https://sputnik.kg/20261020/oshto-agro-onor-zhay-kompleksi-kurulat-1104393576.html
Ошто 70 гектар жерге агроөнөр жай комплекси курулат
Ошто 70 гектар жерге агроөнөр жай комплекси курулат
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Ош шаарында 69,76 гектар аянтка агроөнөр жай комплекси курулат. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлашты. 20.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-20T10:31+0600
2026-10-20T10:31+0600
2026-10-20T11:02+0600
кыргызстан
ош
өнөр жай
инвестициялар
ишкер
курулуш
https://sputnik.kg/img/101870/75/1018707571_0:177:3013:1872_1920x0_80_0_0_1f73f9c37071fd0db71ab7f842e0a060.jpg
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Ош шаарында 69,76 гектар аянтка агроөнөр жай комплекси курулат. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлашты. Маалымдалгандай, комплекс бир нече бөлүккө бөлүнүп, ишкерлерге жана фермердик чарбаларга ижарага берилет. Ал жерде мал багууга же кайра иштетүүчү ишкана ачууга болот. Кийинчерээк сугат системасын өнүктүрүү аркылуу дагы 400 гектар кайрак жерди өздөштүрүү пландалууда. Аймакта суу жок болгондуктан, учурда көлөмү 20 миң куб метр болгон резервуары бар насостук станция курулуп жатат.Долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн 1 миллиард сомдон ашык инвестиция тартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы айтылды. Ал аткарылса миңге чукул жумуш орду түзүлөт.
https://sputnik.kg/20261019/agrologistika-dolbooru-dayardaluuda-1104383603.html
ош
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/101870/75/1018707571_142:0:2873:2048_1920x0_80_0_0_663136d6925db47ee2dde43a1f188631.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, ош, өнөр жай, инвестициялар, ишкер, курулуш
кыргызстан, ош, өнөр жай, инвестициялар, ишкер, курулуш
Ошто 70 гектар жерге агроөнөр жай комплекси курулат
10:31 20.10.2026 (Жаңыртылды: 11:02 20.10.2026) БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Ош шаарында 69,76 гектар аянтка агроөнөр жай комплекси курулат. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлашты.
Маалымдалгандай, комплекс бир нече бөлүккө бөлүнүп, ишкерлерге жана фермердик чарбаларга ижарага берилет. Ал жерде мал багууга же кайра иштетүүчү ишкана ачууга болот.
Кийинчерээк сугат системасын өнүктүрүү аркылуу дагы 400 гектар кайрак жерди өздөштүрүү пландалууда. Аймакта суу жок болгондуктан, учурда көлөмү 20 миң куб метр болгон резервуары бар насостук станция курулуп жатат.
"Эң негизгиси — буга чейин дээрлик пайдаланылбай келген жерлер ири өндүрүш борборлоруна айланып, шаардын экономикасын өнүктүрүүгө салым кошот", — деп билдиришти мэриядан.
Долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн 1 миллиард сомдон ашык инвестиция тартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы айтылды. Ал аткарылса миңге чукул жумуш орду түзүлөт.