https://sputnik.kg/20261022/-attestatyn-aldy--1104439986.html
Акыйкатчы: КММА жаранга 2 жылдан бери бербей келген аттестатын кайтарды
Акыйкатчы: КММА жаранга 2 жылдан бери бербей келген аттестатын кайтарды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынан аттестатын ала албай жүргөн жаран Акыйкатчы институтунун... 22.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-22T10:12+0600
2026-10-22T10:12+0600
2026-10-22T10:18+0600
кыргызстан
акыйкатчы
омбудсмен
кмма
аттестат
диплом
документ
студент
https://sputnik.kg/img/104852/80/1048528022_0:502:2748:2048_1920x0_80_0_0_cb08771c1c527f596e0226bda0f2e899.jpg
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынан аттестатын ала албай жүргөн жаран Акыйкатчы институтунун кийлигишүүсүнөн кийин өздүк документин колуна алды. Бул тууралуу Акыйкатчы институту кабарлады. Маалым болгондой, окуу жай мамлекет адисти даярдоого сарптаган 70 353 сом көлөмүндөгү чыгымды төлөмөйүн жарандын орто билим тууралуу аттестатын бербей келген. Арыз ээси 2023-жылдан бери созулуп келген маселе ушул жылдын 7-октябрында оң жагына чечилгенин билдирип, акыйкатчыга ыраазычылык катын жолдогон. Акыйкатчы институту буга чейин да Ош мамлекеттик университетинен (ОшМУ) өздүк документтерин кайтарып ала албай жаткан эки бүтүрүүчү кайрылганын эске салды. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын кийлигишүүсүнөн кийин алар да тиешелүү документтерине ээ болушкан. Акыйкатчы өздүк документтерди, анын ичинде орто билим жөнүндө аттестатты жана жогорку кесиптик билим тууралуу дипломду "Күрөө жөнүндө" мыйзамдын 4-беренесине ылайык күрөө катары кармоого мыйзам тарабынан жол берилбей турганын эскертти.
https://sputnik.kg/20261006/zhamanbaeva-karyz-student-dokument-1104115210.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104852/80/1048528022_17:0:2748:2048_1920x0_80_0_0_3c2a9bba3ff867ce940ff054a8ad57f2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, акыйкатчы, омбудсмен, кмма, аттестат, диплом, документ, студент
кыргызстан, акыйкатчы, омбудсмен, кмма, аттестат, диплом, документ, студент
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынан аттестатын ала албай жүргөн жаран Акыйкатчы институтунун кийлигишүүсүнөн кийин өздүк документин колуна алды. Бул тууралуу Акыйкатчы институту кабарлады.
Маалым болгондой, окуу жай мамлекет адисти даярдоого сарптаган 70 353 сом көлөмүндөгү чыгымды төлөмөйүн жарандын орто билим тууралуу аттестатын бербей келген. Арыз ээси 2023-жылдан бери созулуп келген маселе ушул жылдын 7-октябрында оң жагына чечилгенин билдирип, акыйкатчыга ыраазычылык катын жолдогон.
Акыйкатчы институту буга чейин да Ош мамлекеттик университетинен (ОшМУ) өздүк документтерин кайтарып ала албай жаткан эки бүтүрүүчү кайрылганын эске салды. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын кийлигишүүсүнөн кийин алар да тиешелүү документтерине ээ болушкан.
Акыйкатчы өздүк документтерди, анын ичинде орто билим жөнүндө аттестатты жана жогорку кесиптик билим тууралуу дипломду "Күрөө жөнүндө" мыйзамдын 4-беренесине ылайык күрөө катары кармоого мыйзам тарабынан жол берилбей турганын эскертти.