https://sputnik.kg/20261021/afrikada-sputnik-agenttiginin-kesesi-achyldy-1104432245.html
Африкада Sputnik агенттигинин эки кеңсеси ачылды
Африкада Sputnik агенттигинин эки кеңсеси ачылды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу Африканын Дар-эс-Салам жана Йоханнесбург шаарларында көп функциялуу редакциялык... 21.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-21T18:43+0600
2026-10-21T18:43+0600
2026-10-21T18:43+0600
дүйнөдө
россия
африка
танзания
sputnik
кеңсе
https://sputnik.kg/img/104760/21/1047602175_0:109:3251:1938_1920x0_80_0_0_44b4f21edea7b0ee816b46be900686f3.jpg
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу Африканын Дар-эс-Салам жана Йоханнесбург шаарларында көп функциялуу редакциялык борборду ишке киргизди. Танзаниянын ири шаарындагы ачылыш аземи Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун видеокайрылуусу менен башталды. Ал ошондой эле Танзаниянын жана ТАРдын бийлигине колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, бул журналисттердин натыйжалуу жана коопсуз ишмердүүлүгү үчүн абдан маанилүү шарт экенин белгиледи. "Бүгүнкүдөй Батыш өлкөлөрү цензура жана ар кандай чектөөлөр аркылуу башка пикирлерди таңуулап жаткан чакта мындай иштин мааниси өтө чоң", — деди министр. Лавров бул кеңселердин 28-29-октябрда Москвада өтө турган "Россия — Африка" саммитин утурлай ачылып жатканы чоң мааниге ээ экенин кошумчалады. Sputnik агенттигинин Африкадагы ишмердүүлүгүнүн кеңейгенин ТАРдын вице-президенти Пол Машатиле да кубаттады. "Йоханнесбургда Sputnik кеңсесинин ачылышы ТАР менен Африка үчүн чоң окуя. Бул эки өлкөнүн кызматташтыгын бекемдеп, ар түрдүү пикирлердин айтылышына жол ачат. Кеңсе сапаттуу журналистиканын жана өлкөлөр ортосундагы байланыштарды чыңдоонун аянтчасы болуп каларына ишенем", — деди ал. Өз кезегинде Sputnik кирген "Россия сегодня" медиатобунун башкы директору Дмитрий Киселев африкалык мамлекеттердин аймагында иш алып баруу мүмкүнчүлүгү ишенимдин жаркын далили экенин белгиледи. Sputnik маалымат хабдары — ондогон жергиликтүү журналисттер эмгектенген толук кандуу редакциялар. Йоханнесбургдагы (ТАР) жана Дар-эс-Саламдагы (Танзания) жаңы редакциялык борборлордо англис жана суахили тилдеринде контент даярдалат, анын ичинде жалпы аудиториясы 100 миллиондон ашкан угуучулары бар континент боюнча радиостанциялардын эфиринен көрсөтүлүүчү подкасттар да бар. Sputnik Africa өз ишин 2022-жылы баштаган. Бул убакыт ичинде ал Африкадагы панафрикалык багыттагы эң белгилүү чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарынын бири болуп калды. Иш беш тилде, анын ичинде суахили, амхар жана оромо тилдеринде жүргүзүлөт. Sputnik — 30дан ашык тилде уктуруу жүргүзгөн жана дүйнө жүзү боюнча 26 көп функциялуу борбору бар эң ири эл аралык маалымат агенттиктеринин жана радиостанциялардын бири.
https://sputnik.kg/20260913/rossotrudnichestvo-ekaterinburg-mfm-stend-tolishtoo-1103643560.html
африка
танзания
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104760/21/1047602175_249:0:2978:2047_1920x0_80_0_0_c3f76f2af643e8ea30193a2980c87d34.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, африка, танзания, sputnik, кеңсе
дүйнөдө, россия, африка, танзания, sputnik, кеңсе
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу Африканын Дар-эс-Салам жана Йоханнесбург шаарларында көп функциялуу редакциялык борборду ишке киргизди.
Танзаниянын ири шаарындагы ачылыш аземи Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун видеокайрылуусу менен башталды.
"Дар-эс-Салам жана Йоханнесбург шаарларында региондук өкүлчүлүктөрдүн ачылышы африкалык аудиториянын бурмалоолорсуз, объективдүү жана текшерилген маалыматка жетүүсүнө көмөктөшөт", — деди Лавров.
Ал ошондой эле Танзаниянын жана ТАРдын бийлигине колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, бул журналисттердин натыйжалуу жана коопсуз ишмердүүлүгү үчүн абдан маанилүү шарт экенин белгиледи.
"Бүгүнкүдөй Батыш өлкөлөрү цензура жана ар кандай чектөөлөр аркылуу башка пикирлерди таңуулап жаткан чакта мындай иштин мааниси өтө чоң", — деди министр.
Лавров бул кеңселердин 28-29-октябрда Москвада өтө турган "Россия — Африка" саммитин утурлай ачылып жатканы чоң мааниге ээ экенин кошумчалады.
Sputnik агенттигинин Африкадагы ишмердүүлүгүнүн кеңейгенин ТАРдын вице-президенти Пол Машатиле да кубаттады.
"Йоханнесбургда Sputnik кеңсесинин ачылышы ТАР менен Африка үчүн чоң окуя. Бул эки өлкөнүн кызматташтыгын бекемдеп, ар түрдүү пикирлердин айтылышына жол ачат. Кеңсе сапаттуу журналистиканын жана өлкөлөр ортосундагы байланыштарды чыңдоонун аянтчасы болуп каларына ишенем", — деди ал.
Өз кезегинде Sputnik кирген "Россия сегодня" медиатобунун башкы директору Дмитрий Киселев африкалык мамлекеттердин аймагында иш алып баруу мүмкүнчүлүгү ишенимдин жаркын далили экенин белгиледи.
"Бул — өлкөлөрдүн, элдердин, журналисттердин жана аудиториянын ортосундагы ишеним. Ал маалыматтык суверенитетти чыңдайт", — деди Киселев.
Sputnik маалымат хабдары — ондогон жергиликтүү журналисттер эмгектенген толук кандуу редакциялар.
Йоханнесбургдагы (ТАР) жана Дар-эс-Саламдагы (Танзания) жаңы редакциялык борборлордо англис жана суахили тилдеринде контент даярдалат, анын ичинде жалпы аудиториясы 100 миллиондон ашкан угуучулары бар континент боюнча радиостанциялардын эфиринен көрсөтүлүүчү подкасттар да бар.
Sputnik Africa өз ишин 2022-жылы баштаган. Бул убакыт ичинде ал Африкадагы панафрикалык багыттагы эң белгилүү чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарынын бири болуп калды. Иш беш тилде, анын ичинде суахили, амхар жана оромо тилдеринде жүргүзүлөт.
Sputnik — 30дан ашык тилде уктуруу жүргүзгөн жана дүйнө жүзү боюнча 26 көп функциялуу борбору бар эң ири эл аралык маалымат агенттиктеринин жана радиостанциялардын бири.