https://sputnik.kg/20261023/iran-zhakynky-chygysh-olkolordon-talap-kyldy-1104465146.html
Иран Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө АКШны колдоону токтотуу талабын койду
Иран Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө АКШны колдоону токтотуу талабын койду
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Иран Тегеран менен Вашингтондун ортосунда жаңжал жанданса АКШны колдобоону Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдөн талап кылды. Бул туурасында... 23.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-23T11:24+0600
2026-10-23T11:24+0600
2026-10-23T11:24+0600
дүйнөдө
иран
жакынкы чыгыш
акш
согуш
талап
колдоо
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/12/1104366444_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_13de01b1e72f46cbef606c8dd2117c42.jpg
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Иран Тегеран менен Вашингтондун ортосунда жаңжал жанданса АКШны колдобоону Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдөн талап кылды. Бул туурасында РИА Новости жазды. Депутат эгерде согуш кайра чыгып кетсе, араб өлкөлөрүнүн кайсынысы Американын армиясын колдоп-коштоого даяр экени так билинерин белгилеген. "Андай болгон учурда Иран аскердик базаларга чабуул жасоо менен чектелбеши ыктымал, ал эми берки мамлекеттер касташкан тарап катары кабыл алынат", — деген эл өкүлү. Агенттиктин маектеши Тегеран бул тууралуу аталган өлкөлөрдү алдын ала кабардар кылгандыгын жана азыр кырдаалга көз салып, бардыгына шайма-шай турганын баса белгилеген. Июндун ортосунда Вашингтон менен Тегеран тынчтыкка келебиз деген меморандумга кол койгон. Бирок үч жума өткөндөн кийин кырдаал кыйындап, эки тарап атышууну кайра баштаган. Кечээ NBC телеканалы АКШ Жакынкы Чыгыштагы аскерлери менен дипломаттарын акырындап алып чыгып кетип жатканын кабарлады. Ушундай эле көрүнүш февралда, Иран менен жаңжал жаңы башталганда да болгон. Ал эми Пентагон РИА Новости агенттигине бул боюнча комментарий берүүдөн баш тарткан.
https://sputnik.kg/20261019/iran-aksh-kol-salsa-emne-bolorun-ajtty-1104372457.html
иран
жакынкы чыгыш
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/12/1104366444_0:0:2732:2048_1920x0_80_0_0_7dc26435a9a3cd53a2fe595f3e6cf786.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, иран, жакынкы чыгыш, акш, согуш, талап, колдоо
дүйнөдө, иран, жакынкы чыгыш, акш, согуш, талап, колдоо
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Иран Тегеран менен Вашингтондун ортосунда жаңжал жанданса АКШны колдобоону Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдөн талап кылды. Бул туурасында
РИА Новости жазды.
"Аймактагы өлкөлөргө АКШны колдобоо боюнча талап жөнөтүлдү. 40 күндүк согушта Иранга кол салуу үчүн АКШ колдонгон өлкөлөрдөгү аскердик базаларга сокку уруп турдук", — деп Иран парламентинин улуттук коопсуздук жана тышкы саясат боюнча комитетинин мүчөсү Феда-Хосейн Малеки айткан.
Депутат эгерде согуш кайра чыгып кетсе, араб өлкөлөрүнүн кайсынысы Американын армиясын колдоп-коштоого даяр экени так билинерин белгилеген.
"Андай болгон учурда Иран аскердик базаларга чабуул жасоо менен чектелбеши ыктымал, ал эми берки мамлекеттер касташкан тарап катары кабыл алынат", — деген эл өкүлү.
Агенттиктин маектеши Тегеран бул тууралуу аталган өлкөлөрдү алдын ала кабардар кылгандыгын жана азыр кырдаалга көз салып, бардыгына шайма-шай турганын баса белгилеген.
Июндун ортосунда Вашингтон менен Тегеран тынчтыкка келебиз деген меморандумга кол койгон. Бирок үч жума өткөндөн кийин кырдаал кыйындап, эки тарап атышууну кайра баштаган.
Кечээ NBC телеканалы АКШ Жакынкы Чыгыштагы аскерлери менен дипломаттарын акырындап алып чыгып кетип жатканын кабарлады. Ушундай эле көрүнүш февралда, Иран менен жаңжал жаңы башталганда да болгон. Ал эми Пентагон РИА Новости агенттигине бул боюнча комментарий берүүдөн баш тарткан.