https://sputnik.kg/20261023/rossiyanyn-kyrgyzstandagy-askerdik-obyektileri-1104479641.html
Россиянын Кыргызстандагы аскердик объектилери. Инфографика
Россиянын Кыргызстандагы аскердик объектилери. Инфографика
Sputnik Кыргызстан
"Үч тогуз" — Борбор Азиядагы туруктуулуктун бекем тиреги. 2003-жылдын 23-октябрында Кыргызстанда Россия армиясынын 999-гвардиялык "Кант" авиабазасы ачылган. 23.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-23T20:16+0600
2026-10-23T20:16+0600
2026-10-23T20:16+0600
россия
кыргызстан
ысык-көл
аскер-деңиз флоту
аскердик база
сыноо
https://sputnik.kg/img/07ea/08/07/1102854239_116:0:1165:590_1920x0_80_0_0_c0f5cf542e3a8630b05407a6d8c2ca22.jpg
Кыргызстандын аймагында Россиянын дагы кайсы аскердик объектилери бар экенин төмөндө баяндап бермекчибиз. Борбор Азиядагы ишенимдүү чеп. "Кант" авиабазасы — Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн өлкөдөгү негизги объекти. Мында орус армиясынын жүздөгөн аскер кызматкерлери, Су-25СМ жана "Суперграч" атыккан Су-25СМ3 чабуул коюучу учактары, Ми-8МТВ тик учактары, ошондой эле "Орлан", "Форпост" жана "Иноходец" ("Орион") пилотсуз аппараттары кызмат өтөйт. Көлдүн тереңиндеги сыноо. Ысык-Көлдө суу астындагы кемелерге каршы курал-жарактарды сыноочу аскердик база жайгашкан. Анын тереңдиги менен суунун курамы деңиздикине абдан окшошуп кетет. Ал эми көлдүн чакандыгы, туюктугу сыналган курал-жарактардын сырын башка өлкөлөрдүн чалгындоо кызматынан тымызын сактоого шарт түзөт. Деңиздер менен байланыш жана өзөктүк көзөмөл. Кыргызстанда, мындан тышкары, Кара-Балтадагы "Марево" байланыш түйүнү жана Майлуу-Суудагы сейсмикалык лаборатория жайгашкан. Байланыш түйүнү Россиянын Аскердик-деңиз флотунун башкы штабдары менен Тынч, Инди океандарындагы согуштук кемелердин байланышын камсыз кылат. Ал эми сейсмикалык станция дүйнө жүзүндөгү өзөктүк куралдардын сыноолорун үзгүлтүксүз көзөмөлдөп турат.
ысык-көл
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/07/1102854239_247:0:1034:590_1920x0_80_0_0_15d52c84fc5e6463d6e7b1a765676f83.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
россия, кыргызстан, ысык-көл, аскер-деңиз флоту, аскердик база, сыноо, инфографика
россия, кыргызстан, ысык-көл, аскер-деңиз флоту, аскердик база, сыноо, инфографика
Россиянын Кыргызстандагы аскердик объектилери. Инфографика
"Үч тогуз" — Борбор Азиядагы туруктуулуктун бекем тиреги. 2003-жылдын 23-октябрында Кыргызстанда Россия армиясынын 999-гвардиялык "Кант" авиабазасы ачылган.
Кыргызстандын аймагында Россиянын дагы кайсы аскердик объектилери бар экенин төмөндө баяндап бермекчибиз.
Борбор Азиядагы ишенимдүү чеп. "Кант" авиабазасы — Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн өлкөдөгү негизги объекти. Мында орус армиясынын жүздөгөн аскер кызматкерлери, Су-25СМ жана "Суперграч" атыккан Су-25СМ3 чабуул коюучу учактары, Ми-8МТВ тик учактары, ошондой эле "Орлан", "Форпост" жана "Иноходец" ("Орион") пилотсуз аппараттары кызмат өтөйт.
Көлдүн тереңиндеги сыноо. Ысык-Көлдө суу астындагы кемелерге каршы курал-жарактарды сыноочу аскердик база жайгашкан. Анын тереңдиги менен суунун курамы деңиздикине абдан окшошуп кетет. Ал эми көлдүн чакандыгы, туюктугу сыналган курал-жарактардын сырын башка өлкөлөрдүн чалгындоо кызматынан тымызын сактоого шарт түзөт.
Деңиздер менен байланыш жана өзөктүк көзөмөл. Кыргызстанда, мындан тышкары, Кара-Балтадагы "Марево" байланыш түйүнү жана Майлуу-Суудагы сейсмикалык лаборатория жайгашкан. Байланыш түйүнү Россиянын Аскердик-деңиз флотунун башкы штабдары менен Тынч, Инди океандарындагы согуштук кемелердин байланышын камсыз кылат. Ал эми сейсмикалык станция дүйнө жүзүндөгү өзөктүк куралдардын сыноолорун үзгүлтүксүз көзөмөлдөп турат.