https://sputnik.kg/20261020/tramp-zelenskiyge-bashka-adam-karashtyruunu-sunushtady-1104392325.html
Трамп Зеленскийге тынчтык сүйлөшүүлөрү үчүн башка адам караштырууну сунуштады
Трамп Зеленскийге тынчтык сүйлөшүүлөрү үчүн башка адам караштырууну сунуштады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Владимир Зеленскийди Россия менен согушту бүтүрүүгө ниети жок деп күнөөлөп, ага сүйлөшүү жүргүзүүгө... 20.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-20T09:58+0600
2026-10-20T09:58+0600
2026-10-20T09:59+0600
дүйнөдө
россия
акш
кытай
дональд трамп
украина
владимир зеленский
шайлоо
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/0a/1090094724_0:24:3067:1749_1920x0_80_0_0_d07cf97eacec17e6585af75f91af6dee.jpg
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Владимир Зеленскийди Россия менен согушту бүтүрүүгө ниети жок деп күнөөлөп, ага сүйлөшүү жүргүзүүгө жөндөмдүү башка адам табууну сунуштады. Бул туурасында РИА Новости жазды. АКШ лидеринин айтымында, эгер Зеленский башында эле Трампты укканда тынчтык келишимин эбак эле Украинага ыңгайлуу шартта түзүп алмак. Ак үйдүн кожоюну Вашингтон Киевге чалгын маалыматтарын эч нерсе сурабай эле берип жатканын моюнга алды. Трамптын пикиринде, Россиянын Украинага мындай мамиле кылганынын жөнү бар, Кытайдын да көз карашы ушундай. Ал Москва менен Киевдин ортосундагы чатакты Кытай лидери Си Цзиньпин менен талкуулоого, ошондой эле РФ президенти Владимир Путинди да катыштырып, үч тараптуу жолугушуу өткөрүүгө ниети бар экенин билдирди. Бирок мындай сүйлөшүүнүн ишке ашар-ашпасы өзөктүк куралдарды кыскартуу боюнча процесттерге байланыштуу болорун кошумчалады. Кремлден үч лидер АТЭСтин ноябрда өтчү Кытайдын Шэньчжэнь шаарындагы саммитинде жолугушу ыктымалдыгын айтышкан. Бирок РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков мындай маанайдагы талкуу болору айтылганы менен ал боюнча конкреттүү сөз боло электигин эске салган. Буга чейин АКШ лидери Трамп Путин менен сүйлөшүп, дизель отунун алууну макулдашканын билдирген болчу. Ошол кезде ал Зеленский Россиянын мунай иштетүүчү заводдоруна сокку урууну токтотуу боюнча өтүнүчтөрдү кулак сыртынан кетирип, бүт дүйнөгө көйгөй жаратып жатат деп айыптаган. Ак үйдүн башчысы белгилегендей, Украинанын эли тил табышууга, келишимге келүүгө жөндөмдүүрөөк лидерди тандап алышы үчүн өлкөдө шайлоо өткөрүү керек болчу.
https://sputnik.kg/20261013/aksh-chalgyn-maalymaty-ukraina-ballistika-raketa-1104258341.html
акш
кытай
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/0a/1090094724_336:0:3067:2048_1920x0_80_0_0_3675a163b6bb3777dc020fe2497d7a32.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, акш, кытай, дональд трамп, украина, владимир зеленский, шайлоо
дүйнөдө, россия, акш, кытай, дональд трамп, украина, владимир зеленский, шайлоо
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Владимир Зеленскийди Россия менен согушту бүтүрүүгө ниети жок деп күнөөлөп, ага сүйлөшүү жүргүзүүгө жөндөмдүү башка адам табууну сунуштады. Бул туурасында
РИА Новости жазды.
"Кыязы, Зеленскийге сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө башка киши табууга мезгил келди окшойт", — деген ал журналисттерге.
АКШ лидеринин айтымында, эгер Зеленский башында эле Трампты укканда тынчтык келишимин эбак эле Украинага ыңгайлуу шартта түзүп алмак. Ак үйдүн кожоюну Вашингтон Киевге чалгын маалыматтарын эч нерсе сурабай эле берип жатканын моюнга алды.
Трамптын пикиринде, Россиянын Украинага мындай мамиле кылганынын жөнү бар, Кытайдын да көз карашы ушундай. Ал Москва менен Киевдин ортосундагы чатакты Кытай лидери Си Цзиньпин менен талкуулоого, ошондой эле РФ президенти Владимир Путинди да катыштырып, үч тараптуу жолугушуу өткөрүүгө ниети бар экенин билдирди. Бирок мындай сүйлөшүүнүн ишке ашар-ашпасы өзөктүк куралдарды кыскартуу боюнча процесттерге байланыштуу болорун кошумчалады.
Кремлден үч лидер АТЭСтин ноябрда өтчү Кытайдын Шэньчжэнь шаарындагы саммитинде жолугушу ыктымалдыгын айтышкан. Бирок РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков мындай маанайдагы талкуу болору айтылганы менен ал боюнча конкреттүү сөз боло электигин эске салган.
Буга чейин АКШ лидери Трамп Путин менен сүйлөшүп, дизель отунун алууну макулдашканын билдирген болчу. Ошол кезде ал Зеленский Россиянын мунай иштетүүчү заводдоруна сокку урууну токтотуу боюнча өтүнүчтөрдү кулак сыртынан кетирип, бүт дүйнөгө көйгөй жаратып жатат деп айыптаган. Ак үйдүн башчысы белгилегендей, Украинанын эли тил табышууга, келишимге келүүгө жөндөмдүүрөөк лидерди тандап алышы үчүн өлкөдө шайлоо өткөрүү керек болчу.