https://sputnik.kg/20261023/bae-suyloshuulor-rossiya-ukraina-aksh-peskov-1104480218.html
Песков: Украина боюнча сүйлөшүүлөр ноябрда Абу-Дабиде үч тараптуу форматта өтөт
Песков: Украина боюнча сүйлөшүүлөр ноябрда Абу-Дабиде үч тараптуу форматта өтөт
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Ноябрдын биринчи жарымында Бириккен Араб Эмирликтеринде (БАЭ) өтө турган жолугушуу үч тараптуу форматта болот. Бул тууралуу Кремлдин... 23.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-23T16:47+0600
2026-10-23T16:47+0600
2026-10-23T16:47+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
россия
украина
акш
бириккен араб эмирлиги
дмитрий песков
сүйлөшүү
https://sputnik.kg/img/07e6/02/1c/1062459967_0:137:3309:1998_1920x0_80_0_0_c15158a9c2501bbce780a6d79ccea147.jpg
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Ноябрдын биринчи жарымында Бириккен Араб Эмирликтеринде (БАЭ) өтө турган жолугушуу үч тараптуу форматта болот. Бул тууралуу Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды. Ага "сүйлөшүүлөргө европалыктар катышышы мүмкүнбү?" деген суроо узатылган. Песков Москва менен Киевдин коопсуздук маселелерин талкууламайынча украин көйгөйүн толук жөнгө салуу мүмкүн эмес экенин белгиледи. Муну менен катар ал Европадагы коопсуздук маселесин европалыктардын катышуусуз талкуулоого болбой турганын, бирок сүйлөшүүлөрдү Москва, Вашингтон жана Киев баштай турганын айтты. Буга чейин Владимир Путин Россия украин жаңжалын чечүү боюнча байланыштарды кайра жандантууга даяр экенин билдирген. Анын максаты — тынчтык келишиминин акыркы вариантына кол коюлгандан кийин Россия менен Украинанын коопсуздугун камсыздоо маселесин талкуулоо. Песков кошумчалагандай, президент жолугушууга катыша турган россиялык делегациянын курамы боюнча азырынча чечим кабыл ала элек.
https://sputnik.kg/20261023/rossiya-3-taraptuu-suyloshuugo-dayar-1104462188.html
украина
акш
бириккен араб эмирлиги
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/02/1c/1062459967_381:0:3112:2048_1920x0_80_0_0_effa2079dd3468b7a70bb00349272dd7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, украина, акш, бириккен араб эмирлиги, дмитрий песков, сүйлөшүү
дүйнөдө, россия, украина, акш, бириккен араб эмирлиги, дмитрий песков, сүйлөшүү
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Ноябрдын биринчи жарымында Бириккен Араб Эмирликтеринде (БАЭ) өтө турган жолугушуу үч тараптуу форматта болот. Бул тууралуу Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков билдиргенин
РИА Новости жазды.
Ага "сүйлөшүүлөргө европалыктар катышышы мүмкүнбү?" деген суроо узатылган.
"Эч нерсени алдын ала жокко чыгарууга болбойт, бирок Абу-Дабидеги бул сүйлөшүүлөр үч тараптуу форматта өтөт", — деп жооп берди ал.
Песков Москва менен Киевдин коопсуздук маселелерин талкууламайынча украин көйгөйүн толук жөнгө салуу мүмкүн эмес экенин белгиледи. Муну менен катар ал Европадагы коопсуздук маселесин европалыктардын катышуусуз талкуулоого болбой турганын, бирок сүйлөшүүлөрдү Москва, Вашингтон жана Киев баштай турганын айтты.
Буга чейин Владимир Путин Россия украин жаңжалын чечүү боюнча байланыштарды кайра жандантууга даяр экенин билдирген. Анын максаты — тынчтык келишиминин акыркы вариантына кол коюлгандан кийин Россия менен Украинанын коопсуздугун камсыздоо маселесин талкуулоо.
Песков кошумчалагандай, президент жолугушууга катыша турган россиялык делегациянын курамы боюнча азырынча чечим кабыл ала элек.