https://sputnik.kg/20261008/el-umutun-26-student-alat-1104164622.html
Президенттин "Эл үмүтү" стипендиясына 26 кыргызстандык ээ болду
Президенттин "Эл үмүтү" стипендиясына 26 кыргызстандык ээ болду
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Быйыл чет жерде окуган 26 кыргызстандыкка президенттин "Эл үмүтү" стипендиясы берилди. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана... 08.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-08T12:21+0600
2026-10-08T12:21+0600
2026-10-08T12:21+0600
кыргызстан
"эл үмүтү" программа
стипендия
магистратура
университет
студент
https://sputnik.kg/img/07e8/03/08/1083267502_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_77b2122c13dd7f658121076977e7b03b.jpg
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Быйыл чет жерде окуган 26 кыргызстандыкка президенттин "Эл үмүтү" стипендиясы берилди. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, алардын 14ү быйыл окуусун баштаса, 12си экинчи жана үчүнчү окуу жылдарында билим алуусун улантат. Мамлекеттик колдоого илингендер дүйнөнүн алдыңкы университеттеринде илим, технология, билим берүү, экономика, мамлекеттик башкаруу, саламаттык сактоо жана башка багыттар боюнча билим алышат. Алардын арасында Гарвард, Оксфорд, Кембридж, Стэнфорд, Колумбия, Чикаго, Эдинбург жана Калифорния университеттеринде окуй турган кыргызстандыктар бар. Стипендия магистратура жана PhD докторантурасы үчүн дүйнөнүн алдыңкы 100 окуу жайына кирген университетке өткөндөргө берилип, президенттин фондунан каржыланат. Стипендиаттарды атайын комиссия тандайт. Программанын максаты — чет өлкөнүн алдыңкы университеттеринде билим алган адистерди даярдап, алардын өлкөнүн илимине, экономикасына, саламаттык сактоосуна жана башка тармактарына салым кошуусуна шарт түзүү.
https://sputnik.kg/20260921/studentter-uchun-zhany-programma-sunushtaldy--1103813602.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/03/08/1083267502_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_29057bfdc469b3a0837fe3cbe38309b9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, "эл үмүтү" программа, стипендия, магистратура, университет, студент
кыргызстан, "эл үмүтү" программа, стипендия, магистратура, университет, студент
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Быйыл чет жерде окуган 26 кыргызстандыкка президенттин "Эл үмүтү" стипендиясы берилди. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, алардын 14ү быйыл окуусун баштаса, 12си экинчи жана үчүнчү окуу жылдарында билим алуусун улантат.
Мамлекеттик колдоого илингендер дүйнөнүн алдыңкы университеттеринде илим, технология, билим берүү, экономика, мамлекеттик башкаруу, саламаттык сактоо жана башка багыттар боюнча билим алышат. Алардын арасында Гарвард, Оксфорд, Кембридж, Стэнфорд, Колумбия, Чикаго, Эдинбург жана Калифорния университеттеринде окуй турган кыргызстандыктар бар.
Стипендия магистратура жана PhD докторантурасы үчүн дүйнөнүн алдыңкы 100 окуу жайына кирген университетке өткөндөргө берилип, президенттин фондунан каржыланат.
Стипендиаттарды атайын комиссия тандайт. Программанын максаты — чет өлкөнүн алдыңкы университеттеринде билим алган адистерди даярдап, алардын өлкөнүн илимине, экономикасына, саламаттык сактоосуна жана башка тармактарына салым кошуусуна шарт түзүү.