https://sputnik.kg/20261009/kara-baltada-aba-bulganyp-zavod-anyktaldy-1104185889.html
Кара-Балтада аба катуу булганып, себепкери аныкталды
Кара-Балтада аба катуу булганып, себепкери аныкталды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Кара-Балта шаарында абанын булгануу деңгээли уруксат берилген нормадан 4 эсе ашып кетти. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология... 09.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-09T12:40+0600
2026-10-09T12:40+0600
2026-10-09T12:55+0600
кыргызстан
кара-балта
аба
булгануу
завод
экология
https://sputnik.kg/img/07e6/02/0f/1062069122_31:0:2804:1560_1920x0_80_0_0_7162dda52f3fdca98070b27a3f415f66.jpg
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Кара-Балта шаарында абанын булгануу деңгээли уруксат берилген нормадан 4 эсе ашып кетти. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жүргүзгөн изилдөөдөн кийин белгилүү болду.Шаар тургундары акыркы убакта түтүнгө жана кескин жагымсыз жытка массалык түрдө даттанып, күнү-түнү үйлөрүнүн терезелерин жаап отурууга аргасыз болуп жатышканын билдиришкен.Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй аймактык башкармалыгынын инспектору Уларбек Кудайбергенов шаардагы абаны булгаган негизги булак катары "Азия Сталь" заводу аныкталганын айтты. Анын маалыматына караганда, ишканадагы металл эритүүчү индукциялык мештен зыяндуу заттар чыгууда.Кудайбергенов апрель айындагы текшерүүдө завод мыйзам бузууларды жоюу боюнча берилген эскертүүлөрдү аткарбаганын, бирок ошого карабай ишин улантып жатканын кошумчалады.Ал эми Экологиялык мониторинг департаментинин башкы адиси Рамис Мелисбек уулу Кара-Балтада абанын сапаты кварталына бир жолу текшерилерин, быйыл түнкү убакта өлчөөлөр жүргүзүлө электигин билдирди. Шаардыктар болсо зыяндуу заттар негизинен түнкүсүн бөлүнүп чыгарын айтышууда. Мындай түнкү текшерүүлөр 2024-жылы гана элдин даттануусунун негизинде жүргүзүлгөн.Адис мындан ары көзөмөлдү күчөтүү максатында көчмө лаборатория сатып алуу жана абанын сапатын автоматтык түрдө аныктап туруучу станцияларды орнотуу мерчемделгенин белгиледи.
https://sputnik.kg/20261007/bekeshev-bak-kyygandardy-kcht-tigg-mildettendirn-sunushtady-1104134330.html
кара-балта
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/02/0f/1062069122_378:0:2458:1560_1920x0_80_0_0_cda5d7f5806186414bd519f701a9f4ac.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, кара-балта, аба, булгануу, завод, экология
кыргызстан, кара-балта, аба, булгануу, завод, экология
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Кара-Балта шаарында абанын булгануу деңгээли уруксат берилген нормадан 4 эсе ашып кетти. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жүргүзгөн изилдөөдөн кийин белгилүү болду.
Шаар тургундары акыркы убакта түтүнгө жана кескин жагымсыз жытка массалык түрдө даттанып, күнү-түнү үйлөрүнүн терезелерин жаап отурууга аргасыз болуп жатышканын билдиришкен.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй аймактык башкармалыгынын инспектору Уларбек Кудайбергенов шаардагы абаны булгаган негизги булак катары "Азия Сталь" заводу аныкталганын айтты. Анын маалыматына караганда, ишканадагы металл эритүүчү индукциялык мештен зыяндуу заттар чыгууда.
"Биз бул мешке мөөр басып, анын ишин токтотуу талабы менен сот органдарына кайрылдык. Эгер мөөрдү өз алдынча алып салышса, айып салынат. Кайрадан алып салышса, милицияга кайрылабыз, кылмыш иши козголушу ыктымал. Атмосфералык абадан үлгүлөр үч айда бир жолу алынып турат. Бирок зыяндуу заттардын концентрациясы чектелген деңгээлден канчалык ашканын азырынча айта албайм", — деди инспектор.
Кудайбергенов апрель айындагы текшерүүдө завод мыйзам бузууларды жоюу боюнча берилген эскертүүлөрдү аткарбаганын, бирок ошого карабай ишин улантып жатканын кошумчалады.
Ал эми Экологиялык мониторинг департаментинин башкы адиси Рамис Мелисбек уулу Кара-Балтада абанын сапаты кварталына бир жолу текшерилерин, быйыл түнкү убакта өлчөөлөр жүргүзүлө электигин билдирди. Шаардыктар болсо зыяндуу заттар негизинен түнкүсүн бөлүнүп чыгарын айтышууда. Мындай түнкү текшерүүлөр 2024-жылы гана элдин даттануусунун негизинде жүргүзүлгөн.
Адис мындан ары көзөмөлдү күчөтүү максатында көчмө лаборатория сатып алуу жана абанын сапатын автоматтык түрдө аныктап туруучу станцияларды орнотуу мерчемделгенин белгиледи.