00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
12:58
0 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
14:59
0 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
7 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Президент Манас шаарында жана Сузак районунда эл менен жолугушту

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСадыр Жапаров встретился с жителями и активом города Манас и Сузакского района Джалал-Абадской области
Садыр Жапаров встретился с жителями и активом города Манас и Сузакского района Джалал-Абадской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2026
Жазылуу
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда 2021–2026-жылдары мектептер, бала бакчалар, спорттук жана медициналык мекемелер курулуп, жол инфраструктурасы жаңыланды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Манас шаарынын жана Сузак районунун тургундары менен жолугушууда билдирди.
Маалыматка ылайык, Манас шаарында ушул мезгил аралыгында жаңы автобекет, спорт залы жана "Достук" паркындагы "Даңк" аллеясы ачылган. Быйыл тогуз айда 45 чакырым жол асфальтталып, 9,8 чакырым тротуар курулган жана 8 чакырым аралыкка көчө жарыктары орнотулган.
Шаарда № 5, № 16 жана № 21 мектептер, ошондой эле "Акылман" президенттик лицейи пайдаланууга берилген. Учурда 2 400 окуучуга ылайыкталган беш мектептин жана 250 орундуу эки бала бакчанын курулушу уланууда. Мындан тышкары, үч мектепте капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.
Ошондой эле Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борбору, Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасы, 5 200 орундуу көп функционалдуу спорт сарайы жана тарых музейи курулууда.
Шаардагы 5,4 гектар аянтты ээлеген "Жеңиш" паркы реконструкцияланып, "Манас парк" деген аталыш менен кайра ачылган. Долбоорго 525 миллион сом жеке инвестиция тартылган.
Турак жай курулушунда да иштер уланууда. "Асман-Резиденс-7" комплексиндеги 1 140 батир жана "Асман-Резиденс-8" комплексиндеги 600 батир пайдаланууга берилген. "Асман-Резиденс-1, 2, 3" комплекстеринде дагы 1 224 батир бүткөрүлгөн. Учурда жалпы 5 320 батирге ылайыкталган алты турак жай комплексинин курулушу жүрүп жатат.
Өнөр жай тармагында Т. Тайгараев аймактык башкармалыгында 220 миллион сом инвестициянын эсебинен металл конструкцияларын чыгаруучу завод курулган. Ошондой эле "Тойбос" компаниясынын 175 миллион сомдук жеке инвестициясы тартылган заводунун курулушу уланууда.
2027-жылга жана андан кийинки мезгилге Аюб-Тоо аймагында эс алуу зонасын жана этнокомплекс түзүү, "Манас сити" турак жай шаарчасын жана Шор-Булакта курорттук комплекс куруу пландалууда. Мындан тышкары, 30 заманбап автобус сатып алуу, муниципалдык күнөскана комплексин куруу жана көчөлөрдү жарыктандыруу системасын жаңылоо каралган.
Ал эми Сузак районунда 2021–2026-жылдары жалпы 60 социалдык жана инфраструктуралык объект пайдаланууга берилген. Алардын арасында 25 мектеп жана 12 бала бакча бар.
Өнөр жай тармагына 880 миллион сом инвестиция тартылып, 70 жумуш орду түзүлгөн гипсокартон чыгаруучу завод жана 225 миллион сомдук мунайды кайра иштетүүчү ишкана ишке киргизилген. Экинчи ишканада 30 жумуш орду түзүлгөн.
Булардан сырткары, райондо "Асман-Резиденс-4, 5, 6" ипотекалык турак жай комплекстери пайдаланууга берилген.
Аймактагы ири инфраструктуралык долбоорлордун катарында Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун жана "Жалал-Абад" эл аралык аэропортунун курулушу уланууда.
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2026
Жапаров: Манас шаары өлкөнүн экинчи экономикалык борбору болот
Жаңылыктар түрмөгү
0