", – деп мэриядан билдиришти.
Майыптыгы бар адамдардын катышуусуна өзгөчө көңүл бурулду. Алар да бак отургузган. Бул кадам экологияны коргоо иштерине бардык жарандардын катышуусуна шарт түзүү улам маанилүү болуп бара жатканын көрсөттү.