00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
12:58
0 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
14:59
0 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

КРСУда “Россия жана Кыргызстан чоң Евразияда” аттуу эл аралык форум өтүп жатат

© Sputnik / Таалайбек ОроскуловВ КРСУ проходит форум "Россия и Кыргызстан в Большой Евразии"
В КРСУ проходит форум Россия и Кыргызстан в Большой Евразии - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2026
Жазылуу
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргыз-Россия Славян университетинде (КРСУ) “Россия жана Кыргызстан чоң Евразияда: өтмүш — бүгүн — келечек” аттуу эл аралык эксперттик-аналитикалык форум ачылды.
Кыргызстан, Россия, Өзбекстан жана Казакстандын окумуштуулары менен эксперттери Евразия өлкөлөрүнүн алдында турган негизги чакырыктарга биргелешип чечим табуу үчүн чогулушту. Талкуу суу ресурстарынын тартыштыгынан тартып, жасалма интеллектинин тарыхты кабылдоого тийгизген таасирине чейинки маселелерди камтыйт.
Иш-чарага алдыңкы аналитикалык борборлордун жана ЖОЖдордун, анын ичинде Жусуп Баласагын атындагы КУУ, ОшМУ, Ишеналы Арабаев атындагы КМУ, РАНдын Россия тарыхы институту, Жогорку экономика мектеби (НИУ ВШЭ), Михаил Ломоносов атындагы ММУ жана РУДНдин жаш адистери катышууда. Форумду КРСУ, КР Улуттук илимдер академиясынын Стратегиялык жана академиялык изилдөөлөр институту, “Аксон” маалыматтык-маданий борбору, Евразия тарыхчылар гильдиясы, “Новая эра” гуманитардык технологияларды өнүктүрүү борбору жана “Россиянын цивилизациялык келечеги” философиялык клубу уюштурган.
Иш-чаранын ачылышында КРСУнун ректору Сергей Волков евразиялык кызматташтыктын келечеги билим берүүнүн сапатына түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи.
“Форум биргелешкен изилдөөлөргө жана билим берүү долбоорлоруна жол ачып, студенттер менен жаш окумуштууларга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет деп ишенем. Коопсуздук, транспорттук байланыштар, суу-энергетикалык кызматташтык жана жалпы тарыхый мурасты сактоо боюнча кесипкөй диалог маанилүү чечимдерге жана сунуштарга алып келет деп ойлойм”, — деди Волков.
Россиянын КРдеги элчилигинин кеңешчи-чабарманы Екатерина Чистова эл аралык мамилелер өзгөрүп жаткан шартта Евразиянын келечегин талкуулоо өзгөчө актуалдуу экенине токтолуп, көп уюлдуу дүйнө тартиби, мамлекеттердин тең укуктуу кызматташтыгы жана аймактык коопсуздукту камсыз кылуу маанилүү экенин эске салды.
“Россия менен Кыргызстанды жалпы тарых, маданий жакындык жана биргелешип өнүгүү кызыкчылыгы бириктирип турат. Эки өлкөнүн өнөктөштүгүнүн келечеги Евразиядагы интеграцияны чыңдоо жана чөлкөмдүк уюмдардын алкагындагы алаканы өнүктүрүү менен тыгыз байланыштуу. Экономика, инфраструктура, билим берүү жана гуманитардык чөйрөдө кызматташууга өзгөчө көңүл бурулууда”, — деди Чистова.
Форумдагы негизги темалардын бири суу тартыштыгы маселеси болду. Талкуунун жүрүшүндө Борбор Азиядагы суу ресурстарынын азайышы тууралуу талдоо тасмасы көрсөтүлүп, анда калктын өсүшү менен катар аймактагы өлкөлөр туш болгон тобокелдиктер жана кризистин масштабы чагылдырылды. Бул факторлорду эске алганда, сууга жетүү экологиялык жана экономикалык гана эмес, чөлкөмдүк кызматташтыкты жана эксперттик коомчулуктун жигердүү аралашуусун талап кылган стратегиялык маселеге айланууда.
Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов Кыргызстандын “суу дипломатиясы” климаттык жана геосаясий өзгөрүүлөрдүн таасиринен улам түп-тамырынан өзгөрүү баскычына кадам таштаганын билдирди.
“Мөңгүлөрдүн эриши бизге аз эле убакыт калтырды: суу тартыштыгы толук каптай электе чөлкөмдүк бирдиктүү келишимдерди түзүп калуу керек. Эгер кечиксек, суу тартыштыгынан улам араздашуу күчөп, кийин мындай чыр-чатакты жөнгө салуу кыйла оор болуп калат”, — деди Жекшенкулов.
Тарыхый эс тутум темасы да кызуу талкууланды. Катышуучулар социалдык тармактарда, анын ичинде жасалма интеллект аркылуу Кыргызстан менен Россиянын жалпы өтмүшүн бурмалоо учурлары көбөйгөнүн белгилешти.
Ошондой эле форумдун алкагында орус-кыргыз кызматташтыгынын жана Евразия мейкиндигинин келечектеги сценарийлерине арналган форсайт-сессия өттү. Адистер кызматташтыктын негизги багыттары менен орток көйгөйлөрдү чечүү жолдорун талкуулап, бизнес, бийлик органдары жана эксперттер үчүн сунуштамаларды иштеп чыгышты.
Жыйындын соңунда катышуучулар Чоң Евразиянын алдында турган сыноолорго натыйжалуу чечимдерди табуу үчүн илимий байланыштарды, биргелешкен изилдөөлөрдү жана туруктуу эксперттик диалогду мындан ары да кеңейтүү зарыл деген бирдиктүү пикирге келишти.
ЖККУнун башкы катчысы Таалатбек Масадыков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.09.2026
Масадыков: ЖККУ менен ШКУ Евразиядагы коопсуздукту бекемдейт
Жаңылыктар түрмөгү
0