https://sputnik.kg/20261009/japarov-kmsh-sammit-sooda-ekonomika-logistika-suyloshuu-1104190164.html
Жапаров КМШда соода жана логистиканы чыңдоону сунуштады
Жапаров КМШда соода жана логистиканы чыңдоону сунуштады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Түркмөнстанда өткөн саммитте Садыр Жапаров КМШ алкагындагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү зарылдыгын... 09.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-09T14:46+0600
2026-10-09T14:46+0600
2026-10-09T14:46+0600
түркмөнстан
кыргызстан
кмш
соода
кызматташуу
мамиле
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/09/1104190277_0:0:1281:721_1920x0_80_0_0_df2e735a5d2130954acf324c5445a7c3.jpg
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Түркмөнстанда өткөн саммитте Садыр Жапаров КМШ алкагындагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү зарылдыгын айтты. Мамлекет башчы өзгөчө энергетика, агросектор, логистика жана санариптик өнүгүү багыттарына токтолду.Тар чөйрөдөгү жолугушууда Жапаров Кыргызстан Шериктештик алкагындагы кызматташтыкты тереңдетүүгө, өз ара пайдалуу байланыштарды жана ынак коңшулук мамилелерди бекемдөөгө ынтызарлыгын ырастады.Мындан тышкары, президент туризм жана тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, КМШ лидерлерин 2027-жылдын октябрында Кыргызстанда өтө турган "Бишкек+25" Экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.Ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштардын алкагында президент 2028-жылы кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына карата Шериктештик деңгээлинде биргелешкен иш-чараларды уюштуруу демилгесин көтөрдү.Сөзүнүн соңунда Жапаров Кыргызстан Шериктештикти чыңдоого мындан ары да жигердүү салым кошо берерин баса белгиледи.Саммиттин кеңейтилген курамдагы отурумуна Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Армениянын премьер-министри Николь Пашинян, Беларустун мамлекет башчысы Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Россиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёев жана ардактуу конок катары Ирандын президенти Масуд Пезешкиан катышты.
https://sputnik.kg/20261009/putin-rossiya-kmsh-sooda-jugurtuu-oshtu-1104189382.html
түркмөнстан
кмш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/09/1104190277_0:0:1093:820_1920x0_80_0_0_f1ae100dbfc9194213831c16f01ef515.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
түркмөнстан, кыргызстан, кмш, соода, кызматташуу, мамиле
түркмөнстан, кыргызстан, кмш, соода, кызматташуу, мамиле
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Түркмөнстанда өткөн саммитте Садыр Жапаров КМШ алкагындагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү зарылдыгын айтты. Мамлекет башчы өзгөчө энергетика, агросектор, логистика жана санариптик өнүгүү багыттарына токтолду.
Тар чөйрөдөгү жолугушууда Жапаров Кыргызстан Шериктештик алкагындагы кызматташтыкты тереңдетүүгө, өз ара пайдалуу байланыштарды жана ынак коңшулук мамилелерди бекемдөөгө ынтызарлыгын ырастады.
Мындан тышкары, президент туризм жана тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, КМШ лидерлерин 2027-жылдын октябрында Кыргызстанда өтө турган "Бишкек+25" Экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.
Ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштардын алкагында президент 2028-жылы кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына карата Шериктештик деңгээлинде биргелешкен иш-чараларды уюштуруу демилгесин көтөрдү.
Сөзүнүн соңунда Жапаров Кыргызстан Шериктештикти чыңдоого мындан ары да жигердүү салым кошо берерин баса белгиледи.
Саммиттин кеңейтилген курамдагы отурумуна Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Армениянын премьер-министри Николь Пашинян, Беларустун мамлекет башчысы Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Россиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёев жана ардактуу конок катары Ирандын президенти Масуд Пезешкиан катышты.