https://sputnik.kg/20261024/bishkekte-ospurum-kaza-boldu-1104487188.html
Түндө Lexus жолтандабасынын айдоочусу скутерди сүзүп, өспүрүм көз жумду. Видео
Түндө Lexus жолтандабасынын айдоочусу скутерди сүзүп, өспүрүм көз жумду. Видео
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Бишкекте Lexus LX 570 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу скутерди сүзүп, 16 жаштагы өспүрүм каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык... 24.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-24T10:47+0600
2026-10-24T10:47+0600
2026-10-24T12:22+0600
бишкек
жол кырсык
lexus
скутер
өлүм
ылдамдык
милиция
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/18/1104487293_0:173:1280:893_1920x0_80_0_0_48491a74542df18081b5e0ac926be1e1.jpg
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Бишкекте Lexus LX 570 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу скутерди сүзүп, 16 жаштагы өспүрүм каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 24-октябрында саат 01:50 чамасында 25 жаштагы Э.А. жолтандабас менен Чыңгыз Айтматов проспектинде (Москва көчөсүнүн кесилишинде) жолдон светофордун кызыл жарыгынан өтүп кеткен. Анын кесепетинен Москва көчөсү менен чыгышты көздөй бара жаткан мотоскутерди каккан. Светофордун алдында токтоп турган Weltmeister EX-5 үлгүсүндөгү автоунааны да сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен мотоскутердеги 16 жаштагы өспүрүм окуя болгон жерден жан берген. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 3-бөлүгүнүн (автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) негизинде иш козголду. Lexus LX 570 автоунаасынын айдоочусу Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, Бишкек шаарынын милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери башталды.
https://sputnik.kg/20261023/bishukek-avtobus-zhol-kyrsygy-4-kishi-zhabyrkady-1104461558.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/18/1104487293_0:53:1280:1013_1920x0_80_0_0_44918b683810a979ccf4f40fd3f711bc.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
бишкек, жол кырсык, lexus, скутер, өлүм, ылдамдык, милиция
бишкек, жол кырсык, lexus, скутер, өлүм, ылдамдык, милиция
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Бишкекте Lexus LX 570 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу скутерди сүзүп, 16 жаштагы өспүрүм каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-октябрында саат 01:50 чамасында 25 жаштагы Э.А. жолтандабас менен Чыңгыз Айтматов проспектинде (Москва көчөсүнүн кесилишинде) жолдон светофордун кызыл жарыгынан өтүп кеткен. Анын кесепетинен Москва көчөсү менен чыгышты көздөй бара жаткан мотоскутерди каккан. Светофордун алдында токтоп турган Weltmeister EX-5 үлгүсүндөгү автоунааны да сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен мотоскутердеги 16 жаштагы өспүрүм окуя болгон жерден жан берген.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 3-бөлүгүнүн (автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) негизинде иш козголду.
Lexus LX 570 автоунаасынын айдоочусу Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, Бишкек шаарынын милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери башталды.