https://sputnik.kg/20261022/mamlekettik-alymdar-arzandatyldy--1104442026.html
Кыймылсыз мүлк боюнча нотариалдык бүтүмдөрдүн мамлекеттик алымдары арзандатылды
Кыймылсыз мүлк боюнча нотариалдык бүтүмдөрдүн мамлекеттик алымдары арзандатылды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызстанда кыймылсыз мүлккө байланыштуу нотариалдык бүтүмдөр үчүн мамлекеттик алымдар төмөндөтүлдү. Бул тууралуу Юстиция... 22.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-22T11:28+0600
2026-10-22T11:28+0600
2026-10-22T11:28+0600
кыргызстан
юстиция министрлиги
кыймылсыз мүлк
нотариалдык палата
мамлекет
https://sputnik.kg/img/104258/63/1042586364_0:0:3071:1727_1920x0_80_0_0_a204229d244c91790f1936fccd2377cf.jpg
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызстанда кыймылсыз мүлккө байланыштуу нотариалдык бүтүмдөр үчүн мамлекеттик алымдар төмөндөтүлдү. Бул тууралуу Юстиция министрлиги билдирди. Ага ылайык, накталай эмес төлөм жүргүзүлгөн учурда жакын туугандар ортосундагы бүтүмдөр үчүн алым 1 000 сомдон 300 сомго, башка жеке жактар үчүн 2 000 сомдон 500 сомго, ал эми тараптардын бири юридикалык жак болгон учурда 5 000 сомдон 1 000 сомго чейин азайтылды. Накталай төлөмдөрдө жакын туугандар үчүн алым 10 000 сомдон 3 000 сомго, башка жеке жактар үчүн 20 000 сомдон 5 000 сомго, юридикалык жак катышкан бүтүмдөр үчүн 50 000 сомдон 10 000 сомго төмөндөдү. Министрлик бул өзгөртүүлөрдүн максаты мамлекеттик алымдардын өлчөмүн "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин тарифтерине шайкеш келтирүү экенин белгиледи.
https://sputnik.kg/20261019/kiymylsyz-mulktu-30-kundoo-kattoo-zaryl-1104384704.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104258/63/1042586364_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_8d9d9542cf49580cf64c05b04a00e7cb.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, юстиция министрлиги, кыймылсыз мүлк, нотариалдык палата, мамлекет
кыргызстан, юстиция министрлиги, кыймылсыз мүлк, нотариалдык палата, мамлекет
Кыймылсыз мүлк боюнча нотариалдык бүтүмдөрдүн мамлекеттик алымдары арзандатылды
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызстанда кыймылсыз мүлккө байланыштуу нотариалдык бүтүмдөр үчүн мамлекеттик алымдар төмөндөтүлдү. Бул тууралуу Юстиция министрлиги билдирди.
Ага ылайык, накталай эмес төлөм жүргүзүлгөн учурда жакын туугандар ортосундагы бүтүмдөр үчүн алым 1 000 сомдон 300 сомго, башка жеке жактар үчүн 2 000 сомдон 500 сомго, ал эми тараптардын бири юридикалык жак болгон учурда 5 000 сомдон 1 000 сомго чейин азайтылды.
Накталай төлөмдөрдө жакын туугандар үчүн алым 10 000 сомдон 3 000 сомго, башка жеке жактар үчүн 20 000 сомдон 5 000 сомго, юридикалык жак катышкан бүтүмдөр үчүн 50 000 сомдон 10 000 сомго төмөндөдү.
Министрлик бул өзгөртүүлөрдүн максаты мамлекеттик алымдардын өлчөмүн "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин тарифтерине шайкеш келтирүү экенин белгиледи.