https://sputnik.kg/20261021/sotsialdyk-tolomdor-koboyot--1104426654.html
Кыргызстанда 1-январдан тарта бир катар социалдык төлөмдөр көбөйөт. Тизме
Кыргызстанда 1-январдан тарта бир катар социалдык төлөмдөр көбөйөт. Тизме
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Кыргызстанда 1-январдан тарта бир катар социалдык төлөмдөр көбөйөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. 21.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-21T14:48+0600
2026-10-21T14:48+0600
2026-10-21T14:48+0600
кыргызстан
жарлык
социалдык төлөм
жөлөк пул
"баатыр эне"
https://sputnik.kg/img/07ea/03/0b/1100181189_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_4a4608edce9bbeb90f80a98388cd91af.jpg
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Кыргызстанда 1-январдан тарта бир катар социалдык төлөмдөр көбөйөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, жөлөк пулдар төмөнкүдөй өсөт: Ошондой эле улгайган жарандардын жөлөк пулу 50 пайызга көбөйүп, майыптыгы жана багуучусунан ажырагандыгы боюнча пенсиялар да жогорулатылат. Мындан тышкары, согуш ардагерлерине, чернобылчыларга, афганчыларга жана башка категориядагы жарандарга берилүүчү компенсациялар көбөйтүлөт. Аксы, Баткен жана Ош окуяларында жабыркагандарга жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө төлөнүүчү жөлөк пулдар орточо 20 пайызга жогорулайт.
https://sputnik.kg/20261014/balaga-suyunchu-zholok-pul-1104279519.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/03/0b/1100181189_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_f12fa4d132a0b13ae03bb82357350a09.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, жарлык, социалдык төлөм, жөлөк пул, "баатыр эне"
кыргызстан, жарлык, социалдык төлөм, жөлөк пул, "баатыр эне"
Кыргызстанда 1-январдан тарта бир катар социалдык төлөмдөр көбөйөт. Тизме
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Кыргызстанда 1-январдан тарта бир катар социалдык төлөмдөр көбөйөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Ага ылайык, жөлөк пулдар төмөнкүдөй өсөт:
майып балдарга жөлөк пул 8 миң сомдон 11 миң сомго;
жетим балдарга 6 миң сомдон 8 миң сомго;
багуучусунан ажыраган балдарга 3 миң сомдон 5 миң сомго;
баатыр энелерге жөлөк пул 3 миң сомдон 5 миң сомго;
баатыр энелердин пенсиясына кошумча төлөм 1 миң сомдон 5 миң сомго жогорулайт.
Ошондой эле улгайган жарандардын жөлөк пулу 50 пайызга көбөйүп, майыптыгы жана багуучусунан ажырагандыгы боюнча пенсиялар да жогорулатылат.
Мындан тышкары, согуш ардагерлерине, чернобылчыларга, афганчыларга жана башка категориядагы жарандарга берилүүчү компенсациялар көбөйтүлөт. Аксы, Баткен жана Ош окуяларында жабыркагандарга жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө төлөнүүчү жөлөк пулдар орточо 20 пайызга жогорулайт.