https://sputnik.kg/20261012/japarov-jaryktyn-ochushu-tartyshtyk-2-jarym-jyl-1104251942.html
Садыр Жапаров: электр энергиясындагы маселени чечүүгө дагы 2,5 жыл керек
Садыр Жапаров: электр энергиясындагы маселени чечүүгө дагы 2,5 жыл керек
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Кыргызстанда учурда электр энергиясынын тартыштыгы 3–4 миллиард кВт/саатты түзөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Кадамжай... 12.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-12T22:25+0600
2026-10-12T22:25+0600
2026-10-12T23:25+0600
кыргызстан
садыр жапаров
электр энергиясы
https://sputnik.kg/img/103484/41/1034844168_0:161:3067:1886_1920x0_80_0_0_0e4585c9820bc1e645b1419998bf3d54.jpg
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Кыргызстанда учурда электр энергиясынын тартыштыгы 3–4 миллиард кВт/саатты түзөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Кадамжай районунун тургундары менен жолугушууда билдирди.Мамлекет башчынын айтымында, эгер соңку жылдары күн электр станциялары жана чакан ГЭСтер курулбаганда, жетишсиздик 8–9 миллиард кВт/саатка жетмек. Ошондой эле ал өлкөдө өнөр жай өсүп, социалдык объектилер арбын курулгандыктан керектөө кескин жогорулаганын белгиледи."Эң көп электр керектелген маалда импорттоочу өлкөлөрдүн өзүндө — Түркмөнстанда, Өзбекстанда жана Казакстанда да электр энергиясы жетишпейт. Алар өздөрүнө да электр энергиясын жеткире албай жаткандыктан, бизге бере алышпайт. Айла жоктугунан электр жарыгын 1–2 саатка өчүрүүгө аргасыз болуудабыз. Маселени чечүүгө дагы 2,5 жылдай убакыт керек. Чыдай турушубуз керек", — деди Жапаров.Президент Камбар-Ата ГЭСинин курулушу толук аяктагандан кийин Кыргызстан электр жарыгынын тартыштыгынан кутулуп, аны сыртка экспорттоого мүмкүнчүлүк аларын кошумчалады.
https://sputnik.kg/20261012/osh-jany-asker-kompleksi-achylysh-japarov-1104246981.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103484/41/1034844168_169:0:2900:2048_1920x0_80_0_0_ee14ab984caec7b9468e0b9574f085f3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, садыр жапаров, электр энергиясы
кыргызстан, садыр жапаров, электр энергиясы
Садыр Жапаров: электр энергиясындагы маселени чечүүгө дагы 2,5 жыл керек
22:25 12.10.2026 (Жаңыртылды: 23:25 12.10.2026) БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Кыргызстанда учурда электр энергиясынын тартыштыгы 3–4 миллиард кВт/саатты түзөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Кадамжай районунун тургундары менен жолугушууда билдирди.
Мамлекет башчынын айтымында, эгер соңку жылдары күн электр станциялары жана чакан ГЭСтер курулбаганда, жетишсиздик 8–9 миллиард кВт/саатка жетмек. Ошондой эле ал өлкөдө өнөр жай өсүп, социалдык объектилер арбын курулгандыктан керектөө кескин жогорулаганын белгиледи.
"Эң көп электр керектелген маалда импорттоочу өлкөлөрдүн өзүндө — Түркмөнстанда, Өзбекстанда жана Казакстанда да электр энергиясы жетишпейт. Алар өздөрүнө да электр энергиясын жеткире албай жаткандыктан, бизге бере алышпайт. Айла жоктугунан электр жарыгын 1–2 саатка өчүрүүгө аргасыз болуудабыз. Маселени чечүүгө дагы 2,5 жылдай убакыт керек. Чыдай турушубуз керек", — деди Жапаров.
Президент Камбар-Ата ГЭСинин курулушу толук аяктагандан кийин Кыргызстан электр жарыгынын тартыштыгынан кутулуп, аны сыртка экспорттоого мүмкүнчүлүк аларын кошумчалады.