https://sputnik.kg/20261019/kyrgyzstan-rossiya-ukuktuk-zhardam-borbor--1104375374.html
КМШда алгачкы жолу: Кыргызстан менен Россия укуктук жардам борборун түзөт
КМШда алгачкы жолу: Кыргызстан менен Россия укуктук жардам борборун түзөт
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Москва шаарында Россиянын Адам укуктары боюнча өкүлү Яна Лантратова менен жолугушуп, эки өлкө... 19.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-19T11:54+0600
2026-10-19T11:54+0600
2026-10-19T11:54+0600
кыргызстан
россия
жамиля жаманбаева
укук
демилге
https://sputnik.kg/img/07e9/09/0a/1096427103_0:154:3093:1894_1920x0_80_0_0_a74d0e890afc614ea5ef59f867c6563b.jpg
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Москва шаарында Россиянын Адам укуктары боюнча өкүлү Яна Лантратова менен жолугушуп, эки өлкө жарандарынын укуктарын коргоо боюнча маанилүү макулдашууга жетишти. Бул тууралуу Акыйкатчы аппаратынан билдиришти. Жолугушуунун негизги темасы КМШ мейкиндигинде алгачкылардан болуп эсептелген биргелешкен укуктук жардам борборун түзүү демилгеси болду. Бул аянтча эки мамлекеттин жарандарынын укуктарын коргоо маселелерин ыкчам чечүүгө багытталган. Борбордун ишин натыйжалуу жүргүзүү үчүн тараптар эки өлкөнүн тиешелүү органдарынын катышуусунда биргелешкен жумушчу топ түзүү маселесин карашты. Ошондой эле эки өлкөдө коомдук кеңешчилерди жана жардамчыларды дайындоо боюнча талкуу болду. Жамиля Жаманбаева менен россиялык кесиптеши бул демилгелер жарандар үчүн квалификациялуу юридикалык жардамдын жеткиликтүүлүгүн кыйла жогорулатарын белгилеп, кызматташтыкты бекемдөөгө даяр экенин ырасташты. Белгилей кетсек, буга чейин Россиянын өкүлү сентябрь айынын соңунда Кыргызстанга келип, министрлер кабинетинин жетекчилиги менен да жолугушууларды өткөргөн эле.
https://sputnik.kg/20261005/kyrgyzstan-rossiya-ukuk-borbor-1104097121.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/09/0a/1096427103_182:0:2913:2048_1920x0_80_0_0_a5ecddc014a242187614e052ed40e35a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, россия, жамиля жаманбаева, укук, демилге
кыргызстан, россия, жамиля жаманбаева, укук, демилге
КМШда алгачкы жолу: Кыргызстан менен Россия укуктук жардам борборун түзөт
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Москва шаарында Россиянын Адам укуктары боюнча өкүлү Яна Лантратова менен жолугушуп, эки өлкө жарандарынын укуктарын коргоо боюнча маанилүү макулдашууга жетишти. Бул тууралуу Акыйкатчы аппаратынан билдиришти.
Жолугушуунун негизги темасы КМШ мейкиндигинде алгачкылардан болуп эсептелген биргелешкен укуктук жардам борборун түзүү демилгеси болду. Бул аянтча эки мамлекеттин жарандарынын укуктарын коргоо маселелерин ыкчам чечүүгө багытталган.
Борбордун ишин натыйжалуу жүргүзүү үчүн тараптар эки өлкөнүн тиешелүү органдарынын катышуусунда биргелешкен жумушчу топ түзүү маселесин карашты. Ошондой эле эки өлкөдө коомдук кеңешчилерди жана жардамчыларды дайындоо боюнча талкуу болду.
Жамиля Жаманбаева менен россиялык кесиптеши бул демилгелер жарандар үчүн квалификациялуу юридикалык жардамдын жеткиликтүүлүгүн кыйла жогорулатарын белгилеп, кызматташтыкты бекемдөөгө даяр экенин ырасташты.
Белгилей кетсек, буга чейин Россиянын өкүлү сентябрь айынын соңунда Кыргызстанга келип, министрлер кабинетинин жетекчилиги менен да
жолугушууларды өткөргөн эле.